Линктер

Эгемендиктин 25 жылдык тарыхында өзбек эли биринчи жолу Ислам Каримов Абдуганиевич жок өлкөдө ойгонушат.

Өзбек диаспора жана оппозиция өкүлдөрү бул күнү көптөн бери күтүп келген. Ушул күндөн кийин сценарий кандай өнүгөрүн аналитик, иликтөөчүлөрдөн алардын ичинде менден да сурап келишет. Анткени Каримовдун өлүмү авторитардык режимде реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болмок.

Мен “Каримов өлгөндө...” деген сөздү канча жолу укканымды санасам эсебимен жаңылам. Мени менен сүйлөшкөндүн баары качандыр бир кезде жакындарын көрүүнү, өлкөдөн тышкары саякаттап, бизнес баштоону, чет өлкөдө окууну эңсеп келишкен. Азыркы Өзбекстанда мунун баары мүмкүн эмес же өтө опурталдуу, өлкө барган сайын тумчуланып, экономикалык жана коомдук жашоо катуу көзөмөл астында.

Бир нече жума мурда этникалык өзбек досум менен Кыргызстандын түштүгүндөгү Өзбекстанга чектеш жерде болдум. Тикенектүү зым тосмонун ары жагында куралчан чек арачылар ары-бери басып жүрдү.

Досум экөөбүз Ташкентте бир нече жыл жашаганбыз. Ал кайра кайтып баруу тууралуу кеп козголгондо “Каримов өлгөндөн кийин гана...” деп жылмайып, башын чайкап койду.

Каримов келбес сапарга аттанды, бирок анын сүрөтү ар бир класста илинип, коопсуздук күчүнө негизделген жана экономиканы ооздуктаган мамлекетте миф дагы жашай берет.

Бүгүн ошол күн жүзөгө ашты. Жаңы эра башталганда эмне өзгөрүшү мүмкүн? Адистер жыйындарда жана макаласында 78 жаштагы Каримов өлгөндөн кийин аймактагы калкы көп өлкөнүн тагдырын канчалык жоромолдошпосун, анын мураскери ким болоруна төлгө тартышпасын биз дээрлик эч нерсе билбейбиз.

Каримов мураскер дайындабай, бийликти өткөрүп берүүнүн так механизмин калтырбай өлдү. Ал курган системага эмес, анын жеке инсандык сапатына көңүл бургандар бизди көптөн бери коркутуп келет: Каримовдун темир муштуму жазылган кезде исламчыл күчтөр Фергана өрөөнүн каптайт. Өлкөнүн өзүндө кландар тиреши күчөйт (балдар үйүндө чоңоюп, советтик мамлекет тарбиялаган Каримов буга жол берген эмес) дешет.

Бул сөздө чындыктын үрөнү бардыр, бирок бул өзбек эли эмнеге өзүн башкара албасын түшүндүргөн миф деп айтаар элем. Политолог Алена Леденова путиндик Орусияга баа бергендей авторитардык режимдин өзбекче гана версиясы. Бир адамга негизделген, анын мүмкүнчүлүгүнө жана өлгөнүнө карабастан жашай берген система. Каримов келбес сапарга аттанды, бирок анын сүрөтү ар бир класста илинип, коопсуздук күчүнө негизделген жана экономиканы ооздуктаган мамлекетте миф жашай берет.

Орто Азия боюнча адистер Ларри Марковиц жана Скотт Раднитц жазгандай, азыркы Өзбекстандын саясий жана экономикалык абалы коңшуларынан бийликтин борборлошкону жана ага бардык экономикалык субьекттердин лоялдуулугу, ага баш ийгиси келбегендерди жазалап турган атайын кызматынын күчү менен айырмаланып турат.

“Күчкө жана паракорлукка” негизделген мамлекетте өнүгүүгө мейкиндик чектелүү, азыркы элитанын Каримов болсо да, болбосо да өзүнө ыңгайлуу системаны өзгөртүүгө ниети жок. Алардын бул позициясына эч ким каршы чыкпасына атайын кызмат да кепилдик берет.

Миф менен күч үстөмдүк кылган системанын күнүмдүк жашоого тийгизген таасирин өзбекстандык ишкер Арамаис Авакяндын мисалынан көрүүгө болот. Жизак облусунда эки көлмөсү бар бул ишкер балык багып, аны сатып бизнес кылган. Иши жүрүшүп, чакан чарбасында бир нече адам эмгектенген. Күтүүсүздөн эле анын менчигин жергиликтүү администрация башчысы өз атына жаздырууну талап кылган. Ишкер андан баш тарткандан кийин көп өтпөй “Ислам мамлекети” тобун колдоду" деп камакка алынган. Авакяндын туугандары жана адвокаты "ага жок айыпты кыйнап моюнга алдырышты" деп айтып чыгышкан. Ушул жерден Авакяндын мусулман эмес, християн динин тутунган армян экенин белгилей кетүү керек. Бирок өзбек соту ага карабастан эле ишкерди төрт жылга соттоп отурат.

Система кала берет жана Каримовдон кийин ал өзгөрөт деп ойлоого негиз жок. Политолог Эрик Макглинчи жыл башында «Өзбекстандын башкаруучу элитасы өзүнө ыңгайлуу режимди уратпай сактап калууга кызыкдар» деп айтканы бар.

Системага берилген, Каримовдой эле күчкө ээ күч органдары өлкөдө бүт чөлкөмгө жайылчу ислам көтөрүлүшү башталат дегенге бекем ишенет.

Акыркы жумадагы окуядан соң өзбектердин үмүтү акталбай, дубалдагы сүрөт гана өзгөрсө, эксперттер «же авторитаризм, же Ислам мамлекети» деген диллемасын айтса, Жизактагы балыкчынын тагдырын эстеп коюу жетиштүү. Акыркы 25 жыл ичинде өзбек эли эмнени кааларын биле алган жок.

Ноа Такер – Registan.net порталынын башкы редактору, Жорж Вашингтон атындагы университеттин окутуучусу. (Элиот атындагы эл аралык мектеби, Орто Азия бөлүмү).

Кыргызчалаган Санжи Туйтунова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG