Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Прокурор отчет: «Эске алабыз, аткарабыз, жообун беребиз»


Кыргызстандын Башкы прокурору Э. Сатыбалдиев парламенттеги фракциялар алдында бир жылда аткарган иштеринин эсеп-кысабын маалымдады. Мыйзамдын так жана кыйшаюусуз аткарылышына көзөмөл жүргүзчү кызмат жетекчисинин депутаттарга берген жообунун көпчүлүгү «аткарабыз, эске алабыз» болду.

Өткөн аптада парламенттеги социал-демократиялык фракция мүчөлөрү менен жолуккан Кыргызстандын Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев кечээ “Акжол” менен Кыргызстан коммунисттеринин алдында жыл ичинде аткарылган иштерди баяндап берди. Катары калың күч кызматтарынын болгон аракет, көжөлүп издөөлөрүнөн натыйжа чыкпай, ушу кезге чейин депутат Руслан Шаботоевдин, парламент мүчөсү Жусуп Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановдун дарек-дайыны белгисиз.

- Мына мен кечээ күнү Екатеринбургга чейин барып баламды издеп Москвадан келдим. Тилекке каршы, ориентир экөө боюнча да жок. Чоң трибунадан айтышкан ориентир бергенбиз деп. Бактияр Амиражанов, Р.Шаботоев боюнча эч кандай ориентир жок. Иликтөө иштери жүрбөй жатат,- дейт депутат Жусуп Жээнбеков.

Кыргызстандагы күч кызматтарынын дарамет-чактысы кандай экенин кашкайта көрсөткөн бул иштин иликтениши туюкка капталганын ошол эле социал-демократия фракция мүчөлөрү менен жолугушууда Башкы прокурордун өзү моюнга алган.

Кийинки кездери маалымдоо каражаттарына жарыялана баштаган Кыргызстандын каржы полициясынын жетекчиси тууралуу материалдарга Башкы прокуратура анчалык көңүл бурбай жатыш себебин парламенттеги коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейтказиев сурады.

- Азыр маалымдоо каражаттарында Каржы полициясынын жетекчиси А.Муйбиллаев жөнүндө көп материалдар жарыяланууда. Көзөмөл кылуучу орган катары бул жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

Э.Сатыбалдиев иш текшерилип жатканын айтып, жыйынтыгын жакын арада билдире тургандыгын ырастады.

- Чынында прокуратура органдары, тактап айтканда, борбордук аппарат бизге ошол маалымдоо каражаттары аркылуу келип түшкөн маалыматты текшерүүнү башташты. Жакынкы арада анын жыйынтыгын сиздерге айтып берүүгө даярмын.


Парламенттеги коммунисттер фракциясынын мүчөсү Николай Байло жер жөнүндөгү мыйзамды одоно бузуп жаткан чиновниктердин кызмат тепкичинде көтөрүлүп баратканына түшүнбөстүгүн жашырган жок. Андай чиновниктердин биртобун ал президент К.Бакиевге да айтканын билдирди. Бирок да абал мурункусундай эле.

- Сиздин демилгеңиз менен Каржы полициясы козгогон Серафимович боюнча 36 жер участогуна байланышкан соңку кылмыш иши. Мен күбө катары суралгам. Шаар мэриясынын токтому жок. Райондун акими болуп иштеген менин да колум жок. Бирок жерди бөлүп коюшкан. Бирок эч ким кылмыш жообуна тартылган жок. Менин таң калганым ушу. Кайсы себептен?

Э.Сатыбалдиев көп эле кылымш иштери ачыларын, ансыз кайсы бир чиеш ишти текшерүү мүмкүн эместигин белгилеп, бул иштерди да текшерүүгө аларын айтты.

- Андай мүчүлүштүктөр бар. Мен сиздин сөзүңүздү ырастай алам. Ал биздин баамдын сыртында калды, деп айткандан алысмын. Мен аны өзүм тактап, анан сизге айтып берем.


Кыргызстанда жөнөкөй адамдын укугунун бузулушу көнүмүшкө айланып калганы Башкы прокурордун фракция мүчөлөрү менен жолугушуусунда байма-бай айтылган пикирлердин бири болду окшойт.

XS
SM
MD
LG