Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Тешебай карыя: Бир уй баккыча, бир жашык бал аары бак


Бал аары гүлдүн ширесин чогултууда.

Бал аары гүлдүн ширесин чогултууда.

Кадамжайлык Тешебай карыя ден соолугуна байланыштуу бал аары багып, бал чогулта албаганына катуу өкүттө.

Ал Кадамжай районундагы Дыйкан орто мектебинде биологиядан сабак берип жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Тешебай карыя Исфайрам дарыясынын сол жээгиндеги Кара-Жыгач кыштагынын оозунда жашайт. Үйүнөн дарыянын шоокуму жана бакта чурулдаган чымчыктардын үнү угулуп турат.

Тешебай карыя. Кара Жыгач кыштагы. 25-июль 2011

Тешебай карыя. Кара Жыгач кыштагы. 25-июль 2011

Ал ден соолугунан улам мурдакыдай балчылык кылып жана тоо-ташка чыгып, дары чөптөрдү жыйнай албай калган. Бирок бал аары же өзү айткандай асал аары бага албай калганына, жогорку билимдүү алты уулунун бири да бул ишке кызыкпаганына өкүнүчтө. Себеби бал челек кармоо уй баккандан да кирешелүү иш дейт карыя:

Тешебай карыя бал аары багуунун артыкчылыгы жөнүндө

- Бир уй баккыча, бир жашык асал аары баккан экономикалык жактан алганда авла (жөндүү). Мисалы, бир уйду жыл он эки ай багасың. Бирок анын сүтүн дайым иче албайсың. Жайында жайлоого бирөөгө бересиң: Өлбөсүн. Сүтү да кереги жок, майы да кереги жок. Багып келип бер, - деп. Күздө жайлоодон кайтып келгенче, ага тоют даярдайсың, жем камдайсың. Агылда тагини (астыны) кургактайсың. Убарагерчилигин айтпа! Бир жашык асал аарыдан эң келип, 25 кг асал аласың. Анын 10 кг. сатам десең, башма-баш сары майга алмаштырат. Бир уйдан 10 кг. сары май ала албайсың. Алмаштырып алган 10 кг. сары майды 10 кг. асалга аралаштырып таштап, жыл бою жей бер. Асал аарынын чакканы, эне аарынын сүтү, прополиси ден соолук үчүн да пайда.

Биз 76 жаштагы карыя экөөбүз үйүнүн алдындагы калың бактын четиндеги сөөрүдө сүйлөшүп отурдук. Тешебай аксакалдын сөзүнчө, адамдар иштөө жолоюн бал аарылардан алыптыр:

- Адам иш принцибин асал аарыдан алган. Эң биринчиси, бала баккандан башталат. Эгер талаадан киреше келип турса, жеми жетиштүү болсо, эне аары бир күндө үч миң тукум коёт. 22-23 күндө тукумдан аары чыгат. Ал он күн үй иштери менен алек болот: үйүн тазалайт, балдарды багат, ташып келинген нектарды тазалайт. Ширенин суусун бууландырып, асалды кадимий абалына келтирет. Аары 35 күндө өлүп жок болуп турат.

Бал аарылар 35 күндүк өмүрүндө тыным албай эмгектенет. Анткени алар бак-дарактар гүлдөп турган учурдан пайдаланып, гүлдөрдүн таттуу ширесин, нектарды чогултушат; болочок муун үчүн кам көрүшөт. Эгер нектар уяга аз жыйналса, тукумдарды азайтышат экен.

Тешебай карыя бал аарылардын өмүрү жана эмгек уюштуруу тартиби жөнүндө

- 35 күн ичинде аарылар дем албай эмгектенишет, - деп улантты сөздү Тешебай аксакал. - Ар бир аары бир рейсте 40 миллиграмм жүк көтөрөт. Бал же шире алчу гүл канчалык жакын болсо, аары уяга ошончолук тез келет. Аары ширени орточо 2 чакырымдан ташыйт. Нектарды ал жыт аркылуу табат. Уяга эшиктен кире бериште контролер аары турат. Контролер аарылар нөөмөт менен иштешет. Алар аары алып келген ширени даамдап көрүп, сапаты жарамдуу болсо, уяга киргизет. Сапаты жок, талапка ылайыксыз нектар алып келген аарыны тиштеп өлтүрөт. Мыйзам катуу. Он күндө 3 миң тукумдан 30 миң аары жаралат. Дегинкиси, аарынын көп болушу тамак-аштын коруна жараша болот. Тамак зады аздады, тукумду кыскартат. Себеби балдарды ачка өлтүрүүнүн кереги жок.


Бал аары

Бал аары

Тешебай карыянын айтымында, эгер бир жашыкта 5 килограммдан аз асал же бал чогултулса, бал челек башка гүл-бактуу жерге көчүрүлөт.

- Бир жашыктан бир күндө 5 килограммга чейин асал чогултулат. 100 жашыктан бир күндө 500 кг. асал болот. Күнүгө кечинде аарылар тынган убакта контролдоочу тараза менен жашык текшерилет. Пайдасы плюс, зыяны минус. Эгер чыгаша болуп жатса, аарыларды көчүрүү керек. Себеби тамак-ашты пайдасыз жеп жатышпайбы.

"Аарылар түнкүсүн да эс алышпайт" деп улантты сөздү Тешебай аксакал. Аарылар түнү бою күндүз гүлдөрдөн ташып келген ширени суудан тазалайт. Себеби ширенин он пайызы гана кант же бал болот.

- Аары адамды зериктирбейт. Түндө жатсаң аарылар ЗИЛ автомобили өйдөлөмүшкө тарткандай болуп, өрөөндүн ичин толтура гүүлдөп турат. Аарылар таң атканча башын пас кылып, эки канатын өйдө кылып, чапкылап, жел айдап турат. Аары ичиндеги алып келген нектарды 237 жолу жутуп, кайра чыгарат. Анткени балды тазалап бүтүп, өз уясына куят. Чогултулган ширенин 92 проценти суу, 8 проценти гана асал. Ошон үчүн таң атканча канаттарын каккылап, сууну ширеден бөлүп алат. Балды 88 процентке жеткирген соң, мөөрдү урат ага. Ал асал 100 жыл болсо да турат. Бузулбайт. Аны кампага басып коёт.

Тешебай карыянын сөзүнчө, балды Кыргызстандагы бардык чөптөрдөн чогултса болот экен.
Асал аары бал чогултууда.

Асал аары бал чогултууда.


- Ушу кезде коён томуктан аябай бал чогултулууда. Анын жыты кычкыл болгону менен асали кара кочкул келип, койуу салынган памил чайдай болот. Азыр эң көп балды коён томук берет. Андан кийин эспарцет. Анын гектары 300 кг. бал берет. Алма гектарынан 80 кг. бал берет. Асал бербеген мөва(мөмө), дарак жок. Чөптөр да, ак чөп да асал берет.

Бал челекчи же асалчинин милдети аарылардын муктаждыгына кылдат көз салып, эгер зарылчылык болсо, тамактандырып туруу. Орун тар болсо, аарыларды көбөйтүү үчүн бөлүү абзел. Ал эми аарылардын үй-бүлөсү көбөйүүсү үчүн атайын шарт түзүү шарт, - дейт эс алуудагы ышкыбоз биолог.

- Биринчиден, жер тар болбош керек. Экинчиден, эне аары беш жыл жашайт. Беш жылдын эң түшүмдүүсү алгачкы эки-үч жыл. Андан аары тукум азаят. Эне аары картаят. Ал ячейкага барып тукум койгон убактысында - түтүгү кеңейип калгандыктан - тукумду ячейканын дал ортосуна койо албай калат. Тукум тике турат. Анткени ага желим ошол замат жабышат. Тукум үч күн тике турат. Үч күндөн соң аары тукумга сүт куят. Сүт асал менен гүлдүн чаңын (перга) аралаштырып жасалат. Аары гүлдүн чаңын буттарына жабыштырып алып келет. Үч күндөн кийин тукум жанагы сүткө жыгылат. Бүт денеси менен тамактантып жатып, ячейка толгондон кийин үстүнү мөөрлөп коёт. 17 күндөн кийин ошол тукумдан жумушчу аары чыгат. 17 күндөн кийин жарыкка келген аары 35 күн жашайт. Анан жаңы муун алмашат.

Ардактуу эс алуудагы билогия мугалими Тешебай Кошбаков сөз соңунда ким бал аарынын сырын үйрөнөм десе, андай адам менен бар билимин жана тажрыйбасын үйрөтүүгө дилгир экенин баса белгиледи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG