Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

ХАМАС-Израил тиреши кандуу булоонго айланды


Израил жекшемби күнү да Газа тилкесин бомбалоону улантты. Палестиндердин Газада үстөмдүк кылган ХАМАС уюму да Израилди ракетадан аткылоодо. Урушта 280 чамалуу палестиналык жана бир израилдик набыт болуп, дагы 700дөй палестин жана бир нече жөөт жараат алганы маалымдалууда.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилди жана ХАМАСты калабаны токтотууга жана Газанын элине азык-түлүк жана даары-дармек жардам жеткирүү үчүн «гуманитардык жолду» ачууга чакырды.

Израилдин Газаны ишембиден тартып бомбалоосунан жарадар болгондорго дарыгерлер жардам бергенге үлгүрбөй жатат. Палестин тараптын маалымдашынча, Газа боюнча 280дей адам курман болуп, жарадарлардын саны 700гө жетет.

Өлгөндөрдүн көпчүлүгү ХАМАСтын коопсуздук күчтөрү экени кабарланууда. Бирок палестин бийликтери карапайым элдин арасында жоготуулар көп болуп жатканын айтууда. ХАМАСтын лидери Ысмайыл Ханиянын сөзүнчө, «палестиндер азыркыдай кызыл кыргынды биринчи жолу көрүшүүдө»:

- Бул кызыл кыргынды Израил пландады. Палестиндер эч качан мындай жаман, террорчул, катаал баскынчылыкты көргөн эмес. Бутага Газа тилкесинде жашаган элдин баары: бейкүнөө жаштар, наристелер, аялдар менен каарылар алынууда. Бул кыргын, Израилдин планына ылайык, палестин элинин эзелтен келаткан каршылыгын майтарууга багытталган.

ХАМАС өлгөндөр үчүн өч аларын, Израилдин аймагында жанкечтилердин чабуулу башталарын эскертти.

Израил сокку негизинен согушчандар турган жайларга урулганын билдирди. Өткөн бир жумада хамасчылар Израилди көздөй 300дөн көп жолу ракетадан жана минометтон ок ачкан.

Жекшемби күнү Израилдин түштүгүндө чукул кырдаал абалы жарыяланып, резервистер аскерге чакырылды. Газанын чекарасына Израилдин танктары топтолууда. Коргоо министри Эхуд Барактын айтымында, ракета чабуулун токтотуу үчүн Газага аскер жөнөтүлүшү мүмкүн.

Газа маселеси БУУнун Коопсуздук Кеңеши жекшемби күнү кезексиз өткөрүлгөн жыйынында талкууланды. Коопсуздук Кеңеши Газада гуманитардык кризисти болтурбоо үчүн, жоолошкон тараптарды ок атууларды токтотууга чакырды. Ушундай эле кайрылууну Араб Лигасынын Башкатчысы Амр Муса да жасады:

- Башкы максат азыр: Газадагы палестиндерге каршы зомбулукту жана баскынчылыкты токтотуу. Палестин элин азатан куткаруу үчүн Газада ок атууну жана бардык операцияларды токтотуучу убакыт келди. Анткени ишемби-жекшемби күндөрү 300дөй адам өлүп, 700 адам жарадар болду. Бул ири операция негизинен Газанын карапайым калкына багытталууда.

Рим-католик чиркөөсүнүн Папасы Бенедикт да ХАМАС менен Израилди кандуу зобунду токтотуп, өз ара сүйлөшүүгө чакырды:

- Мен зобун-зордукту токтотууга жана Газа тилкесиндеги элдешүүнү улантууга чакырам. Ар кандай зобун-зордукка жол жок. Азыркы кырдаалга жооптуу тараптарды адамгерчиликке жана даанышмандыкка чакырам.

Папа Бенедикт ошондой эле дүйнө өлкөлөрүнө кайрылып, Газадагы чатакты токтотуу үчүн каршылышкан жактардын элдешүүсүнө көмөктөшүүсүн өтүндү.

Ирандын руханий көсөмү Аятолла Хаменейи болсо араб өлкөлөрүнүн Газадагы кандуу булоонду үнсүз карап турганын айтып, ислам өлкөлөрүн Израилдин сазайын берүүгө үндөдү.

Ак Үйдүн өкүлү Гордон Жондро ишемби күнү ХАМАСты чабуулду баштады деп күнөөлөп, Израилди карапайым элдин өлүмүнө жол бербөөгө чакырган болчу.

XS
SM
MD
LG