Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:27

Президент Виктор Ющенко жалпыз кургатканда


Виктор Ющенконун сүрөтү түшүрүлгөн жалгама акча. Киев.22-февраль, 2010-жыл.
Виктор Ющенконун сүрөтү түшүрүлгөн жалгама акча. Киев.22-февраль, 2010-жыл.

Беш жыл мурдакы “саргылтым ынкылаптын” толкунунда Украинадагы бийликтин башына келген Виктор Ющенко бийликтен кетүүдө.

24-февралда президенттик орунга Ющенко 2004-жылкы шайлоонун экинчи айлампасында ээрден оодарган Виктор Янукович ырасмий түрдө отурмакчы. Эми тактыга келгенде көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон Ющенко жаңы президентке экономикалык кризисти, саясый
Украин оппозициясынын ана башы Виктор Юшенко(солдо) жана саясый ынагы Юлия Тимошенко Киевдеги митингде. 28-ноябрь 2004
тирешүүдөн шайы ооган коомду калтырууда.

Президент Ющенко чөнтөк телефонун өчүрүп салып, жалпыз кургатып жүрдү.Д. Выдрин



Виктор Ющенконун жүзүндөгү "саясаттын мөөрү"

2004-жылкы “саргылтым ынкылап” кезинде Виктор Ющенко өз тарапкерлерине мыйзамдуулук жеңет жана шайлоонун жыйынтыгы кайра каралышы талап кылынат деп убада кылган. Деңиздей толкуган элдин кысымына туруштук бербеген Жогорку Сот Леонид Кучманын мураскери, москвачыл Виктор Януковичтин жеңишин жокко чыгарган.

Шайлоонун экинчи айлампасында Ющенко уткан. Бул көпчүлүк серепчилердин айтышынча, авторитардык башкарууга ыктаган пост-советтик мейкиндиктеги Украина үчүн чоң ийгилик болгон.

Саясый күрөштө Ющенко ууландырылып, уу анын чырайлуу жүзүндө өчпөс так калтырды. Ющенконун башына түшкөн азап жөнүндө анын шайлоо штабынын башчысы Олег Рыбачук мындай деп эскерет:
"Саргылтым ынкылап" кезиндеги ынактар элдешкис душманга айлангандан кийин. 29-январь 2010


- Ющенко доктурларга өлгөнгө жол бергиле деп жалбарды. Доктурлар анын аркасына оорууну басчы күчтүү дары сайышты. Алар Ющенконун жүрөгү токтоп калбасын деп коркушту. Алар чынында өлүм менен өмүрдүн ортосунда турушту.

Ошентип, Ющенко өлүм менен күрөшүп жатканда шайлоо өнөктүгүнүн негизги жүгүн саясый санаалашы Юлия Тимошенко көтөрдү. Бирок Ющенко президенттигинин алгачкы айларынан тартып эле өзү премьер-министрликке көрсөткөн Тимошенкону “кылдан кыя бастырбай” сындоого өтөт.

Ющенко сындайм деп, Тимошенкону популярдуу кылганда

Мурдакы ынактардын тиреши 2005-жылдын сентябрында Тимошенконун отставкасы менен аяктайт. Сын жана отставка Тимошенконун эл ичиндеги популярдуулугун арттырды: 2006-жылкы парламенттик шайлоодо Тимошенконун блогу Ющенконун
Украин парламентиндеги "Саргылтым ынкылап" блогунун депутаттары минбарга чыгуу үчүн бар күчүн жумшоодо. 11-июль 2006
партиясынан көп мандат алат. Ага карабай Ющенко мурдакы атаандашы Виктор Януковичти премьер-министр кылып, аны бирок бир нече айдан кийин бийликти узурпациялап алмак болду деп, кызматтан кетирет.

2007-жылдын 27-сентябрындагы кезексиз парламенттик шайлоодо Тимошенко блогу 30 процент добуш менен экинчи орунга чыгат. Бул шартта Ющенкодо “саргылтым ынкылап” кезиндеги ынагы менен союз түзүүдөн башка аргасы калбайт. Тимошенконун ошол туштагы масилээтчиси Дмитрий Выдриндин айтышынча, Ющенко чечүүчү маалда дачасына бекинип алып, сүйлөшүүнү создуктурат:

- Тимошенко ага ар беш мүнөттө телефон чалып жатты. Дачасына камалып алган Ющенко чөнтөк телефонун өчүрүп салып, жалбыз кургатып жүрдү. Ал үчүн жалбыз кургатуу коалиция түзүүдөн маанилүү болду. Ющенко үчүн жалпыз түбөлүктүү, а коалиция убактылуу нерсе болду.

Ющенко “украин тилин калыбына келтирем, улут тарыхын кайра жаздырам” деп жатып, Москванын да каарына калды. Айрыкча, 1932-33-жылдардагы Украинадагы ачкачылыкты Москванын украиндерди тамыр курут кылуу саясаты деп атаганы көп нааразычылыкты жаратты.

Илимпоз Ирина Бекешкина президент Ющенконун идеологиясы жөнүндө мындай дейт:

- Ал улутту курууда украин эли өткөн тарыхтын негизинде калыптанууга тийиш деп ишенет. Бирок муну көп адамдар кабыл албады. Адамдар бүгүн жана келечек үчүн жашоону каалайт.

Ющенконун Экинчи дүйнөлүк согуш тушунда совет өкмөтүнө каршы гитлердик Германия менен чогуу согушкан Степан Бандерага “Украин элинин баатыры” наамын бергени Москва түгүл, Варшавага да жакпады. Польшанын президенти Лев Качинский Виктор Ющенкону “утурумдук саясый кызыкчылыкты тарых чындыгынан жогору койду” деп сындады. АКШдагы еврейлердин адам укугун коргоочу уюму Бандераны миңдеген жөөтөрдүн өлүмү үчүн жооптуу десе, Варшава аны поляктарды топ-тобу менен кырууга катыштыгы бар дейт.
Украинанын жаңы президенти Виктор Янукович кылыч менен. 29-январь 2010


Виктор Ющенко аны сындоочулар менен макул эмес экенин январда “Азаттыктын” украин кызматына берген интервьюда айткан:

- Мен эч качан башымды салып, өткөн беш жылда мына мындай каталарды кетирдим деп айтпайм. Мен өлкөгө зарыл нерсенин баарын бердим. Муну эл түшүнсө, өз эркиндигин баалай алат. Эгер түшүнбөсө, эл дагы 15 -20-жылды Янукович жана Тимошенконун, Кучма доорундагыдай Кремлдин долбоору астында өткөрөт.

Ющенко январдагы президентик шайлоонун биринчи айлампасында 5 процент гана добушка ээ болду. Ал эми 7-февралдагы кайра шайлоого үч күн калганда Януковичтин Региондор партиясынын демилгесин колдоп, шайлоо жобосуна өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Муну менен, сынчылардын айтышынча, Ющенко “реформачыл” деген репутациясын биротоло жоготту. Жаңы эрежеге ылайык, шайлоо комиссиясында бардык тараптар катышып, кворум болбосо да добуштар берүүнүн жыйынтыгын беките алат.

Бул мыйзамды Юлия Тимошенко Украинадагы демократияны “өлтүрүү үчүн чыгарылган өкүм” деп сыпаттаган.

Ющенко кайрадан жалпыз кургатабы?

Ющенко президенттиктен Украина экономикалык кризистин сазынан бошоно албай турганда кетүүдө. Саясый жетекчилик да тил табыша албай өз ара жөөлөшүүдө. Көпчүлүк украиндер эч бир саясатчыга, өкмөткө ишенбесин айтышат жана “саргылтым ынкылапта” берилген убадалар аткарылбады дешет.

Ющенкону жан бере колдогон өлкө батышындагы Львов шаарынын тургуну Павел Терещук алардын бири.

- Виктор Ющенконун идеялары жана ниети жакшы болчу, - дейт Павел Терещук. Ал бирок анын бирин да аткарбады. Эң маанилүүсү, ал улутту бириктире жана эффективдүү бийликти кура алган жок. Азыр Украина чатактын жана баш аламандыктын сазында жатат.

Виктор Ющенко мындан ары эмне кылары беймаалым. Бирок көпчүлүк байкоочулардын боолгошунча, ал жыл соңунда болчу парламенттик шайлоодо депутаттыкка шайланышы ыктымал. Эгер саясаттан четте жүргүсү келсе, дачасында жалпыз кургатып, түбөлүк дүйнө үчүн мемуар жазышы да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG