Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Борборду Ошко көчүрүү демилгеси кайра көтөрүлө баштады


Кара түтүн каптаган Ош шаары, 12-июнь.
Кара түтүн каптаган Ош шаары, 12-июнь.

Тополоңдон кыйраган Кыргызстандын түштүгүндөгү кыштак, шаарларды тезинен калыбына келтирүү зарыл. Өлкө коопсузудугу менен биримдигине байланышкан бул маселеге тушташ борборду Ошко көчүрүү проблемасы коюла баштады.

Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А.Бекназаров партиялаштары менен мына ушул маселени кое тургандыгын маалымдоодо.

Карызга кабат үйлөр

Тополоңдон жабыркаган Ош менен Жалал-Абад, Базар-Коргон тургундарын кыш келгиче үй менен камсыз кылуу маселеси ушу тапта өзгөчө маанилүү милдетке айланууда. Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Алмазбек Атамбаевдин ырасташынча, жаңы үйлөрдү курууга Кыргызстандын чама-чаркы чакталуу. Ошол себептүү өкмөт сырттан жардам суроого мажбур.
Алмазбек Атамбаев

- Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүргүздүк. Бир катар донор өлкөлөргө кайрылдык. Анын натыйжасында июлдун аягында Бишкекте донор өлкөлөрдүн катышуусунда чоң конференция өтөт. Менин оюмча, талкаланган Ош менен Жалал-Абадды, айрым айыл-кыштактарды калыбына келтирүүгө кыйла жардам берилет. Анын үстүнө кышка мына саналуу айлар калды. Кыш келгенге чейин биз бул адамдарды үйлүү кылышыбыз керек. Кыргызстандын түштүгүндөгү талкаланган инфраструктураны болушунча калыбына келтиришибиз зарыл.

Бул жумуштун өтөлгөсүн Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы өзүнө алган. Азырынча анын алдында деле каражатты кайдан табуу кайгайы турат.

Күзгү шайлоо деле күттүрбөйт

Кысталыш чакта жаңы Конституция камылгасын алдыга жайып, референдум өткөргөн Убактылуу өкмөт калыбына келтирүү жумуштарына кошул-ташыл дагы бир саясий иш-чараны уюштуруунун камылгасына киришүүдө. 10-октябрга парламенттик шайлоо белгиленген. Анын шарданы менен эми мындан ары жаңы демилге, жаңы сунуштар суурулуп чыга баштайт окшоп калды. Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А.Бекназаров Бириккен элдик кыймылы партиясын түзүп, анын негизги талаптарынын бири катары борборду Ошко көчүрүү демилгесин көтөрө тургандыгын билдирди. Анын пикиринде, өлкөнүн болгон оор проблемаларынын текши баары түштүктө топтолгон.
Азимбек Бекназаров

- Акыркы күндөрү түштүк проблемасын чечүүнү биз саясатчылар саясатка айландырып ийип жатабыз. Мына ошонун айынан К.Батыровдун маселеси ошол саясаттан чыгып атат. Ошо өзбек-кыргыз проблемасын чечкендин ордуна биз шайлоодо ошолордун добушун проблема кылабыз. Маселе анда эмес, маселе андан терең жатат.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысы Алик Орозов учурдун маанилүү милдети катары кырдаалды жайына келтирүү деп эсептейт.

- Түштүктө болгон окуяны тезирээк басып, тынчытып, элди, кырдаалды ордуна келтирип, анан күч органдарды тазалаш керек. Алмаштырыш керек. Реформа кылыш керек. Жакшы чынчыл адамдарды, адистерди алып келиш керек. Ошо негизги маселе.

Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболовдун ырасташынча, жаңжал кыйладан бери келаткан саясий максат-мүдөөдөн чыккан.

- Бул тополоңдун артында баары бир бийлик үчүн болгон күрөш турат. Анализди мына ошол жактан башташыбыз керек. Менин оюмча, акыры жүрүп ушунча чоң жоготууну саясий жоопкерчиликти ушул үч күчтүн кайсынысы өзүнүн мойнуна алат жана эл алдында жоопкер болот, деген суроону акыры коюшубуз керек.

Ага чейин эле экономикалык-саясий толгон-токой проблемалардын төөбастысында калган Кыргызстан коопсуздугу үчүн борборду Ошко көчүрүү демилгеси парламенттик шайлоонун карааны көрүнүп калган чакта коюла баштады. Буга чейин Ош өлкөнүн түштүк борбору катары жарыяланып, айрым мамлекеттик мекемелер ал жерге көчүрүлө баштаган.

Адилет министрлигинен жаңы эле каттоодон өткөн Бириккен элдик кыймыл партиясынын борборду көчүрүү демилгесин парламент шайлоодогу анын атаандаштары колдоого аларын же анын узакка созулчу талашка айланып кетерин азыртан айтыш кыйын.

XS
SM
MD
LG