Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Путинден айбыкпаган рок-музыкант


Премьер-министр Путин Санкт-Петербургдагы адабий-музыкалык кечеде. 29-май, 2010
Премьер-министр Путин Санкт-Петербургдагы адабий-музыкалык кечеде. 29-май, 2010

Владимир Путин менен болгон кездешүүлөрдө россиялыктардын аны сындап сүйлөгөнү өтө сейрек көрүнүш.

Бирок 29-майда Санкт-Петербургда өткөн соопкерчилик кечесинен кийинки кездешүүдө Путинге масс-медины “төө бастыга алуулар” жана “Макул эместердин маршын” бийликтин быйыл мартта күч менен басуусу жөнүндө жагымсыз сөздөрдү угууга туура келди. Андай ачуу чындыкты бетке айткандардын бири - таанымал рок-музыканты Юрий Шевчук болду.

Премьер-министрдин сөздү тамашага буруу амалы

Владимир Путин менен болчу кездешүү алдында премьер-министрдин жардамчыларынын бири карыя рок-музыкант Юрий Шевчукка телефон чалып, жолугушуу маалында Путинге курч суроолорду берүүнүн зарылдыгы жок экенин айтып, узак насаат берген. Музыкант

Рок-музкант Юрий Шевчук(оңдо) премьер-министр Владимир Путинге кайрылып, сөз сүйлөөдө. Санкт-Петербург. 29-май 2010

бул жөнүндө Путинге айтканда, ал муну “провокация” деп атаганын Санкт-Петербургдагы өкмөт башчы менен өнөр адамдары ортосундагы кездешүү тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюда айтты:

-Ал сөздү тамашага айлантып койгондо, “Бул балким кайсы бир чунак кишинин тамашасы болсо керек” дедим. А чынында, сага жарым саат бою кандай суроолорду бербеш керек экенин какшап түшүндүрүп жатышса, эмне деп ойлойсуң.

Шевчук талкуу ал болжогондой узак болбогондуктан каалаган суроолорун бере албаганын жана ага карабай жанына тынчтык бербеген көп көйгөйдүн бирин Путинге айтканга үлгүргөн:

-Маектешүү болжогондой узак болбоду. Көп суроолорду бере албасам да: “Биздин балдарыбыз кандай өлкөдө жашашат?” деген маанилүү суроону бергенге жетиштим. Мен Путинге үмүтсүз, түркөй, коррупцияланган, таш боор, мээримсиз өлкөдө жашаганыбызды, кенчилер жумушка кайтпас согушка бараткан штрафбатальондун жоокерлери сыяктуу барганын айттым. Коом, бир жагынан партбилети барбы же жокпу, маанисиз, бирок машинесинин төбөсүндө жашыл чырагы жанган княздарга, боярларга жана жүк тарткан кара таман элге бөлүнгөнүн, мындай абалдан чыгуунун бирден бир жолу - мыйзам алдындагы теңдик, демократия экенин айттым. Путин менин сөздөрүмө ынанды. “Мыйзам алдындагы теңчилдиксиз, демократиясыз Россиянын келечеги жок”,-деди Путин.

Карыя музыкантты март айында болгон “Макул эместердин маршы” боюнча Путиндин берген жообу канааттандырган эмес.

Путиндин күчү "Газпромго" жетпейби...

Санкт-Петербургдун чыгармачыл адамдары менен кездешүүдө ал ортого салган маселелерди таанымал актер Олег Басилашвили колдогонун Шевчук ыраазы боло белгилейт:

-Албетте канааттанбадым. Себеби “маршка чыккандар” оорулар менен дачага барчулардын доктурга баруусуна тоскоол болбошу керек деген сөзүнө жооп бергенге үлгүрбөдүм. Кайсы бир чиновник келсе, шаардын жолдору бурулуп, турмуш токтойт эмеспи. Мени актер Олег Басилашвили колдоду. Шаар, архитектуралык эстеликтерди кыйратуулар, "Газпромдун" килейген мунарасын куруу жөнүндө да сөз козголуп, аларга да Путин жооп берген жок. “Шаар жетекчилиги чечиш керек” деп гана койду.

Калемпирдей ачуу, бирок эл көөдөнүндөгү суроолорду угуп жатканда Владимир Путин кандай абалда болгон? Путин элдин маанайынан кабардарбы?

-Мен Путинден: "Коомдо нааразылык өсүп жатканын билесизби?” деп сураганда, анын көзүнө түз карап турдум. Ал абдан оор дем алып, угузуп-угузбай “ооба” деди. Бул чын жүрөктөн айтылды. Менимче, премьер-министр элдин маанайын жакшы билет. Бирок өкмөттүн эмне кылары түшүнүксүз. Кыскасы, художник менен бийликтин эки кылымдан бери келаткан салттуу сүйлөшүүсү болду. Көпчүлүк сыяктуу эле мен да сүйлөп алдым.

Юрий Шевчук өкмөт башчы Владимир Путин менен кездешүүгө ичи чыкпаса да бу тариздеги сүйлөшүүлөрдүн болуп турганын “пайдалуу” деп эсептейт. Ал эми жолугушууга ким барат, ким барбайт бул ар кимдин ыктыярындагы иш. Анткени белгилүү музкант “согушкандан көрө, сүйлөшкөндү оң көрөт”.

XS
SM
MD
LG