Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик Департаментинин 2008-жылга арналган отчетунда Кыргызстанда адам укугу бузулушунун толгон-токой мисалдары келтирилип, бийликтин саясий өнөктөштөрүнө кысымы күчөп, куугунтукка алып жатканы белгиленген.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстанда Конституция үч ирет жаңыланып, анын соңкусу өлкөдөгү башкаруу бир партиянын колуна, президенттик бийликтин опсуз күчөшүнө алып келгени көпчүлүккө ансыз деле дайын. АКШ Мамлекеттик департаментинин жылдык отчетунда Кыргызстанда бир партиянын үстөмдүгү орноп, өкүмзор бийликтин дымагы чыга баштаганы белгиленген. Парламент адам укугун чектеген мыйзамдарды кабыл алып, жарандык коомду тескөө аракеттери жасала баштагандыгы ырасталган.

Мындан эки жыл илгери эркин журналист Алишер Саиповду ким атып кеткени, анын көзүнүн тазаланышына кимдер куштар экени эмдигиче ачылбай, парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Руслан Шаботоевдин дарек-дайны дагыле дайынсыз калганы маалымдалган. Анткен менен, мыйзам коргоо органдары өткөн жылкы Орозо айтта Ноокат акимчилик имаратын ташбараңга алгандарды кылмыш жообуна тартып, 32 киши 20 жылга чейин эркинен ажыратылды. Диний экстремизмге шылтанган массалык жазалоо өтөле оор болуп калганы Мамлекеттик департамент отчетунда да белгиленген.

Саясий эксперт Табылды Акеров дин өкүлдөрүнө карата колдонулган катаал жазаны биралдын алардын үшүн алуу, экинчи жагынан алдыда болчу президенттик шайлоодо чыгып калчу атаандаштын жолун бөгөп коюу амалында жасалган, дейт.

- Эки-үч жолку президенттик шайлоодо Турсунбай Бакир уулу президентке талапкер болуп катышкан болчу. Ажылыкка барып келген. Муну бардыгы билет. Ошондуктан бийлик алдын-алуу чараларын көрө баштады. Себеп дегенде, Турсунбай Бакир уулу келаткан президенттик шайлоого катышып калышы мүмкүн.

Мамлекеттик департамент отчетунда Ноокаттагы окуяларга тиешеси бар делиген кишилерди соттоо ачык атаандаштык шартында жүрбөй, кыска убакыт ичинде өкүм чыгарылганы көрсөтүлгөн.

Айтса, Кыргызстанда мурдагы-кийинки бийлик кезинде адам укугунун сакталышы, демократиялык эркиндиктер жаатында олуттуу дегидей өзгөрүүлөр болбогонун саясий талдоочулар ачык эле айтып келатышат.

- Мындан он жыл мурун мен депутат элем, салыштырып көрсөм эч нерсе өзгөрбөптүр. Же көз карашында же чечүүчү механизминде. Ошондой эле кетип жатат. Менимче, жаңыча саясат керек,- дейт парламенттеги социал-демократиялык фракция жетекчиси, депутат Бакыт Бешимов.


Жаңы саясат, жаңылануу зарылдыгы 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин да арбын айтылган. А бирок, белгилүү журналист Бакыт Орунбеков белгилегендей, азырынча баарысы тескерисинче жүрүүдө.

- Бүт дүйнө, өнүккөн өлкөлөр – бардыгы ошол нерсеге умтулуп жатканда Кыргызстан бул жолдон акыркы жылдары тайып жатканы белгилүү болуп жатат. Көп демократиялык принциптер бузулуп талкаланып жатат. Бул дүйнөлүк коомчулуктун алдында биздин өлкөнүн аброюна шек келтирет, деп ойлойм.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, Кыргызстанды биротоло эле демократиядан четтеп кетти, деп айтыш кыйын.

- Өткөн жылы “де Факто” гезити жабылды. “Алиби” да жабылып, “Ачык саясатка” айланып кетти. Биртоп журналисттер өлкөбүздөн чыгып кетти. Анан бизде көз карандысыз телеканал деген жок. Ошон үчүн “сөз эркиндигинде чектөөлөр бар”, деп айтсак болот. “Сөз эркиндиги жок”, деген кесир сөз болот го. Кудая шүгүр, сөз эркиндиги бизде бар.

АКШ Мамлекеттик Департамент отчетунда Кыргызстанда демократиялык эркиндиктер басмырланып, укугу кордолгондордун катары көбөйүп кеткени, бийликте коррупция өзгөчө тамыр жайып, абак жайлардагы абал дагыле оор бойдон калып жатканы белгиленген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG