Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Ооганстанда эл арасында өлүм көбөйдү


Качкындар лагеринде жашаган ооган балдары
Качкындар лагеринде жашаган ооган балдары

Бириккен улуттар уюму быйыл Ооганстанда согуштун кесепетинен өлгөн же жарадар болгон адамдардын саны 22% өскөнүн жарыялады. Бул акыркы беш жылдагы эң бийик көрсөткүч.

Улуттар уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы 18-февралда жарыялаган баяндамага ылайык, 2013-жылы адамга зыянын тийгизген 8 миң 637 факт катталса, былтыр 10 миң 548 каргашалуу окуя болгон.

БУУнун Ооганстандагы атайын өкүлү Николас Хейсом Кабулдагы маалымат жыйынында согуш курмандыктарынын санынын көбөйгөнүнө төмөнкүчө токтолду:

- Былтыр карапайым тургундардын арасындагы жоготуулар 2013-жылга салыштырганда 22 пайызга өстү. 2014-жылы курман болгондордун саны он миңден ашты. Өткөн жыл 2009-жылдан бери тургундардын эң көп набыт кеткен жана жараат алган жыл болду.

Пактика вилайетинде жараат алган бала
Пактика вилайетинде жараат алган бала

Ал эми Улуттар уюмунун Ооганстандагы Адам укуктары боюнча миссиясынын башчысы Жоржетта Ганьон 2014-жылы жаңжалдан мерт кеткен балдардын жана аялдардын саны көбөйгөнүнө токтолду:

- Биз 2013-жылга караганда мерт кеткен балдардын саны 40 пайызга өскөнүн көрдүк. Былтыр 2700 бала жарык дүйнө менен кош айтышкан экен. Ал эми аялдарын өлүмү 21 пайызга көбөйүптүр. Былтыр 300 аял набыт болуп, 611 жараат алыптыр.

Ооган балдары
Ооган балдары

Дүйнөлүк уюмдун эсеби көрсөткөндөй, былтыр талип согушкерлер менен тикелей кармашта каза болгондор дагы көбөйгөн. Буга чейинки жылдарда жерге көмүлгөн бомбанын жарылуусунан мерт кеткендер арбын болсо, быйыл мындай каргашадан каза тапкандар 28 пайызды түздү.

Ошондой эле өткөн жылы коопсуздук кызматтарынан жоготуулары дагы көбөйгөн. Баяндамада айтылгандай, ооган армиясы менен полициясы беш миңден ашуун кызматкеринен ажыраган.

Ооган аял кызы менен
Ооган аял кызы менен

“Ал эми карапайым жарандардын өмүрүн алган каргашалуу окуялар үчүн 72% талиптер жана башка согушкерлер, 14% ооган армиясы жана чет элдик аскерлер жооптуу" деп айтылат докладда.

Жалпы каза болгондордун он пайызга жакыны үчүн ким жоопкерчиликтүү экени аныкталган эмес. Ал эми бир пайыздайы Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы атыштан окко учкан.

Эл аралык "Кызыл чырым" уюму Ооганстандагы гуманитардык абал оор бойдон экенин 9-февралда жарыялаган отчетунда белгилейт.

“Башаламан чабуулдар жөн - жай оогандардын медициналык - санитардык жардам алуусун кыйындатып жатканы" баяндамада айтылат. Ошондой эле "Кызыл чырым" “бул зордук - зомбулуктардын аягы көрүнбөйт, тескерисинче жаңырган жылда дагы көбөйүшү мүмкүн" деп, Ооганстан гуманитардык жардамга муктаж болуп турганын баса белгилейт.

Байкоочулар да эл аралык уюмдун быйыл зордук - зомбулук көбөйүшү мүмкүн деген чочулоосуна негиз бардыгын айтышат. Анткени ушул жыл жаңыргандан тарта Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо жергиликтүү аскер күчтөрдүн колуна өттү. Өлкөдөгү 350 миңге жакын аскер жана полиция кызматкерлери бул милдетти аркалоодо. Соңку 13 жыл бою бул милдетти НАТОнун эл аралык коалициясы аткарып келген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG