Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

​Lancet журналындагы маалыматка караганда, жыл сайын дүйнөдө 56 миллион аял боюнан алдырат экен. Аборттун аял саламаттыгына залакасы чоң болору көп айтылганы менен дарыгерлердин бул кызматынан баш тарткандар саналуу.

Бишкектин тургуну Назира жакында эле аборт жасатууга мажбур болду. 26 жаштагы келиндин айтымында, ал бул жолго жетишпеген турмуштун айынан барган.

- Жаңы конушта турабыз. Төрт балабыз бар. Күйөөм экөөбүз чарба буюмдарын саткан дүкөндө жалданып иштейбиз. Алган айлыгыбыз тамак-аш, батир акысынан ашпайт. Жай келгенде балдарды айылга, чоң ата, чоң энесинин колуна жибердик. Эгер дагы төрөсөм, күйөөмө эле күч келчүдөй, жарытып деле бага албайбыз го. Ошол себептүү чоңоюп кете электе алдырдым.

Дүйнөлүк статистикага таянсак, акыркы 15 жыл ичинде калкынын саны арбын, экономикасы өнүгүп бараткан өлкөлөрдө аборт кош бойлуулуктун алдын алуунун айныксыз эрежесине айланган.​

Бул маселе учурда Кыргызстанда да курч экенин Onclinik бейтапканасынын акушер-гинекологу Халида Бозоева белгиледи:

- Бойдо болтурбоонун ыкмалары тууралуу маалыматтын элге жайылбай жатышы кооптондурбай койбойт. Анткени Кыргызстанда, тилекке каршы, кош бойлуулуктун алдын алуучу каражаттардын башында – аборт турат. Кыз-келиндер аборт менен сактанбашы керек да. Эл аралык конференцияларда да айтылып жатат. Бизде бойдон алдыргандар көбөйүүдө. Азыр эми маалымат кылымында жашап жатабыз, интернет бар, жалпыга маалымдоо каражаттары иштеп жатат. Контрацепция тууралуу маалыматтар жашыруун эмес. Ушундай иш-чараларды көбөйтүү керек. Бизде болсо болбой калганда, аргасы кеткенде гана бойдон алдырганы келишет.

Илимпоздордун айтымында, 1990-жылдан 1994-жылга чейин дүйнөдө 50 миллион аял боюнан алдырса, 2010 - 2014-жылдары бул сан 56 миллиондон ашкан. Алардын курагы да барган сайын жашарууда. Иликтөө мындан тышкары абортко тыюу салынган мамлекеттерде деле боюнан алдыргандардын саны көп экенин көрсөткөн. "Нике жана үй-бүлө" борборунун акушер-гинекологу Жанара Сыдыкова аборттон кийин аял саламаттыгына урулган соккуларга мындайча токтолду:

- Аборт аялдын ден соолугуна олуттуу эле зыян алып келет. Бойдон алдырып жатканда да, андан кийин да ар түрдүү кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Маселен, бойдон алып жатканда жатын тешилип калат же аборттон кийин кан токтобой кыйналат, кээде бул тукумсуздукка алып келет. Аялдын организминдеги гормоналдык теңсалмактуулукту бузат. Ушуга окшогон кесепеттери бир топ эле да.

Медициналык бойдон алдыруунун азыркы тапта Кыргызстанда эки түрү практикаланып келет. Биринчиси классикалык бойдон алдыруу же жатындагы түйүлдүктү темир аспаптар менен кырып алып чыгуу болсо, экинчиси дары менен бойдон түшүрүү. Бул экөөнүн тең аял саламаттыгына урган соккусу бирдей эле, - дейт адис Сыдыкова.

Азыркы тапта мамлекеттик бейтапканаларда 12 аптага чейинки түйүлдүктү аборт жолу менен алып салууга уруксат берилген. 12 аптадан кийин эненин саламаттыгында мандем болсо, атайын медициналык кароодон өтүп, комиссиянын чечими менен боюнан алынат. Дароо эле түйүлдүктөн арылуунун жолун көздөбөй, алгач аялдын саламаттыгы тыкыр көзөмөлдөн өтүшү керектигин дарыгер Халида Бозоева белгиледи:

- Алгач аялды баштан-аяк текшерүү керек. Өнөкөт оорулары барбы же жокпу, канча жолу төрөдү эле, төрөсө балдары тирүүбү, төрөй элек болсо бул канчанчы кош бойлуулугу деген сыяктуу суроолорго жооп алып, анализ тапшыртып, гинекологиялык оорусу барбы же жокпу билүү керек. Ден соолугу жакшы болсо, аялды бойдон алдырбоого үгүттөп көрөбүз. Эгер аялдын эне болууга таптакыр көңүлү чаппаса, кош бойлуулуктун мөөнөтү алты аптадан өтпөсө гана аборт жасайбыз.

Кыргызстанда мамлекеттик бейтапканаларда аборт жасаткандардын саны барган сайын азайып жатканы айтылып келет. Бирок ошол эле маалда тез жана жашыруун аборт жасоочу менчик клиникалардын саны дагы эле арбын бойдон калууда. ​

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дарыгери Бела Ганатра Би-би-сиге берген маегинде аборт тууралуу жасаган изилдөөнүн негизинде дүйнөдө бойго болтурбоочу каражаттардын таасирлүү жана оңой жолун иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

- Заманбап контрацепциянын түрлөрүн изилдөө менен коомчулукта кош бойлуулуктан кутулуунун жалгыз жолу аборт деген түшүнүктү жоюп, кооптуу аборттордун санын азайтуу керек. Көп аялдар контрацепциялык каражаттардын саламаттыкка зыян экенин ойлонуп, сактанбаганын айтып келишет. Андыктан түшүндүрүү иштери мыкты деңгээлде болууга тийиш, - дейт Бела Ганатра.

Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, Кыргызстанда бойдон алдыруу фактылары соңку 10 жылда 22% өскөн. Маалыматка караганда, 1994-жылы өлкөдө 19 миң 984 аял аборт жасатса, 2014-жылы бул сан 24 456га жеткен.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG