Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Президентикке талапкерлердин катары калыңдоодо


 Мурунку өкмөт башчылардын бирөө - оппозиция, экинчиси - бийлик атынан чыгууда

Мурунку өкмөт башчылардын бирөө - оппозиция, экинчиси - бийлик атынан чыгууда

23-июлга белгиленген президенттик шайлоого бийлик тарабынан ким, оппозиция катарынан кимдер атаандаштыкка чыгары белгилүү болуп калды. «Акжол» бийлик партиясы иштеп аткан президенттин талапкерлигин колдой тургандыгын 1-майдагы курултайында ачыкка чыгарды.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары: «Агым» гезитинин мурдагы редактору Керим Айдаров менен саясат таануучу Табылды Акеров президенттик шайлоо алдындагы саясий жагдай жайында ой бөлүшөт.

- Шайлоо алдындагы саясий жагдай жөнүндө кеп кылуунун кезеги келип калды окшойт. Керим мырза, буга чейинки шайлоо көрсөткөндөй, административдик ресурстун күчү менен иштеп жаткан президентти кайрадан шайлап алуу ишке ашырылып келатат. Ошол сценарий кайра кайталанбайбы?

Керим Айдаров: - Кыргызстан саясатында административдик күч А.Акаевдин тушунан тарта эле колдонулуп келген. Бүгүн ал кайталанбайт, деп айтыш деле кыйын. Биринчиси саясий күрөш кандай экенин билишибиз керек. Иштеп аткан президент 2-мөөнөткө барышка милдеттүү. Бул мыйзамда да көрсөтүлгөн. Саясий атаандаштыкта жеңип чыгыш үчүн ар кандай формадагы аракеттер пайдаланылат. Президент кандай күрөш жүргүзсө да аны саясий талаш деп гана түшүнүү керек, деп ойлойм. Таза шайлоо болбошун буга чейин эле айтып келгенбиз. Оппозиция таза шайлоо болбойт экен, деп унчукпай отуруп албай күрөшүүсү керек.

- Бул жерде Керим мырза президент экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуга милдеттүү, оппозиция бийлик деңгээлинде күрөшө билиш керектигин айтты. Табылды, сиз ушуга токтоло кетсеңиз.

Табылды Акеров: - Президент дагы бир ирет шайланууга милдеттүү эмес, бирок анын дагы бир жолу шайланууга укугу бар. Конституция боюнча укугу гана бар, бирок сөзсүз милдеттүү эмес. А.Акаевдин тушунан бери эле административдик ресурстун үстөмдүгү менен шайлоо өтүп келатат. Анын натыйжасында 2005-жылы бийлик алмашылып, азыркы президент шайлоодон өтүп келген. Шайлоонун бузулушунан бийликке келген азыркы президент демократия куруу, адам укугун сактоо боюнча убадалар берип келип, кайра анысын өзү бузса, албетте, өз жүзүнө өзү көө жабат. Ансыз деле азыркы бийлик оппозициянын ар бир кадамын аңдып олтурат. Эгер бул ирет да административдик ресурс шайлоодо колдонулса аягы чатакка айланышы мүмкүн.

- Керим мырза, оппозиция бийлик менен бирдей саясий күрөштүн жолун билбейт, деп кеттиңиз. Ушуну чечмелей кетсеңиз.

Керим Айдаров: - Оппозиция митинг уюштурат, тополоң салат. Мындан башка демократиялык жолдорун таба элек. Бийлик күч менен кысым жасаганда оппозиция унчукпай отуруп алып ага демилгени берип коюуда. Демократиялык багыттан четтеп баратышыбыздын бир чети ушундан болушу керек. Бийлик кандай болсо оппозиция ага теңелген күчкө ээ болушу керек. Ошондо ушу азыр биз айтып жаткан демократия сакталып калышы мүмкүн. А.Акаевдин тушунда оппозиция азыркыдан күчтүү болчу. Оппозиция мурдагысынан өзгөрүлгөн жок. Анын айынан бийлик кысымын күчөтүп, демократиядан алыстап, сөз эркиндигине кысым көрсөтүүдө. Анан да азыркы бийлик каршылаштары системаны алмаштыруу керектигин көп айтышат. Биз СССРден калган системаны жоюп, демократияга өттүк го. Мындан ашып кетсек таптакыр башка системага – исламдык же христиандык системага өтүшүбүз керекпи? Биз башкаруу формасын гана өзгөртүшкө аракет кылышыбыз керек болчу. Оппозиция ошондой деңгээлде болушу абзел.

- Бийлик партиясы К.Бакиевдин талапкерлигин колдоду. Жалаң аткаруу бийлигинен куралган мына ушул партиялык бюрократиянын шайлоодогу кылар кызматы кандай болушу мүмкүн? Табылды мырза, сиздин пикир.

Табылды Акеров: - Булар илгерки коммунисттик режимдеги компартиянын ролунда болуп жатышат. Өздөрү бийликте, каалаган кишилерин каалаган ордуна коюп, К.Бакиевди биз гана колдойбуз, деген дымак менен турушат. Улуттук банкка орусиялык 300 миллион доллар кредит келип түштү. Партиянын эл алдындагы кадыры жок болгон соң минтип акча менен аракетке өткөнү турушат. Мындай ыкма А.Акаевдин тушунан бери эле жасалып келатат. Бюджеттик акчалардын көпчүлүгү ушу шайлоо учурунда жок болуп кетет. Ошол 300 миллиондун кыйласы шайлоого жумшалып кетиши мүмкүн.

- Керим мырза, сөз эркиндиги кымакка алынып жатканын айтып кеттиңиз. Бул жагынан Кыргызстан мурдагы ордунан артка кеткенин жакында эларалык “Freedom House” уюму билдирди. Кысым дагы күчөшү мүмкүнбү?

Керим Айдаров: - Эларалык уюмдун бүтүмү туура эле. 4 жыл ичинде канча гезиттер жабылганын көрдүк. Бүгүн да бир-эки гезиттин үстүндө чоң доо-арыз турат. Шайлоо алдында сөз эркиндигине чек коюлбайт, деп айтыш кыйын. Жеңишке жетиш үчүн бийлик болгон күч-аракетин жумшайт. Кайсы басылмалар жабылышын айта албайм, бирок кысым болушу мүмкүн.

- Табылды мырза, бийликтен бир талапкер, оппозициядан азырынча экөө чыкты. Башка талапкерлерди мен атайылап эле айткан жокмун. Бул оппозиция үчүн добуштардын бөлүндүсүнө алып келбейби?

Табылды Акеров: - Элдин көбү оппозиция бир талапкерди көрсөтө албайт, деп жатышпайбы. Кеп анда эмес. Кеп элге тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Эл кайсы талапкерге ооп турса ошого токтолуш туура болот. Оппозиция А.Атамбаев менен И.Исаковдун талапкерлигин көрсөттү. Мындан ары Т.Сариевдин талапкерлиги чыгып калышы ыктымал. Дагы бир талапкердин аты аталып калышы мүмкүн. Азыр оюн кандай багытта кетерин так айтыш кыйын. Чындап тандоо болсо балким, эки талапкер оппозициядан деле чыгып калышы мүмкүн. Демократиялуу шайлоо болсо азыркы президент 15% өйдө добуш ала албайт. Ошондон ал административдик ресурска өтүшү мүмкүн. Эгер шайлоо калыс өтсө оппозициядан эки талапкер алдыга суурулуп чыгышы мүмкүн.

- Оппозициядан буга чейин эки талапкер чыкты эле, дагы чыгышы мүмкүн деп айтылып кетти. Керим мырза, дагы чыгышы мүмкүнбү?

Керим Айдаров:
- Оппозиция бир талапкер алып чыкса утулат. Бирок оппозиция бир талапкер алып чыкса бөлүнүп кетет. Мына А.Атамбаев менен И.Исаковду чыгарышты. Бүгүн Т.Сариев чыгат деп жатышат. Башка да талапкерлер болушу мүмкүн. Анан да бизде түндүк-түштүк деген фактор бар. Бир жерден чыкканын экинчи жерде колдобой коюшу мүмкүн. Бирок да оппозиция бириге турган учурларда бөлүнүп кетмейи бар. Шайлоо - бул саясий күрөш. Анда административдик күч колдонулат. Ошондой болот деп отуруп алган болбойт. Анан К.Бакиев 15% гана добуш алат, деп айтышты мен азырынча эрте деп ойлойм. Шайлоонун кандай болорун болжош кыйын. Бийлик менен оппозицияны бир түс менен боеп салыш туура эмес.

- Табылды мырза, мына ушул 15% боюнча божомол кайдан чыкканын тактай кетсеңиз. Ал социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгыбы же коомдук пикирди билүүнүн башка ыкмасынын жыйынтыгыбы?

Табылды Акеров: - Бул жөнөкөй божомол эмес. Ар бир аналитик өзү шайлоо алдында жума сайын сурамжылоо жүргүзөт. Мен ошондой сурамжылоону жүргүзүп турам. Ошого таянып ушуну айтып жатам. Бүгүн ушундай, кийин талапкерлердин иш-аракетине жараша ал өзгөрүлүп кетиши деле мүмкүн.

- Мырзалар, талкууга келип катышып бергениңиздер үчүн ырахмат, майрамыңыздар кут болсун!

Тасмада: "Ак жол" Бакиевди президенттикке көрсөттү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG