Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Аяктап бараткан аптада орус маалымат каражаттарында кеңири сөз болгон Борбор Азиядагы суу талаш маселеси кайрадан талкууга алынды.

Москвалык басылмалардагы “суу согушу”

Орусиянын Regnum, gazeta.ru, “Cовершенно секретно” өңдүү басылмалары “Өзбек президенти Каримов Орусия менен Кыргызстанга согуш ачам деп коркутууда”, “Орусияны суудан чыккан согушка түртүп жатышат” деген темалардагы макалаларды удаасы менен жарыялап, коомчулуктун көңүлүн бурууга катуу аракет жасашты. Өзбекстан бийликтеринин чөлкөмдөгү суу ресурстарын пайдалануу маселесиндеги көз карашы көптөн бери белгилүү болгондуктан, эски жараны ырбатуу кимге керек эле деген суроо туулат. Анткени москвалык басылмалар ызы-чуу салып жаткан жаңылык, же өзбек президентинин билдирүүсү мындан үч жыл мурдараак жасалган. Москвалык белгилүү публицист, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов орус басылмалары маалыматтын так булагын көрсөтө албай чаташканына көңүл бурат:

- Орусиялык бир нече басылма жазган маалыматтагы шилтемелерди издеп таппай койдум. Өзбек президентинин сайтында жарыяланды деп жазышыптыр, ал жакта эчтеме жок. Дагы бирөө сентябрда Астанага барганда айткан деп коюптур. Каримов Казакстанга сентябрда барган эмес. Айтор, бул жерде редакторлордун кесиптик шалаакалыгы, же атайлап жогору жактан берилген тапшырма деп түшүнсөк болот го. Бул сөздү Өзбекстандын президенти үч жыл мурдараак айтып ызы-чуу салган. Ал чын эле региондогу суу ресурстарынын тегерегиндеги талаш, чыр-чатак барып отуруп согушка алып келиши мүмкүн деп айткан.

"Азаттык": Эгерде жогорудан түшкөн тапшырма болсо, анда Москва жедеп Кыргызстандагы жаңы ГЭСтерди курууга чамасы жетпей турганын түшүнүп, аргасыз актануу аракетин жасап жаткан жокпу? Мына, өзбек президенти согуш болот деп коркутуп атпайбы дегендей...

Аркадий Дубнов

Аркадий Дубнов

- Эми журналисттер маалыматты ар кандай чечмелей берсе болот деңизчи. Эң оболу кайсыл жерге чыкты деп карап көрсөм, Regnum маалымат агенттигинде чыккан экен. Regnum – мен үчүн жана мага окшогон далай журналисттер үчүн – ишеничтүү маалымат булагы болгон эмес эч качан. Бул кадимки эле саясатташкан ресурс. Каримов согуш ачам деп коркутуп атат деген маалымат аларга атайын жогортон берилсе, балким бул жерде Орусиядагы маалымат мейкиндигин улам бир темага алаксытуу аракети болушу мүмкүн. Gazeta.ru чоң аналитикалык макала чыгарганына таң калдым. Ал эми ГЭСтерди куруу долбооруна келсек, Орусия убада кылган бул пландар жакын арада ишке ашаарына ишенгендер аз. Мен деле ишенбейм. Бир жагынан Орусиядагы азыркы финансы-экономикалык абал ага жол бербейт. Экинчиден, мен муну мурда да айткам, Өзбекстандын бийликтери бул ГЭСтерге караманча каршы чыгып жатканда,Москва бул каршылыкты жеке өзү жайгара албайт. Ошондуктан азыркы өзбек жетекчилери бийликте турганда, Камбар-Ата жана Рогун ГЭСтери курулбайт.

Ошентип, москвалык эксперт Аркадий Дубнов айткандай, Кыргызстан менен Тажикстанда жаңы ГЭСтерди куруу пландарына азырынча тоскоолдук көп, орусиялык инвесторлор берген убаларын аткараары күмөн. Кыргызстандын өзүндө да Камбар-Ата-1 жана Нарын каскадындагы чакан, орто ГЭСтерди куруу иштери кыйла солгундап турган чак.

Кыргызстанда ГЭС куруу - кымбат жана кыйын иш

Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадында төрт орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча 2012-жылы келишимге жетишкен. Бирок ГЭСтердин курулушу боюнча көзгө көрүнөрлүк иштер жасала элек. Өзгөчө Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иш алдыга жылбай турат. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев “Азаттыкка” билдиргендей, азыркы мезгилге карай Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемеси бекитиле элек. Ошондой эле ГЭСтин курулушун каржылоо булагы да аныктала элек.

Ал эми Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер үчүн өкмөт талап кылынган 565 гектар жерди 26-сентябрда бөлүп берген. Ага чейин 1338 гектар жер бөлүнүп берилген. Өкмөт башчы Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, жер тилкеси бөлүнүп берилгенден кийин “Русгидро” ГЭСтин курулушун жүргүзүүгө 12 млрд. рубль которуш керек.

Алмазбек Атамбаев жана "Русгидронун" ошол кездеги жетекчиси Евгений Дод, Нарын, 27-октябрь, 2012-жыл

Алмазбек Атамбаев жана "Русгидронун" ошол кездеги жетекчиси Евгений Дод, Нарын, 27-октябрь, 2012-жыл

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин маалымдоосуна караганда, “Русгидро” акча бөлүүсү үчүн кээ бир иштер аткарылышы керек:

- Анын өзүнүн жол-жоболору бар. Жерди баалаш керек. Уставдык капитал толтурулат. Мына ошондон кийин акча бөлүнө баштайт.

“Электр станциялар” акционердик коомунун атын атагысы келбеген адисинин айтуусуна караганда, эки тарап “сен жер бөлүп бер”, “сен каражатты бөл” деген абалда турушат. Ошондуктан Жогорку Нарында ГЭСтин курулушу аксап калган. Тышкы иштер министрлигинин атын атагысы келбеген өкүлү да ГЭСтер боюнча эки өлкөнүн келишими ордунан жылбай турганын тастыктады.

Мурунку энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин маалыматы боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 2.7 млрд. доллар керек. Финансы-экономикалык кризиске кабылып турган Орусия үчүн мынча суммадагы каражатты табуу жеңил эмес.

Андан сырткары ГЭСтин курулушуна расмий Ташкен кескин каршылыгын билдирип келатат. Ташкен Камбар-Ата ГЭСи курулса региондун суу балансына доо кетет, ошондуктан ал курулардан мурда Бириккен Улуттар Уюмунун экспертизасынан өтүшү керек деп эсептейт .

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө, Камбар-Ата-1 ГЭСи тескерисинче региондун суу-энергетикалык балансын жакшыртууга салым кошорун билдирген. Кыргыз бийлиги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кошуна мамлекеттерди чакырып келатканы да маалым.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько 15-октябрда маалымат жыйынында “суу-энергетикалык потенциалын кандай пайдалануу биринчи кезекте Кыргызстандын укугу, бирок эл аралык укук бар жана суунун төмөнкү агымындагы мамлекеттердин кызыкчылыгы да эске алынышы керек” деп билдирген. Ал ошондой эле кыргыз тараптын Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча пикир келишпеген тараптар менен сүйлөшүүгө отуруп, ГЭСтин иштөө режимин талкуулап алышы керектигин кошумчалаган.

Кыргызстандагы белгилүү энергетикалык адистердин бири Бакирдин Сартказиев Камбар-Ата-1 ГЭСи экономикалык жактан өзүн-өзү актап кетээри анык болсо, кошуна мамлекеттин каршылыгы анча роль ойнобойт дейт:

Камбар-Ата ГЭСинин курулушу

Камбар-Ата ГЭСинин курулушу

- Экономикалык жактан пайдалуулугу далилденсе, Өзбекстанды карабай эле курулат. Бул биздин жер. Эгемендүү мамлекеттин аймагы. Өзбекстан бизди карап жатабы? Керек болсо Жалал-Абадга бараткан мунайзаттарын (темир жол аркылуу) жайы менен токтотуп коюп жатат го. Эмне үчүн биз өзүбүздүн жерибизде керек болгон объектини кура албайбыз? Курабыз. Азырынча ага кызыккан инвестор экономикалык пайдалуулугун карап жатат.

Орусиянын айрым маалымат каражаттары Кыргызстан Өзбекстанга суу берүүнү акыркы жумаларда абдан эле кыскартып жиберди деп да жазышты. Кыргызстандын Суу чарба департаментинин башчысынын биринчи орун басары Тилек Исабеков 15-октябрда билдиргендей, орус маалымат каражаттарынын мындай маалыматы чындыкка дал келбейт. Биринчиден, сугат мезгили соңуна чыкты. Экинчиден, Чоң Наманган жана Нарындын сол жээгиндеги канал менен суу кадимки өлчөмүндө агып жатат.

Тажикстанда Рогун ГЭСин куруу тарыхый ишке айланган

Өзбекстан каршы чыгып жаткан Тажикстандагы ГЭС курулушу кандай акыбалда экенин сурап Тажикстандагы Экономика жана демография институтунун профессору Хожимухаммед Умаровго кайрылдык:

- Рогун ГЭСин куруу иштери али баштапкы этабында. Эмдиги жылы буюрса Вахш дарыясын жаап, дамба (плотина) куруп баштайбыз. Адегенде элден да каражат топтолуп, мамлекет өз мүмкүнчүлүгүн эсептеп көрөт, андан кийин чет элдик инвесторлорду чакыруу жагы каралат.

"Азаттык": Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп, балким ушул биримдик аркылуу талаштуу маселелерди чечүү жеңилдейби деп үмүттөнүп турган чак. Тажикстандын жетекчилери да Евразиялык экономикалык биримдикке келечекте кошулуу ниетин билдиришкен. Ушул биримдик аркылуу эки өлкө энергетикалык көйгөйлөрүн чече алабы?

Тажикстан -- Рогун ГЭСинин курулуп жаткан дамбасы. 2010-жылы тартылган сүрөт

Тажикстан -- Рогун ГЭСинин курулуп жаткан дамбасы. 2010-жылы тартылган сүрөт

- Тажикстан келечекте Кыргызстанга кошулуп, Евразиялык экономикалык биримдикке кирсе, бул кадам коңшулаш өлкөлөрдөн келип жаткан айрым коркунучтарды азайтат деп ойлойм. Евразиялык биримдик эки өлкөдө ГЭСтерди жана башка гидроэнергетикалык объекттерди курууга жардам бермек. Өзбекстан эл аралык эксперттик комиссия текшериши керек деп кайталап келатат. Рогун ГЭСин куруу планы эл аралык экспертизадан эбак эле өтүп, чет элдик көз карандысыз адистер аны курууга батасын беришкен.

"Азаттык": Өзбек президентинин Кыргызстан менен Тажикстандагы жаңы ГЭСтерге карата көз карашы көптөн бери белгилүү. Бул көз караш деги келечекте өзгөрүшү мүмкүнбү?

- Өзбекстан эгемендик алынган жылдардын башынан эле Кыргызстан менен Тажикстандагы долбоорлорго душмандык кылып келатат. Бул жерде экономикалык гана эмес, тарыхый, маданий себептер да бар. Суудан башка да талаштуу маселелер көп. Аларды качандыр бир тарых таразалап тууралайт деп үмүттөнөм. Ислам Каримов тарыхты да жалгыз өзү чечкиси келет, андай болбойт да турмушта.

Ошентип, орусиялык басылмалар Кыргызстан менен Тажикстандагы жаңы ГЭСтерди куруу ниети Борбор Азияда урушка алып келиши мүмкүн деген маанайдагы макалаларды байма-бай жарыялашты. ГЭСтер азырынча качан курулуп бүтөөрү белгисиз. Эки өлкөнүн жетекчилиги элин жүдөтпөй багыш үчүн бул жаңы ГЭСтер абдан маанилүү экенин жана бул пландан баш тартпай турганын кайталап келатышат.

Андыктан чөлкөмдөгү жетекчилер жана жакынкы-алыскы коңшулар суу талашка от чачпай, бардык кызыкчылыктарды эске алган орток мунаса чечим табышат деп үмүттөнө туралы.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG