Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Ишкерден акча сындырууну токтотуу амалы


Коррупцияга каршы Бишкектеги митинг. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн))

Коррупцияга каршы Бишкектеги митинг. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн))

Ишкерлерди текшерүүнүн тартибин өзгөрткөн мыйзам долбоору иштелип чыкты. Муну бир катар ишкерлер жылыш катары баалашууда.

Анткен менен адистердин айтымында, ишкерликти өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар керек.

Ишканаларды үч топко бөлүү каралууда

Кыргызстанда ишкерлик жайларды текшере турган 20 мамлекеттик орган бар. Ишкерлер - маал-маалы менен жөнү жок текшерүүлөр көп болорун, МАИчилер айдоочулардан кандайча акча сындырышса, ишкерлерди текшерген мамлекеттик органдар да ошондой жол менен акча өөнөп каларын айтып келишет.

Буга карата Экономикалык тескөө министрлиги “Ишкерлик жайларды текшерүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына толуктоолорду киргизген мыйзам долбоор иштеп чыгып, мындан ары ишкерлерди текшерүүнүн тартибин өзгөртүү пландалууда. Аталган мыйзам долбоорду иштеп чыгууга Эл аралык ишкерлер корпорациясы, Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги жана жергиликтүү ишкерлик бирикмелер көмөк кылышты.

Ага ылайык, эгер аталган мыйзам долбоор Жогорку Кеңештен өтүп калса, анда ишкерлик жайлар “кооптуулугу жогору”, “кооптуулугу орто” жана “азыноолак кооптуу” деген үч топко бөлүнүп, ошого жараша текшерилмекчи. Маселен, “кооптуулугу жогору” тобуна кирген ишкана жылына бир жолу текшерилет. “Кооптуулугу орто” тобундагы ишканалар үч жылда бир, “азыноолак кооптуу” ишканалар беш жылда бир текшерилмекчи болууда. Ал эми кайсы ишкана кайсыл топко кире турганын, ошол текшерүүчү органдар сунуштай турганы каралган.

Ошол эле маалда, кайсы мамлекеттик органдар ишкерлерди текшерүүгө акылуу, кайсынысы акысы жок экендигин, учурда базар экономикасына ылайыкташуу жаатында иштеп аткан өкмөттүк комиссия аныктамакчы.

Экономиканы тескөө министринин орун басары Санжар Муканбетовдун айтымында, текшерүүчү органдардын кызматкерлерине колунда текшерүү кагазы болмоюнча кайсы бир ишкананы текшерүүгө тыюу салынышы керек. Текшерүүчү болсо ошол кагазда жазылган суроолорго гана жооп ала алат, анын чегинен чыгып кете албайт. Ал эми бири-бирин кайталаган текшерүүчү органдар кыскарышы ыктымал:

- Өкмөттүк комиссия бар, өкмөттүн структурасын кароо жана аны оптималдаштыруу боюнча. Ошол комиссия сунуш кылышы керек, “бул мамлекеттик орган керек, бул кереги жок, муну бириктириш керек” депчи. Ошонун негизинде дагы бизнести текшерген органдар да азаят...

Кайра эле коррупцияга жол ачуубу?

Ошол эле маалда айрым ишкерлер, ишкананын кооптуулугу жогору же төмөн экендигин ким аныктай турганы тынчсыздантарын айтышууда. Анткени, кимди кайсы топко кошууну ошол эле текшерүүчүлөр чечип калууда.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө директору Сейитбек Усмановдун пикиринде, ишканалар үч топко кайсы аныктамалардын негизинде бөлүнөрү түшүнүксүз. Түшүнүксүз болгондон кийин бул процесс ачык эмес. Ал эми ачык эмес болгон соң коррупцияга мүмкүнчүлүк чоң. Дал ошол текшерүү органдарынын көптүгүнөн жана тоскоол болгонунан улам ишкерлик өнүкпөй атканын айткан Сейитбек Усманов өкмөт ишкерлерди “кооптуу”, “коопсуз” деп бөлгөндүн ордуна, текшерүүчү органдардын санын болушунча азайтса болмоктугун белгилейт:

- Менин оюмча, текшерүүчү орган бирөө эле болушу керек. Салык органы. Мисалы, жөнөкөй адам менен ишкананын айырмасы эмнеде? Ишкана акча жасайт. Алар акча жасагандан кийин, ошондон салык төлөш керек. Ошол салыгын төлөсө эле болду, ишкана бардык ишин аткарды деп эсептеш керек. Ошондуктан ишкерлерди салыкчалардан башка орган текшериши керек эмес. А бизде болсо сен салыкты төлөйсүң, андан тышкары Санэпидемстанция, өрт өчүргүчтөр ж.б. текшерип келип, акыры акча бергенге мажбур болосуң.

“Ниет-Аракет” компаниясынын аткаруучу директору Нурмат Жумакановдун айтымында, бул мыйзам долбоору кайсы бир деңгээлде алдыга жылыш болмокчу. Анткени текшерүү кагазы кайсы бир деңгээлде текшерүүчүнү чектеп турса, мурда жылына бир жолу сөзсүз текшерилиши керек болгон ишканалар, беш жылда бир текшерилүү мүмкүнчүлүгүн алышмакчы.

Бул мыйзам долбоору пландуу текшерүүлөргө тиешелүү. Мурда деле ишкерлик жайлар жылына бир жолу сөзсүз текшерилиши керек болчу. Азыркы айырмасы, болгону текшерүү кагазы менен ишканалардын үч топко бөлүнө тургандыгында.

Ошентсе да бир катар адистердин баамында, “плансыз текшерүү” дегенге таянып, мурдагыдай эле ишкерлерди текшерүүлөр менен жүдөтүү фактылары улана бериши ыктымал. Андыктан текшерүүчү органдардын санын дээрлик азайтуу, алдыңкы өлкөлөр колдонгон көзөмөлдөө-текшерүү механизмдерин киргизүү керек дешет.
XS
SM
MD
LG