Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Биртоп бейөкмөт уюмдар өлкөдө адам укугунун сакталышы мурдагы бийлик кезиндегиден да начарлап кеткенин белгилешүүдө. Айрым талдоочулардын баамында, Кыргызстан адам укугунун сакталышы боюнча коңшу өлкөлөрдөн да артта калды.

Укук коргоочулардын ырасташынча, өкмөт адам укугу боюнча жалпы декларациянын кабыл алынышынын 60 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар менен алек. Бийлик көпчүлүк жыйындарын өткөрбөй, шайлоо жыйынтыктарын көз-көрүнөө бурмалап, сын айткандарды куугунтукка алууда.

Укук коргоочулар Аскар Акаев тушундагыга салыштырмалуу адам укугунун сакталышы кыйла начарлап кеткенин эскертишип, президент Курманбек Бакиев жакын арада төрт маселени оң чечип беришин талап кылышууда. Алардын биринчиси - тынч жүрүш, жыйындар тууралуу мыйзамды эларалык стандарттарга, ошондой эле Конституция нормаларына ылайыктоо. Экинчиси - бийликке сын айткандарга, алардын жакындарына карата кылмыш иштерин козгоону, саясий куугунтуктоолорду токтотуу. Үчүнчүсү - шайлоо мыйзамдарын жаңылоо, системаны реформалоо. Анан төртүнчүсү - мамлекеттик телеканал аркылуу ар жума сайын адам укугунун сакталышы тууралуу түз берүүлөрдү камсыз кылуу.

Кайрылуу авторлорунун бири “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын ырасташынча, Кыргызстан адам укугунун сакталышы боюнча коңшу өлкөлөрдөн да артта калды.

- Ушул эле азыркы бийлик 2005-жылы январь-февраль айларында миңдеген адамдарды алып чыгып пикет, жыйындарды өткөрүп, К.Бакиев өзү баштап, Р.Отунбаева, А.Бекназаровдор миңдеген адамдарды ээрчитип жүрүшкөн. Тоскоолдук кылышкан эмес. Азыр жалгыз Максим Кулешов чыга албай жатпайбы. Бул жаатта биз Өзбекстандан да артта калдык. Ал жерде бүгүнкү күндө 10-15 адам чыгып жатышат. Кууп жатат, бирок качып келип өткөзүп жатышат. А бизде болсо бир адам дагы өткөргөнгө мүмкүн болбой калды. Чет мамлекеттерге башпаанек сурап кеткендердин саны арбып кетти,- дейт Азиза Абдырасулова.

Укук коргоочулардын эсебинде ушу тапта чет жерде башпаанек алып жүргөндөрдүн саны тогузга жетти. Бул кийинки эки жыл ичинде топтолгон сан. Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбек Акун укук коргоочулардын кээ бир жүйөөлөрү менен макул экендигин белгилеп, бирок да адам укугунун сакталышы жагынан азыркы бийлик А.Акаев тушундагыдан да артка кетти деген бүтүмгө макул эместигин ырастады.

- Мурда, мисалы, А.Акаевдин заманында журналисттер камалып, сабалып жүрсө азыр андай, менимче, жокко эсе. Жетишпегендигибиз, албетте, кээ бир журналисттерди бирөөлөр уруп коюп, антип-минтип башка жакка качып кетендери да болду. Андай жактар да жок эмес.

Турсунбек Акун Исхак Масалиев тарабынан иштелип чыккан тынч жыйын, жөө жүрүштөр тууралуу мыйзам Конституцияга кайчы келерин маалымдады. Конституция боюнча тынч жыйын, жөө жүрүш, пикет өткөрүш үчүн жергиликтүү бийликти алдын-ала кабардар кылып коюу гана жетиштүү болсо, жаңы мыйзамда уруксат алуу жөрөлгөсү киргизилип калган. Турсунбек Акун мамлекет тарабынан адам укугунун сакталышы боюнча көп иштер жасалып жатат, деп эсептейт.

“Репортер Бишкек” гезитинин редактору Султан Каназаровдун пикиринде, бийликтин эркин сөзгө кысымы күчөгөндөн-күчөп баратат.

- Кысым болуп жатканы анык эле. Аны биз көрүп эле жатпайбызбы. “Де Фактонун” тагдырын көрдүк, “Алибинин” тагдырын көрдүк. Гезиттин атын өзгөртүп чыгарганга мажбур болуп жатышат. Менин жеке пикиримде, сөз эркиндиги, адам укугун коргоо боюнча жагдай бир кыйла начарлап кетти.

Укук коргоочулар адам укугу боюнча жалпы декларациянын кабыл алынышынын 60 жылдыгы шаңдуу иш-чараларга басылып калбастан, бул жаатта топтолуп калган проблемаларды чечүүгө арналышы керек деп эсептешет. Алардын үнү 2005-жылкы элдик толкундоолордун шары менен бийликке келгендерге жетеби? Бул маселе азырынча ачык калууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG