Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Диний-радикал уюмдар аялдарды азгырууда


"Хизб-ут Тахрирге" мүчө деп соттолуп жаткандардын жакындары Ош облустук сотунун алдында турушат. 21-ноябрь, 2008

"Хизб-ут Тахрирге" мүчө деп соттолуп жаткандардын жакындары Ош облустук сотунун алдында турушат. 21-ноябрь, 2008

Чүй облусунун аймагында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүн тымызын жайылтып жүрөт деген шек менен беш аял кармалды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, алар жашаган үйдөн аталган уюмга таандык китеп, баракча, аудио-видео каражаттар табылган. Эксперттердин иликтөөлөрүнө караганда, Кыргызстанда соңку кезде радикалдуу жана тыюу салынган диний уюмдарга аялдарды тартуу күч алууда.

Тыюу салынган уюмдарга кирген аялдардын катары калыңдап баратат

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айбек Арзыматовдун “Азаттыкка” белгилешинче, “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелип кармалган аялдардын үйлөрү мурда топтолгон маалыматтын негизинде тинтүүгө алынган. Тинтүү маалында бардык аялдардын үйлөрүнөн аталган уюмга таандык китептер, баракчалар, аудио жана видео материалдар табылган.

- Биздин кызматкерлер Токмокто "Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү качантан бери жаш кыздарды үйлөрүнө алып келип, сабак өтүп жүрөт деген маалыматтын үстүнөн иштеп жүрүшкөн. Ошонун негизинде атайын уруксат менен ар бир аялдын үйүнө кирип тинтүү жасашты. Анда китептер, диск жана ар кандай материалдар чыкты.

Оперативдүү тасма




Бул окуяга байланыштуу тергөөнү УКМК кызматкерлери жүргүзүүдө. Атайын кызматтын жана эксперттердин иликтөөсүнө караганда, соңку жылдарда Кыргызстанда радикалдуу жана тыюу салынган уюмдарга аялдарды, жаш кыздарды тартуу көрүнүшү күч алган. Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүн башчысы Эмил Жээнбековдун белигилешинче, соңку учурда экстремисттик кылмыштарды жасаган аялдардын саны өскөн. Мисалы мындан он жыл мурда кыз-келиндердин мындай кылмыштарды жасоодогу катышы бир пайызды түзсө, былтыр 23 пайызга жеткен.

- Дүйнөлүк практиканы карап көрсөк, аялдарды экстремизмде дагы, терроризмде дагы колодонгон учурлар көбөйдү. Кыргызстанда да аялдардын экстремисттик мүнөздөгү топтордун үгүт иштерин жүргүзгөндүгү аныкталып жатат. Тилекке каршы бул багытта аялдардын активдешкени байкалып, натыйжада алар кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

Эл аралык кризис тобунун былтыркы иликтөөсүндө, “Хизб-ут Тахрир” уюму сыяктуу радикал диний уюмдардын бутасына турмушу начар, башкалардан колдоо издеген, “караңгы” адамдар бат түшөрү айтылган. Анткен менен жергиликтүү эксперттер тыюу салынган уюмдардын жарандарды өз катарына тартуу ыкмалары да өзгөргөнүн белгилешүүдө.

Аялуу катмарга кайырмак

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жамал Фронтбек кызынын пикиринде, салттуу ислам тууралуу так маалыматтын айылдык кыз-келиндерге жетпей жатышы, мамлекеттин динчил аялдарга кайдыгер карашы да буга себеп болууда.

- Радикал уюмдардын аялдарды тартып жаткандыгы байкалып эле жатат. Биз аларды чакырып атабыз. Биринчиден, бизде каражат жок, очогуна барып иштөөгө. Ал жакка барып иштегенге аялдар жок, бизде ошондой калыпка салынган система жок. Бизде Кыргызстан боюнча он чакты эле аял бар, алар эмнеге жетишет. Имам-хатибдердин алдында дагы аялдар бөлүмү ачылса жакшы болот эле. Кудай сактасын, бирок аялдар үйдүн куту, балдарга тарбия берүүчү медресе деп койот, аял ошондой уюмга кирсе үй-бүлөсү, балдары сөзсүз кирет.

Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы, депутат Каныбек Осмоналиев диний-экстремисттик уюмдарга жарандардын көп өтүп жатышын буга чейин мамлекеттик идеология жана өлкөдөгү бирдиктүү дин саясатынын жок болгону менен байланыштырат. Бирок радикал уюмдарга билимдүү кыз-келиндер тартылууда деген пикирлерге макул эмес:

- Чынында эле мамлекет, өкмөт, Жогорку Кеңеш муну колубуздан чыгарып жибергенбиз. Ошондон пайдаланып мындай уюмдар калктын аялуу катмары болгон аялдарды колдонуп жатат. Алар билимдүү кыздарды тартат дегенден шегим бар. Анткени азыр бир катар окуу жайлар болгон менен өзү билими жок балдар-кыздар көбөйдү. Ошолорду пайдаланышат. Фундаменталдык, сапаттуу билим алган студент эч убакта андай нерселерге азгырылбайт.

Кыргызстандын Жогорку Соту “Хизб-ут Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүнө 2003-жылы расмий тыюу салган. Андыктан анын идеяларын жайылтып, үгүттөгөн жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Дин ишмерлери ушундай маселелердин алдын алуу үчүн мектеп программасына дин таануу сабагын киргизүү демилгесин көтөрүп жүрүшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG