Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:15

Үгүт жагынан 6 талапкердин «алдыңкысы» гана үлгү көрсөтүүдө


Кыргызстандын Медиа өкүлчүлүгү маалымдоо каражаттарында президентикке талапкерлердин кандай чагылдырылып жатканы тууралуу кезектеги иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда көпчүлүк маалымдоо каражаттары иштеп аткан президент жөнүндө арбын кеп кылып, калган атаандаштарды андай мүмкүнчүлүктөн четтетип коюшканы ырасталган.

Медиа Өкүлчүлүктүн кезектеги иликтөөсү көпчүлүккө ансыз деле дайын чындыкты так эсеп-кысабы менен ырастап берди окшойт. АйталыУлуттук телеканал 18-24-июндагы эфир убактысынын 80% иштеп аткан президент, анан да президенттикке талапкер К.Бакиевге бөлсө, коомдук телеканалдын милдетин алчу “ЭлТР” андай убактысынын 96% берген. “НТС” телеканалы болсо апта бою президент К.Бакиевден башка талапкерлер тууралуу кеп да кылган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский талапкерлерге антип маалымдоо каражаттарында бирдей шарт түзүлбөй жатышынын себеп-жөнүн шайлоо фондундагы каражаттарынын аздыгына байланыштуу түшүндүрөт.

- Талапкерлердин каражаттары түгөнүп баратканын көрдүңүздөр. Бирөөндө 2 миңдей акча калса башкасында канча акча калганын көрдүңөр го. Силерге айтып беришти, туурабы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын Текшерүү-эсептөө тобунун башчысы Жусуп Иманалиевдин маалымдашынча, шайлоо фондуна эң көп акчаны талапкер президент К.Бакиев топтогон.

- Бакиев Курманбек Салиевичтики бүгүнкү күнгө, 28-июнга карата 35 миллион 568 миң 500 сом. Анын ичинен чыгымдалганы 14 миллион 704 миң 674 сом. Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтики түшкөн акчасы 4 миллион 502 миң 200 сом. Чыгымдалганы 4 миллион 488 миң 534 сом 99 тыйын.

Жусуп Иманалиевдин айтуусунда, калган талапкерлердин шайлоо фондуна чогулткан каражаты 500 миң сомдун айланасындагы акчаны түзөт.

Ошондуктан ушу тапта жарнак такталарда жалгыз президенттин гана сүрөттөрү илинип, көпчүлүк маалымдоо каражаттарынын К.Бакиевдин гана үгүт материалдары көрсөтүлүүдө. Медиа өкүлчүлүктүн Бишкектеги маалымдоо каражаттарын иликтөөсүнө удаа эле “Журналист” коомдук бирикмеси республиканын түштүгүндөгү маалымдоо каражаттарына байкоо салып келатканын бирикменин координатору Мери Бекешова кабарлады.

- Биздин иликтөөбүз боюнча да ошондой эле жыйынтыктарга келип жатабыз. Бишкекте, мисалы, 98 – 70 – 80% К.Бакиев ээлесе, оштук маалымдоо каражаттарында 100% эле биздин президент ээлеп алыптыр.

М.Бекешова алдагыдай жагдайдын түзүлүшүнө талапкерлердин жергиликтүү маалымдоо каражаттарына үгүт материалдарынын жарыя кылынышына кызыкпагандыгы себеп болду, деп эсептейт.

Кыргызстандын Медиа өкүлү Акмат Алагушевдин айтуусунда, журналисттердин көпчүлүгү шайлоо мыйзамдарын жакшы билишпейт, ошол себептүү президенттин расмий иш- чараларга катышуусу менен талапкер катары жасап жаткан аракети чаташтырылып келүүдө.

- Чынын айтканда, баарына бирдей шарт түзүү болбой жатат. Бул административдик ресурстан болуп жатат. Анан да Шайлоо кодексинин нормалары бузулуп жатат. Үгүт, маалымат жөнүндө айтып жатабыз. Эки жакка тартпаган маалымат тууралуу айтып жатабыз. Эми анын баары Шайлоо кодексинде белгиленген.

Акмат Алагушев 1-июндан тарта жүргүзүлгөн иликтөөлөр кийин жалпыланып, кайсы маалымдоо каражаты шайлоо алдында мыйзам бузууларга жол бергени айтыла тургандыгын кошумчалады.

Иши кылып, ушу тапта шайлоо алдында иштеп жаткан президенттин гана тарапкерлери өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүп, үгүт иштери күжүлдөп жүрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо 6 талапкер тууралуу жалпы үгүт барак чыгарылгандан кийин атаандаштардын бирди-жарымы саясий оюндан баш тартса аны кантип оңдойбуз суроосуна баш катырып олтурат.

XS
SM
MD
LG