Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Чет элдик каражаттын жоктугунан Тажикстанда бийликтер карапайым элди токтоп турган Рогун суу тосмосун курууга бир айлык маянасын чогултуп берүүгө чакырууда. Коңшулаш Өзбекстанды кыжаалат кылган бул курулуш бүтүп калса, электр жарыгынын тартыштыгынан запкы чегип келаткан Тажистандын энергетикалык көз карандысыздыгы кыйла бекемделип калат эле.

Тажик бийликтери Рогун суу тосмосун «кылымдын долбоору» деп даңазалап, аны ашар жолу менен бүтүрүүгө чакырууда.

Николай Савченков бул курулушту ал өткөн кылымдын 70-жылдары жаңы башталганда жетектеп турган. Ал Тажикстандын көз карандысыз мамлекет катары жашап кетишинин өзү Рогундун келечегине байланыштуу деп эсептейт:

– Рогун Тажикстандын башында турган азыркы бардык экономикалык пробеламаларды чечмек. Биринчиден, ал Тажикстанга электр кубатын өндүрүп, аны сатып, пайда табууга мүмкүндүк берет. Экинчиден, суу тартыштыгынын маселеси чечилмек. Рогундун жана азыр иштеп жаткан Нурек ГЭСинин айланасындагы суу тосмолордо Вакш өзөнүнөн зор көлөмдө суу топтоого мүмкүндүк беремек.

Тажикстанда жетиштүү санда ГЭСтер болгондо, өлкө өзүн электр кубаты (энергиясы) менен кенен-кесири камсыздап, аны экспорттоп да, пайдага тунмак. Бирок азырынча тажиктер жыл сайын айрыкча кышында кыйналып, электрдин кем-карчын жоюу үчүн аны коңшуларынан сатып алууга аргасыз.

Акыркы жылдары тажик өкмөтү Рогунду бүтүрүүгө Орусиянын жардамын алууга аракет кылды.

Советтик доордо курулушу токтоп калган ГЭСти бүтүрүү максатында 2007-жылы Орусиянын алюминий дөө-шаасы РусАЛ менен келишим түзүлгөн. Бирок курулуштун масштабы боюнча пикир келишпестиктер менен катар, Өзбекстандын катуу каршылыгынан улам иш ордунан жылган жок. Өзбек өкмөтү бул тосмо өз аймагына суунун келишин чектеп, аймакта экологиялык капсалаң салат деп чочулайт.

Бирок Кытай, Ооганстан, Пакистан тажиктерден электр кубатын сатып алууга кызыгып жаткандыктан, тажик саясатчылары бул курулушту алга жылдырабыз дегенинен кайтпай турган чак.

Чет элдик жардамга үмүт жок болгондуктан, тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Махмадсаид Убайдуллаев жакында ар бир тажик кызматчысы бир айлык маянасын берсе, Рогун коруна 154 миллион доллар чогулат эле деп эсептеп чыккан. Буга тажик өкмөтү келерки жылдагы бюжетке бөлгөн 130 миллионду кошкондо, ГЭСтин алты турбинасынын экөөсүн келерки беш жылда ишке киргизүү мүмкүн болмок. Курулушка жалпысынан 3 миллиард доллар каражат зарыл.

Ильичтен калган ылампалар (шамдар) жаркырап күйсө дегенде ак эткенден так этип турган тажик жарандарынын айрымдары чакырыкты туура кабылдап, Рогунга деп айлык топтой башташты.

Исламдык Кайра жаралуу партиясы алтургай суу-электр бекетинин акцияларын сатып алууга кызыгуу билдирди.

Бирок мындай соопчулукка дарманы жетпей тургандар аз эмес, бар.

Хоженттик ишкер Кодир Кожаев беш жылда бүтө турган курулушту ойломок тургай, көп киши балдарын кечинде кантип тойгузаарын билбей, карайлап жашап жаткандыгын айтат:

– «Эл аралык уюмдар, каржылык (финансылык) институттар, анын ичинде Азиялык өнүктүрүү банкы, дагы башкалар Тажикстанга зор көлөмдө акча бөлдү. Биз ал тууралуу гезиттен окуп жүрөбүз. Бийликтер элден акча үмүттөнбөй, ошол чет элдик жардамды пайдаланбайбы.

Башкалар тажик бийликтери Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу коңшу мамлекеттердин кызыгуусунан пайдаланып, алардан инвестиция тартууга тийиш экендигин белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG