Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Эларалык уюмдардын эсебинде Кыргызстан калкынын 40% жакыны жакыр жашайт. Дүйнөлүк банктын эсебинде күнүмдүк керектөөсү 1,25 АКШ долларына жетпеген үй-бүлө итке минген кедей деп эсептелинет.

Экономикалык кризис шартында андайлардын саны кыйла арбыганын соңку кездери күчөп бараткан социалдык нааразылыктар көрсөтүүдө. Мамлекеттик колдоого муктаж калк көйгөйүн жергиликтүү бийлик, бейөкмөт уюмдар менен биргелешип чечүүгө багытталган Европа биримдигинин жаңы долбоорунун бетачары кечээ Бишкекте өттү.

“Байыйм десең эчки бак, Эчки тууйт эки улак...”

Кыргызстанга чейин Орусия, Молдова, дагы биртоп өлкөлөрдө сындан өткөн жаңы долбоордун маани-жайын алманиялык “Pro NGO” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Ханс Борн момундайча сыпаттады.

- Долбоордун иш мөөнөтү 18 ай. Биздин бюджет 250 миң евро. Долбоордун 80% Европа комиссиясы, калган 20% биздин башка өнөктөштөр каржылашат.

Экономикалык кризис, жумушсуздук, ички-тышкы миграциянын күчөшү ансыз да өп-чап жашоо-турмуш кечирип келаткандардын катарын көбөйттү. Чүй облусунун Москва районундагы “Сретенка” айылындагы “Күнсулуу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Суусар Токтоматованын айтуусунда, Чүй боорунда Өзбекстан менен Тажикстандан келген кыргыздардын Кыргызстан атуулдугун алуу проблемасы да чоң социалдык маселеге айланууда.

- Көйгөйүбүз ошолордун атуулдук алалбай жүрүшү, ошолордун жер үлүшүнө жетпей жүргөнү, ошолордун саламаттыгынын сакталышы боюнча бизди тынчсыздандырган маселелер бар. Практикалык жардам көрсөтүп атабыз. Мындан эки жыл мурда өзбекстандык кыргыздар жеңилдетилген шартта атуулдук алалбай жүрүшсө, азыр эми алып атышат. Ушул иш өкмөттүк эмес уюмдардын кийлигишүүсүндө ишке ашты.

Москва районундагы “Сретенка” айылында жашаган коңшу республикалардан келген 70 ашуун үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстан жарандыгын алышкан.

Электр баасы эсти эңгиретти

Айыл жеринде жашаган калк турмушунун оордошуна быйылкы өкмөттүн тариф саясаты алып келди. “Даршайым” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Майрам Тилебалиева жакырчылык кийинки жылдары кайра күчөп жатканын белгиледи.

- Бирок жакырлар азыр айыл жеринде басымдуулук кылат. Мени тынчсыздандырганы бул тенденция күчөгөндөн-күчөп кетип баратат. Жанагы ажырым аябай көп болуп баратат. Жакырланып аткан үй-бүлөлөр бар. Кечээ иши бар, жумушу бар, бүгүн иши жок, каякка барып урунарын билбей, анан жакырланып, анан да жан дүйнөсү жакырланып бараткандар да көбөйүп баратат.

Сокулулук районундагы “Нуржылдыз” коомдук бирикмесинин жетекчиси Асылгүл Эдилованын пикиринде, айыл жеринде жакыркчылыктын арбып баратышына жерди ыктуу иштетүүгө көпчүлүктүн буямасы келбей жатышы себеп болууда.

- Эл өзү биригип иштегенге жай өтүп атат. Жерди өздөрүнүн иштеткенге каражаты жетишпейт. Биригип иштөөнүн жакшы жагы бар экен. Бирок ошого элдин өзү даярбы, бул өзүнчө бир суроо. Анан жердин кыртышы бузулуп атат. Кредит алуу да өзүнчө проблема. Аны алгандан кийин дыйкан пайда көрөбү-жокпу?

Буга чейин деле Кыргызстанда жакырчылыкты жоюуга багытталган биртоп программалар эларалык уюмдардын каржылоосу менен ишке ашырылып келди. Социалдык аялуу проблеманы жергиликтүү бийлик, бейөкмөт уюмдардын көмөгү аркылуу азайтуу аракети буга чейин деле жасалып келген. Буга кошумча, өкмөттүн энергия, коммуналдык кызмат акыларды опсуз көтөрүп ийиши ансыз да жону жука калктын нааразылыгын гана жаратууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG