Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Дөөлөтмурат Язкулиев “башка бирөөнү жанкечтиликке үндөгөн” деген айып менен беш жылга түрмөгө кесилди.

Дөөлөтмурат Язкулиев өзүнүн бир тууган агасынын үйүндөгү чыр боюнча айыпталууда. Бирок журналисттин туугандары анын бул чырга эч кандай тиешеси жоктугун айтып, Язкулиевге каршы ачылган кылмыш иши анын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу дешет. Бул иш боюнча Франциядагы “Чек арасыз кабарчылар” уюму тынчсыздануусун билдирди. “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын директору Огулжамал Язлыева окуяны мындайча айтып берди:

Огулжамал Язлыева: Дөөлөтмураттын сот иши шаршембиде кечинде башталды. Көп деле адам болгон жок. Акимчиликтен үч адам, анан кабарчыбыздын иши боюнча көрсөтмө бергени анын жакын туугандары барышкан. Аларга суроолорду беришиптир. Баары Дөөлөтмуратка тагылып жаткан айып боюнча бир да далил жок экенин айтып, аны коргошту. Бул иш анын журналисттик жумушу менен гана байланыштуу экенин айтышыптыр.

Төрөкул Дооров: Журналистке “башка бирөөнү жанкечтиликке үндөгөн” деген өңдүү айып менен сот иши Түркмөнстанда биринчи жолу катталып жатабы?

Огулжамал Язлыева: Биздин кабарчыбызга тагылып жаткан айып (үй-бүлөдөгү проблемаларга байланышкан иш – ред.) соңку кездери журналисттерге каршы бийлик тарабынан колдонулуп жаткан куралдын бир түрүнө айланып кетти. Бирок азыркы окуя – андай иштердин сотко чейин жеткен алгачкы учуру. Буга чейин “Азаттык” радиосу менен кызматташкан дагы бир журналистти да ушундай эле негиздеги айып менен “акылынан айныган” деп, ооруканага күч менен жаткырышкан эле.

Өзгөчө биздин радио менен бир ирет маектешип койгон адамдардын да үй-бүлөлөрүндө ушундай кыйынчылыктар жаралып жатканы өкүнтөт. Маселен, кимдир бирөөлөр биз менен кызматташканы үчүн алардын балдары университеттен айдалган же кызынын ажырашып кетишине себепкер болгон, же “баңги аткезчилиги” өңдүү башка айыптар менен камалган учурларын билебиз. Мына ушул окуялардын көбүн азыр соттолуп жаткан кабарчыбыз Дөөлөтмурат Язкулиев чагылдырып жүргөн болчу.

Төрөкул Дооров: Ушундай авторитардык, жабык өлкөдө журналисттердин иши канчалык оор экенин түшүнүп турам. Бирок ага карабай, Түркмөнстанда кабарчыларыңыздар иштеп жатышат. Алар дайыма бийликтин, атайын кызматтардын көз алдында жүрсө, сиздер менен кантип байланышат?

Огулжамал Язлыева: Чынында жабык коомдо журналист үчүн иштөө оор. Мына ушундай кыйынчылыктарга карабай, биз менен кызматташып жаткан кабарчылар бар. Биз алар менен телефон аркылуу эркин сүйлөшүп, маалымат ала албайбыз. Интернет аркылуу да бизге сүрөттөрдү, видео-тасмаларды жибере алышпайт. Журналисттерди коркутуп-үркүтүү деген көрүнүш дайыма бар. Биз менен иштешкендерди жергиликтүү бийликтер билишет. Алардын ысымдарын жашырып деле отурбайбыз, жашырганда пайда жок.

Азыр жалпы улуттук масштабдан алганда, адамдарда Ниязовдун доорунан берки коркуу сезими сакталып турат. Биз өзүбүздүн кабарчылардан көбүнчө интернет аркылуу каттарды гана алабыз. Ошонун негизинде тигил же бул окуянын жүзүн билебиз. Алар ободо өздөрүнүн аты менен эле чыгышат. Алар журналист катары иштөө үчүн аккредитациядан, каттоодон өтө алышпайт. Ошон үчүн расмий иш-чараларга, жыйындарга катышпайт. Маалыматты болгону элдин ичинен, элдин өзүнөн табышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG