Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:58

Арсалан Ифтихар - адам укугу боюнча эл аралык юрист, АКШдагы бир катар маалымат каражаттардын медиа-комментатору жана ислам темасына арналган китептин автору.

АКШдагы жана дүйнөдөгү мусулмандардын абалын изилдөө менен алектенген Арсалан Ифтихар Борбор Азиянын бир катар мамлекеттерин кыдырып, жолугушууларды өткөрдү жана дарс окуду. Ал Бишкекте да болуп, "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Сиз Бишкекте ар кайсы чөйрөнүн адамдары менен жолугушууларды өткөрдүңүз. Аларды кандай суроолор кызыктырды?
Ифтихар: Мен өзүм ислам динин тутунган журналист жана адам укуктары боюнча юрист болгондуктан, жолугушууларда дүйнөнүн чар тарабындагы ислам дининин абалы жана мусулмандар, анын ичинде Батыш өлкөлөрүндөгүлөр жөнүндө көп суроолорду беришет. Бу сапар да суроолор менин өзүмдүн өлкөм АКШдагы жана Батыш мамлекеттериндеги мусулмандардын жашоо-турмушу жөнүндө болду.

"Азаттык": Америкада мусулмандардын укуктары канчалык корголгон, аларга өз диний ишенимин толук кандуу аткарууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнбү?

Арсалан Ифтихар Кыргызстандагы жаштар менен жолугушууда.

Арсалан Ифтихар Кыргызстандагы жаштар менен жолугушууда.

Ифтихар: 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин АКШдагы мусулмандардын абалы бир топ татаалдашып кеткен. Бирок ага карабастан өз динибизди толук кандуу тутунууга жана анын талаптарын аткарууга толук укугубуз бар. Чынын айтканда, 11-сентябрдагы окуялардан кийин исламофобия жана расалык басынтуу көбөйгөнү байкалган. Анын үстүнө айрым бир топтор өздөрүнө саясий упай чогултуу үчүн мусулмандарга, аны менен бирге Жакынкы Чыгыштан чыккан адамдарга каршы саясий ураандарды көтөрүп, коомчулукка кайрылган учурлары да болбой койгон жок. Бирок ошол эле кезде коомчулукта ислам, мусулманчылык деген эмне экенин түшүнүүгө кызыгуу да пайда болду. Ушунун арты менен ислам динин кабыл алып жаткан америкалыктардын саны өсүүдө. Анткени алар ислам дини менен терең таанышкан соң бул диндин адам үчүн канчалык пайдалуу экенин сезип жатышат. Ушунун баары Америкада ислам динин тутунган адамдардын жаңы мүчөлөрүнүн санынын өсүшүнө алып келүүдө. Бирок "саясий футболдо" исламды пайдалануу көрүнүштөрүн дагы деле учуратууга болот. Ошондуктан биз өз ишибизди токтотпой, Американын маданий жана этникалык ар түрдүүлүгүн даңазалап, аларды бириктирип, мусулмандарды коомдун ажырагыс бир бөлүгүнө айлантууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

"Азаттык": Эми Кыргызстан жана Борбор Азиядагы диний кырдаалга келсек, 3-февралда Кыргызстандын Коргоо кеңеши өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады. Анда эксперттер да, мамлекеттик органдар да диний абалды кооптуу деп баалашты. Балким, сиз сырттан болсо да Кыргызстандагы, жалпы эле Борбор Азиядагы абалга байкоо салып жүргөндүрсүз. Сырттан караганда Борбор Азиядагы диний абал кандай көрүнөт? Аймакта кандай процесстер жүрүп, кайсы багыт кетип жатат?
Менимче, Кыргызстанга ар кандай диний агымдар эч кандай коркунуч жаратпайт. Кыргызстанда дин эркиндиги бар, адамдар радикал кадамдарга, кескин аракеттерге баруудан карманышат.

Ифтихар: Мен дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде болгом. Аларга салыштырмалуу, Кыргызстанда дин эркиндиги абдан эле жогорку деңгээлде экен. Мусулмандар, ошондой эле башка диндегилер өздөрүнүн динин эркин тутууга толук шарты бар. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүн кыдырган кезде жогорудагы шарттар түзүлбөгөн өлкөлөргө да туш болгом. Ал эми Кыргызстанга чет элден диний таасир канчалык чоң жана кичине даражада тиет, ал кыргыз өкмөтүнүн жана Кыргызстан элинин өз чечимине ылайык болот.
Ифтихар: Менимче, Кыргызстанга мындай агымдар эч кандай коркунуч жаратпайт. Эң башкысы, Кыргызстанда дин эркиндиги болгондуктан адамдар радикал кадамдарга, кескин аракеттерге баруудан карманышат. Менде бул идеялар Кыргызстанга абдан чоң таасир этет деген ишеним жок. Себеби, адамдардын азыр дин, идеология жөнүндө маалымат алууга абдан көп мүмкүнчүлүктөрү жана булактары бар. Мисалы, интернет, анын ичинде социалдык тармактар болгон Фейсбук, Твиттер аркылуу адамдар абдан көп маалыматка ээ болушу мүмкүн. Мен жогорудагы агымдардан эмес, интернеттин терс таасиринен кооптонуу керек деп ойлойм. Аны да этияттык менен пайдалануу керек деп айтаар элем.

"Азаттык": Интернет демекчи, акыркы кезде Кыргызстанда жаштар "интернет имамдардын" таасирине көбүрөөк алдырып, андагы маалыматтардын жетегине кирип, радикалдашып кетүүдө деген да пикирлер бар. Ушундай көрүнүштөрдү кантип алдын алса болот?

Ифтихар: Менимче, мындан да кооптонуунун кереги жок. Мисалы, Кыргызстандагы, Бишкектеги жаштардын жалпы диний билимин, дин жөнүндөгү маалыматын өстүрүү керек. Ал эми динге кызыккан жаштардын Кыргызстанда диний мектептерден, жогорку диний окуу жайлардан билим алууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Интернет кошумча маалымат булагы катары гана колдонулушу керек. Аны жаштар өздөрүнүн билимин тереңдетип, таппаган суроолоруна жооп табыш үчүн пайдаланса болот. Жалпысынан алганда, мамлекеттин өзүндө билимдүү ислам аалымдары, жакшы билим бере турган ислам окуу жайлары болсо, анда интернет булактардын терс таасиринен анчалык коркпой койсо деле болот.
"Азаттык": Сиз Бишкекте Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев менен да жолуктуңуз. Жолугушууда аны жана сизди кандай суроолор кызыктырды?

Ифтихар: Биз азирети муфтий менен абдан кызыктуу жолугушуу өткөрдүк. Азыркы Кыргызстандагы мусулмандардын абалы, АКШдагы, дүйнөнүн башка аймактарындагы мусулмандардын абалы жөнүндө да сөз кылдык. Азирети муфтийдин айтымында, ал Кыргызстандын аймагындагы жашаган элдин ынтымагын чыңдап, мусулмандардын коомчулуктагы ордун бекемдегиси келет.

"Азаттык": "Таблиги жамаат" уюмунун ишмердигине Кыргызстанга кошуна мамлекеттер: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусия экстремисттик уюм катары тыюу салган. Бирок ал уюм Кыргызстанда ачык-айкын иштеп келатат. Ал Кыргызстанда да талкууланып келаткан маселелердин бири. Сиздин пикириңизде, "Таблиги жамаат" мамлекеттин коопсуздугуна канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизиши мүмкүн?

Ифтихар: "Таблиги жамаат" уюмун мен жакшы билем, бул дааватчылардын уюму. Алардын негизги максаты - мусулмандардын ислам дини жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейтүү. Бул уюм көптөгөн мамлекеттерде расмий түрдө иш алып барат. Анын саясатка же башка терс иштерге аралашканын мен байкаган эмесмин. Кыргызстандын кошуна мамлекеттери жана бийликтери аны башка экстремисттик уюмдар менен алмаштырып алып жатышса керек. Мен Кыргызстан кайсы бир диний уюмга, анын ичинде "Таблиги жамаат" уюмуна тыюу салуудан мурда алар тууралуу терең жана толук маалымат чогултуп, негиздүү чечим кабыл алат деп ойлойм.
"Азаттык": Кыргызстандын тартип коргоо органдары экстремисттик иш-аракеттер менен кармалгандардын көбүн өлкөдө тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөлөрү түзөрүн айтып жүрөт. Бул уюмдун иш-аракети мамлекеттер үчүн канчалык кооптуу?

Ифтихар: "Хизб-ут Тахрир" бул партия эмес, аны идеологиялык топ деп айтсак болот. Алардын негизги максаты - дүйнө мамлекеттеринде халифат орнотуу. Көптөгөн өлкөлөрдө бул уюмга тыюу салынган, себеби алардын көз караштарында экстремисттик элементтер бар. "Хизб-ут Тахрирдин" мамлекеттин коопсуздугуна таасир тийгизер-тийгизбеси ошол мамлекетте жашаган элдин дин жөнүндөгү билиминин бар же жок экендигине жараша болот. Эгер адамдарда дин тууралуу билими, диний маданияты жана ал уюм жөнүндөгү маалыматы бар болсо, анда ал коом үчүн мындай топтордун коркунучу жок. Биз адамдарга чыныгы ислам дини эмнеге чакырарын, ал адамдардын жашоосун канчалык баалай турганын түшүндүрүп, исламдагы “өзүңө каалаганды башкага да ыраа көр” деген ураандардын астында аларды динге чакырышыбыз керек. Кыскасы, адамдардын жана жаштардын арасында мусулман деген ким, исламдагы гумандуулук деген эмне деген сыяктуу түшүнүктөрдү кенен таратсак, ар кандай коркунучтардан оолак болмокпуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG