Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Шайлоо өттү, сабактары калды


23-июлдагы шайлоо тыянактары Курманбек Бакиев экинчи жолу президент болорун тастыктоодо. Байкоочулар башканы айтып жатышат.

23-июлда өткөн президенттик шайлоонун тыянагы аныкталып бүтө элек. Ошентсе да учурда биринчи болууга кынтыксыз шарт түзүлүп турган талапкер - азыркы президент Курманбек Бакиев. Шайлоонун автоматташтырылган системасынын эсебине таянып БШК чыгарган акыркы болжолдуу тыянактар боюнча добуштардын 70 пайыздан ашыгы саналып бүттү. Бакиевдин добуштары анда жалпы шайлоочулардын 84 пайызга жакынын түзүп турат. Андан кийинки орунда саналган оппозициялык талапкер Алмаз Атамбаевге берилген добуштар 8 пайызга, Темир Сариев 3 пайызга чукул болууда.

Калган талапкерлерден Жеңишбек Назаралиевге добуш бергендердин саны 0,63 пайыз, Токтайым Үмөталиеваныкы 0,46 пайыз, Нурлан Мотуевдики 0,37 пайыз деп саналууда. Шайлоо Кодекси БШКга шайлоонун акыркы тыянагын чыгарып, Конституциялык Сотко жөнөткөнгө добуш берилген күндөн күндөн тарта беш күндүк мөөнөт берет. Муну эске алганда президенттик шайлоону расмий жыйынтыктоо жараяны 28-июлга чейин создугушу ыктымал. Ага жараша БШК азыр жер-жерлерден келген добуш берүү протоколдорун тактап, маал-маал коомчулукка жарыялоо менен чектелүүдө.
Д. Лисовский, БШК төрагасы


Бул аралыкта байкоочулар менен талдоочулардын көңүл чордонунда президенттик шайлоо мыйзамдуу өттүбү-жокпу деген маселе болууда. Кыргызстандагы президенттик шайлоо одоно мыйзам бузууларсыз, чынчыл, демократиянын талаптарына төп өттү деген байкоочулардын катарын КМШ, Шанхай Кызматташтык уюмдарынын, Кыргызстандын акыйкатчысынын байкоочулары толуктады.

Маселен, миңден ашык шайлоо участогуна көз салган жүргүзгөн КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев Кыргызстанда шайлоону уюштурууда кадиксиз өсүү бар деп айтты.

- Шериктеш өлкөлөр миссиясы Кыргызстанда 23-июлда өткөн президенттик шайлоо Шайлоо кодексинин жоболоруна ылайык өттү. Миссия президенттик шайлоо ачык-айкын, эркин, жарандардын конституциялык укуктарын сактоо менен өттү, - деди Лебедев 24-июлда уюштурган маалымат жыйынында.

Мындай баага караманча кайчы келген тыянагын ЕККУнун Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары Бюросунун миссиясы чыгарды. Миссия жетекчиси Радмила Шекеринсканын 24-июлдагы маалымат жыйынында жарыялаганына караганда, Кыргызстандагы президенттик шайлоо ЕККУ стандарттарына төп келбей калды:

ЕККУ миссия башчысы Р. Шекеринска тышкы иштер министри К. Сарбаев менен

- Өкүнүчтүүсү, бул шайлоо биз күткөн прогрессти көрсөтө алган жок жана дагы бир жолу ЕККУга мүчө Кыргызстан аткаруу жоопкерчилигин алган ЕККУнун негизги стандарттарына жооп берген эмес. Шайлоо көңүл чөктүргөн деңгээлде ишке ашты. Добуштарды саноо жана жыйынтыктоо көбүрөөк шек туудурду. Шайлоо жараяндарынын ушул бөлүгү биздин байкоочулар аныктаган мыйзам бузуулардын жарымынан көбүн түздү.

Шайлоодо добуштарды жасоону одоно мыйзам бузуулардын катарына жергиликтүү байкоочулардан “Менин тандоомдун мезгили” биримдиги да кошту. Анын курамындагы байкоочулар президенттик шайлоонун тыянагына таасир эте турган бир топ мыйзамсыз аракеттерди белгилеп жатышат. Алар - “карусель” деген ат менен белгилүү айлантып добуш берүү, кошумча тизме аркылуу добуш берүү жана алдын ала добуш берүү жана сапарларга байланышкан күбөлүктөр менен добуш берүү ыкмалары.

Мунун бардыгы ачык-айкын эле, жашырылбай эле жасалып жатты деп ишендирди “Азаттыкка” берген интервьюсунда Ленин райондук шайлоо комиссиясында добуш берүүгө көз салган байкоочулар бирикмесинин мүчөсү, “Таза табийгат” уюмунун лидери Анара Дауталиева:

- Менде актылар бар. Мен он жыл байкоочу болуп, шаардык кеңешке талапкер болгом. Шайлоонун ушундай тыянагын эч качан көргөн эмесмин. Сөз жетпейт. Ачык эле жасап атышат. Биз канча фотосүрөттөрдү тартып аттык, ордунан туруп же качып да коюшкан жок. Шайлоо тыянагы туура эмес, жасалган тыянак болду деп ойлойм.

Учурда шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча миңдеген актылар түзүлүп, кыйласы БШКнын колуна жеткени айтылууда. Алардын ичинен оппозиция тапшырган фактыларды БШК Башкы прокуратурага текшерүүгө жиберди. Бирок шайлоонун тазалыгына ишенбеген тарап Башкы прокуратура деле мыйзам бузууларды тастыктап берерине көзү жеткен жери жок.


Шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын Бириккен оппозициянын талапкери Алмаз Атамбаев шайлоо жүрүп жатканда эле өз шайлоо участогунда туруп алгачкылардан билдирген. Ал эми кечке жуук Атамбаев дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиев менен чогуу маалымат жыйынын уюштуруп, президенттик шайлоону мыйзамсыз деп, аны тааныбай тургандыгын жарыя кылышты. Алар БШКны бийлик талапкеринин кызыкчылыгы үчүн мыйзамды тебелеп-тепсеп атат деп сындашты. Бириккен оппозициянын байкоочулары өз кезегинде шайлоо участокторун таштап, чыгып кетишти.

Муну биринчи кезекте оппозициячыл “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев сындап чыкты. БЭК бийлик менен сүйлөшүп алды, бул өз кезегинде добуш салуу жараянындагы ыраатты бузуп, калган талапкерлердин да, алардын шайлоочуларынын да укуктарына доо кетирди деген баасын берди.

Мына ушул өңдүү көрүнүштөр менен коштолгон быйылкы президенттик шайлоого баа берчү мезгил али алдыда. Ошондой болсо да байкоочулар арасында бийликтин жеке басарлык өнөкөт саясаты шайлоодо мыйзам бузууларга жол берип, ал өз кезегинде өлкөдөгү демократиялык өнүгүү жолуна көлөкө түшүрүп жатат деген пикирлер айтыла баштады.

Талдоочу Бакыт Орунбековдун көз карашында, ыңкылаптан кийин келип, биринчи мыйзамдуу мөөнөтү жаңы эле аяктап аткан азыркы президент үчүн экинчи мөөнөткө шайланбай калуу коркунучу жок болчу. Ага жараша административдик ресурстарды пайдалануу муктаждыгы да жок эле:


- Анткени Бакиевдин элге жасаган аздыр-көптүр иштери бар болчу көзгө көрүнүп калган. Бирок бүгүнкүдөй проценттик катыш менен өтүш чындыкка дал келбейт. Анткени демократиялык өлкөлөрдүн өзүндө эки же үч талапкер катышкан учурда дагы 50-60% алгандар өтө чоң жеңиш катары эсептелет да. А биздики өтө апыртылган, өтө аракет кылынган. Бул ортодогу апыртылган цифранын өзү административдик ресурстун жергиликтүү бийликтердин бир кишиге жанагыдай өтө жагынуучулук мамиле кылгандык. Ошонун аркасы менен болуп калды. Жайына койсо деле өзү эле 55-60 пайыздын тегереги менен азыркы президент Курманбек Бакиев өтмөк.

Талдоочунун баамында, бийлик өкүлдөрү бул шайлоодо административдик ресурсту адаттан тыш пайдалангандыгы байкалды.

Президент Курманбек Бакиев баштаган расмий бийлик мындай дооматтарды жуутпай, байма-бай төгүндөп келатат. Акыркы жолу мындай билдирүүнү президент 23-июлда өз участогунда добуш берип чыгып келатып “Азаттыктын” суроосуна берген жообунда айтты:


- Административдик ресурс болгон эмес жана болбойт. Мен муну биринчи күндөн бери айтып келатам губернаторлорго, акимдерге – баарына айтып келатам: мага кошоматка кой сойгондун кереги жок. Мага анын кереги жок. Ансыз эле баары жакшы болот. Мен буга толук ишенем. Алы жетпесе ошондой сөздөрдү айта берет.


Талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бийлик өкүлдөрү канчалык актанбасын, административдик ресурстарды колдонбой коюу азыркы түзүлгөн мамлекеттик системада мүмкүн эмес, анткени, ар бир мамлекеттик кызматкер өз кызыкчылыгы үчүн бийлигин пайдаланууга аракеттенет. Коомдук өнүгүүнүн азыркы жагдайы ушул дейт талдоочу. Мындай өнөкөттөн арылуунун аргасын саясат таануучу мамлекет башына барам деген адамдардын саясий, рухий деңгээли, билими бирдей бийик, ар биринин журтту ээрчитүүгө кудуреттүүлүгүнөн көрөт:


- Азыркы лидерлерди карап көрсөңүз, президент деле, президенттикке талапкерлердин көпчүлүгүнүн деле ортолорунда интеллектуалдык өтө чоң айырмачылыктар жок. Ошон үчүн ушундай болуп атат. Бул келечектин иши. Эң негизгиси чыр-чатаксыз, мыйзам чегинде аракеттенүүгө үйрөнсөк жакшы болот эле. Мисалы, Балыкчыда тополоң болду деген канчалык бир беткей болуп атканы белгисиз азыр коомчулукка.

Коомчулуктун бийликке ыктаган катмары оппозицияны чыр-чатак чыгарып, ар кандай жаңжалдар аркылуу бийликке жетүү аракетин көргөн чакан саясий топ катары баалап келатат. Шайлоо күнү Жогорку Кеңештин эки депутатынын катышуусунда Балыкчыда добуш берүүгө байланыштуу чыккан жаңжалга дал ушундай баа берилүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдар аркылуу берген интервьюсунда ИИМ Молдомуса Конгантиев окуяга мындай түшүндүрмө берди:

- Депутаттарды камап койду деген орду жок нерсе. Депутаттардын статусу барын бардык милиция билет. Ошондуктан, ал депутаттар прокурордун кабинетинде. Канчалык айыбы бар экенин прокурор чечет. Калган 19 кишиси биздин ички иштер бөлүмүндө турат.


Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бул окуя боюнча Конституциялык түзүлүштү бузуу аракети жасалды, шайлоого тоскоол болду деген өңдүү Кылмыш Кодексинин бир нече беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ушундай эле кылмыш иши оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүнө каршы Базар-Коргон районунда да козголду. СДПнын Чүй облусундагы лидери камакка алынып, Кара-Кулжада дагы бир өкүлүнө администраивдик чара колдонулуп жатканы кабарланды.

Шайлоо күнүндөгү окуяларга көрүлүп жаткан мындай катаал чаралар коомчулукта коопсуздук деген шылтоо менен жасаган оппозицияга каршы бийликтин өкүмзөрдугу катары бааланууда.

Орозбек Молдалиевдин пикиринде, жеке кызыкчылык үчүн айыгыш, оппозицияны ашкере кодулоо коомду өнүктүрүүгө тоскоол гана болот. Айрыкча шайлоо сыяктуу маанилүү саясий окуяларда бийликтин катаал аракеттери анын жаманатты болушуна түздөн-түз себеп болот. Ошондуктан, биринчи кезекте азыркы бийлик президенттик бул жолку шайлоодон сөзсүз сабак алышы керек:

- Оппозиция жакшы болсо бийлик жакшы иштейт. Жаратылыштын дагы, саясаттын дагы табияты ошондой. Оппозицияны башы-көзгө чаап салган бийликтин аягы жакшы бүтпөйт. Аны анча-мынча көрүп калдык. Ошон үчүн оппозицияны укуктук аймакта кармап туруу керек.

Шайлоо сабактары азыр байкоочулардын да башкы темасы болууда. Президенттик шайлоо тыянактарын сындагандар Кыргызстанда шайлоо системасын реформаламайынча бир кишинин камчысын чабуу, ал аркылуу жарандардын укуктарын тебелеп-тепсөө токтобойт деп жатышат.

Бул шайлоо, маселен, ЭНЕМО деп аталган европалык уюмдун байкоочуларынын баамында Шайлоо Кодексинде мыйзам бузууга жол берген өтө көп өксүктөр барын далилдеди. Байкоочулар Кодекске өзгөртүү киргизүүдө сөзсүз түрдө БШКнын орду, милдети, укуктары такталышын, көз карандысыз, эрктүү уюм болушун каалап жатышат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG