Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Бишкектеги медресе экстремизмге шектелүүдө


Бишкектеги Абдулла ибн Масуд медресесинде 200дөн ашык окуучу билим алат. (Иллюстративдик сүрөт)

Бишкектеги Абдулла ибн Масуд медресесинде 200дөн ашык окуучу билим алат. (Иллюстративдик сүрөт)

Орусиянын Алтай республикасынын прокуратурасы Бишкектеги чоң медреселердин бирин экстремисттик окуу жай деп тапты.

Алтайдын прокуратурасынын расмий сайтында Бишкекке диний билим алууга жиберген алтайлык өспүрүмдөрдүн ата-энесине административдик жаза катары эскертүү бергени жазылган. Кыргыз тарап өлкөдө экстремисттик окуу жайлар жок экенин айтууда.

Алтай прокуратурасы Бишкектеги Абдулла ибн Масуд медресесин экстремисттик деген чечимин ушул жайда чыгарган. Алтай прокуратурасынын жүйөсүндө аталган медресе Орусияда тыюу салынган “Таблиги жамаат” уюмунун идеяларын окутат. Анын негизинде Алтайдын Кош-Агач районунан Бишкекке кеткен өспүрүмдөрдүн ата-энесине административдик жаза катары эскертүү берген.

Орусияда “Таблиги жамаатына” экстремисттик уюм катары тыюу салынгандыктан жарандары бул багытта билим ала алышпайт. Буга чейин Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюму да "Таблиги жамаатты" экстремисттик уюмдардын катарына киргизген эле.

Кеп болуп жаткан Бишкектеги Абдулла ибн Масуд медресесинде 200дөн ашык окуучу билим алат. Кыргызстандын муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратовдун ишендиргенине караганда, медресе тыюу салынган идеяларды жайылтпайт.

- Кыргызстанда бардык медресе көзөмөлгө алынган. Анын ичинен Абдулла ибн Масуд медресесинде "Таблиги жамааттын" идеялары, экстремисттик багытта билим берилбейт. Биз өлкөнүн туура келген мыйзамдарына ылайык гана билим беребиз.

Аталган медресеге Орусия, Тажикстан, Казакстандан келип окушат. Орусия бийликтеринен эскертүү алган алтайлык өспүрүмдөр учурда окуп жатканы, же мекенине кайтканы азырынча беймаалым.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы да Кыргызстанда экстремисттик идеяларды жайылткан диний окуу жай, медресе жок деген ишенимде. Эгерде шектүү диний окуу жайлар аныкталса, дароо иши токтотуларын УКМКнын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Рахат Сулайманов билдирди:

- Кыргызстанда "Таблиги жамаатка" уруксат берилген. Алар бизде мыйзамдуу иш алып барат. Эгерде радикал топтордун багытын үйрөткөн окуу жайлар аныкталса, дароо жабылат. Азыр бизде андай жок.

“Таблиги жамаат” диний уюм катары Кыргызстанда расмий каттоодо турбайт. Бирок ошол эле кезде мамлекет анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган эмес. Мунун себебин Дин иштери боюнча комиссиянын башкы адиси Замир Турсунбеков мындайча түшүндүрдү:

- Бизде алардын эч кандай экстремисттик маанайда иш алып барганы аныкталган эмес. Бул динди шарыят жолу менен жайылтууга багытталган уюм экени айтылып жүрөт. Болгону кийген кийимдери гана биздин менталитетке туура келбейт. Биз бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Бирок дин комиссиясынын өкүлү аталган жамааттын ишмердүүлүгү толук изилденип бүтө электигин кошумчалады.

Дин жаатындагы адистер Кыргызстанда аталган уюмга так аныктама жоктугун жана канча мүчөсү бар экени да белгисиз экенин айтышат. Коңшулаш өлкөлөрдө бул жамаатка тыюу салынгандыктан Кыргызстанда бекем тамыр жайганын серепчилер белгилеп келишет.

Уикипедия ачык энциклопедиясында “Таблиги жамаат” 1926-жылы Индияда Маулана Мухаммад Илияс тарабынан уюшулган саясаттан чет диний кыймыл экени жазылган. Кыймылдын башкы максаты даават жолу менен динди жайылтуу. “Таблиги жамааттын” шарты боюнча бир адам айына үч, бир жылда 40 күн жана өмүр бою төрт айга дааватка чыгуу зарыл деп айтылат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG