Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Рашид: Кыргызстан динди өзү окутушу керек


Ахмат Рашид Борбор Азия боюнча бир нече китептин автору.

Ахмат Рашид Борбор Азия боюнча бир нече китептин автору.

Кыргызстанда чет элдик диний уюмдардын түзүлүшү жана калыптанышы мамлекет үчүн кооптуу. Мындай пикирин пакистандык белгилүү жазуучу жана журналист Ахмад Рашид "Азаттык" менен маегинде билдирди.

Ахмад Рашид Ооганстан, Пакистан жана Борбор Азия, андагы коопсуздук маселелери боюнча бир катар китептердин автору. Ал Кыргызстанга “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун чакыруусу менен келген.

“Азаттык”: Ооганстанда жакынкы жылдары мейли мыйзамдуу жол менен болсун, же куралдуу согуш аракеттери менен болсун талиптердин бийликке келүү мүмкүнчүлүгү канчалык? “2014-жылы АКШ аскерлери чыгарылгандан кийин Ооганстандагы талиптер күчтөнүп, бийликке келиши да мүмкүн. Алар андан ары Борбор Азияга коркунуч туудурат” деген көз караш көп айтылып жүрөт? Бул божомолдор канчалык чындыкка жакын?

Рашид: Талиптердин өткөн кылымдын 90-жылдарындагыдай жалпы Ооганстанды басып алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе. Учурда ооган армиясынын өлкөнүн бардык аймагын болбосо да негизги шаарларды сактап калууга кудурети жетет. Ошол эле кезде Ооганстандын түндүгүндө мамлекетке баш ийбеген, бирок талиптерге каршы бир топ куралдуу күчтөр бар. Алар да талиптердин мүмкүнчүлүгүн абдан чектеп турат. Ошондуктан талиптердин Борбор Азияга кандайдыр бир кооптуу кырдаал түзүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Бирок мени башка нерсе кооптондурат. Борбор Азиянын өзүндө мурдатан келаткан айрым радикал күчтөр бар. Мисалга алсак, "Өзбекстан ислам кыймылы". Бул уюм мурдагы он жылга караганда азыр кыйла күчтөнүп калды. Эгер талиптер бийликке келип калса же болбосо “ал-Каида” менен биригип, алар бул жакта кооптуу абал түзүүгө аракет кылышы мүмкүн.
Сириядагы согушчандар.

Сириядагы согушчандар.

“Азаттык”: Акыркы кездери Кыргызстандын атуулдары Сириядагы жарандык согушка катышып жүргөнү маалым болуп, Кыргызстанда чоң талкуу жаратып келет. Ал эми сиздин пикириңизде, Ооганстанда жана Пакистандагы согушкерлер ээлик кылган аймактарда канча кыргыз жараны болушу мүмкүн?

Рашид: Кыргыз, казак жана түркмөн жигиттери акыркы кездери "Өзбекстан ислам кыймылына" көбүрөөк кошулуп жатат. Ал кыймыл аркылуу Ооганстан жана Пакистанга келип, ал жактагы радикал күчтөр менен таанышып, байланыш түзүп, андан ары айрымдары Сирия тарапка кетиши мүмкүн. Азыркы учурда "Өзбекстан ислам кыймылы" борборазиялык же пантүркисттик кыймылга айланууда. Ошондуктан бир топ согушкер жаштар ушул кыймылга кошулууда.

“Азаттык”: Кыргыз парламентинин депутаттарынын айтымында, Пакистандагы медресе жана диний окуу жайларда учурда 37 бала билим алып жатат. Ал эми 116 бала окууну аяктаган. Пакистанда диний билим алуу канчалык кооптуу? Анткени Кыргызстанда “Пакистандагы диний борборлордо радикал экстремисттерди даярдайт” деген маалымат бар?

Рашид: Пакистанда миңден ашуун медресе бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү нормалдуу эле медреселер. Ал жакта ислам динин, молдо болууну үйрөтөт, ошондой эле окугандар диндин түрдүү агымдарын үйрөнүп, диний түрдүү лидерлерди изилдеши ыктымал. Жалпысынан айтканда, булар кадимкидей эле жакшы медреселер. Бирок чынын айтканда, кээ бир медреселер согушкер радикалдардын колунда. Андайлар бар, бирок аз. Ал жакта курал колдонууну үйрөтүп, мамлекетке каршы иштегенди окутушу мүмкүн.

“Азаттык”: Кыргызстанда “Таблиги жамаат” уюму боюнча да талкуу жүрүп келет. Айрыкча ЖККУга кирген мамлекеттер жана Өзбекстан тыюу салгандан кийин Кыргызстанда аны экстремисттик деп тааныш керек деген демилге күчтүү. “Таблиги жамааттын” түбү Пакистан, Индияга барып такалат эмеспи, ал канчалык коркунучтуу уюм?
Кыргыз, казак жана түркмөн жигиттери акыркы кездери "Өзбекстан ислам кыймылына" көбүрөөк кошулуп жатат. Ал кыймыл аркылуу Ооганстан жана Пакистанга келип, ал жактагы радикал күчтөр менен таанышып, байланыш түзүп, андан ары айрымдары Сирия тарапка кетиши мүмкүн.
Рашид: “Таблиги жамаат” уюму жалпысынан тынчтыкты сүйгөн уюм. Алар күч колдонууну четке кагат. Башкача айтканда, ислам динин сөз, адамдарды ишендирүү аркылуу жайылтуу философиясын карманат. Динди курал аркылуу же коркутуу менен жайылтуу “Таблиги жамаат” үчүн жат нерсе. Бирок бул жамааттын бир проблемасы - ал абдан чоң жамаат жана миллиондогон мүчөлөрү бар. Алар Филиппин, Бангладеш жана башка түрдүү аймактарга таралган. Айрым учурда кээ бир радикал уюмдар “Таблиги жамаатка” кошулумуш болуп, анын атын жамынып иштешет. Ал эми “Таблиги жамаат” өзү экстремисттик уюмдардын катарына кирбейт, тынчтыкты сүйгөн уюм. Кыргызстан башка борборазиялык мамлекеттерден айырмаланып бир топ демократиялык тарыхы бар, демократиялык принциптер эл арасында сиңген мамлекет. Ошол демократиялык принциптердин негизинде элге өз көз карашын айтууга жана диний ишенимин тутунууга, аткарууга мүмкүнчүлүк берип, бирок ошол эле кезде көзөмөлгө алып турса болот.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча, Кыргызстандын диний саясаты канчалык туура жолдо баратат? Дин менен эркиндиктин чеги туура аныкталганбы? Же айрымдар айтып жүргөндөй, Кыргызстанда динге өтө эле эркиндик берилип калганбы?

Рашид: Чет өлкөдөн, башка мамлекеттен келип бул жакта өзүнүн медреселерин куруу, өздөрүнүн диний институттарын түзүү Кыргызстанга абдан кооптуу. Эгер Кыргызстан мечиттерди өзү салып, өз жарандарын диний жактан өздөрү окутуп тарбияласа бул коопсуз, жакшы ыкма болот. Бул албетте, чет өлкөдөн такыр эле эч кимди киргизбей коюу керек дегендик эмес. Келе беришсин, көрүшсүн, Кыргызстанда саякатташсын. Бирок кайсы бир мамлекетте чет элдик диний институттардын түптөлүшү жана кеңейип, көбөйүшү ар дайым эле кооптуу. Кыргызстандын өзүнүн салттуу дини жана маданияты бар. Маселен, Кыргызстандын диний маданияты бул жакта терең калыптанган суфийликке жакын. Чет өлкөдөн келген башка бирөө окутканга караганда, Кыргызстандын тарыхын жана бул жактагы кырдаалды түшүнгөн адамдар динди окутуп, тарбияласа туура кадам болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG