Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Каримов Москвага үмүт артууда


Орусия президенти Владимир Путин жана Өзбекстан президенти Ислам Каримов.

Орусия президенти Владимир Путин жана Өзбекстан президенти Ислам Каримов.

Өзбекстан президенти Ислам Каримов Москвага иш сапар менен келди. 26-апрелге чейин созула турган сапары учурунда Ислам Каримов Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуу, регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүү өткөрөрү кабарланды.

Орусия президентинин маалымат кызматы Ислам Каримовдун иш сапары 25-26-апрелде өтөрүн маалымдады. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланат.

Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери регионалдык жана эл аралык маселелер, КМШ, ШКУ жана БУУнун алкагында кызматташуу боюнча сүйлөшөт.

Өзбек президентинин маалымат кызматы Ислам Каримов 25-апрелде Москвага жөнөп кеткенин кабарлады.

Орус эксперттери Ислам Каримов Москвада соода-экономикалык эле эмес, аскердик-техникалык жактан кызматташуу жөнүндө сүйлөшөрүн белгилешүүдө.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайра кошулат деген пикирде. “Өзбекстан эртеби-кечпи ЖККУга кошулат”, - дейт Пушков.

Орусиядай эле Борбор Азия мамлекеттери мунай, газга баанын арзандыгынан кыйналып турат. Өзбекстан өтө чоң өлчөмдө курал сатып алалбайт. Дүйнөлүк масштаб менен алганда Куралдуу күчтөрү да чоң эмес. Албетте, Кыргызстанга салыштырмалуу чоңураак.

1992-жылы Ташкентте түзүлгөн ЖККУга Өзбекстан эки жолу кирип, чыкканы маалым. Ал ошондой эле Орусиянын жетекчилигинде түзүлгөн экономикалык интеграциялык долбоорлорго да катышпай келатат.

Ислам Каримов жалпы жамааттыкка караганда кош тараптуу кызматташууларга артыкчылык берерин “Независимая газетанын” Борбор Азия боюнча кабарчысы Виктория Панфилова жазып чыкты. Ал Москвадагы сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Өзбекстанга курал сатууга буруларын болжолдойт:

- Менин көз карашым боюнча, курал сатуу эң актуалдуу маселе. Мындан бир нече жыл мурун Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүн жаңы курал менен камсыздоо боюнча келишим түзүлгөн. Ошол эми аткарылат. Андан сырткары Өзбекстан Орусиянын базарына өзүнүн товарларын чыгарууга кызыкдар.

Орусия азыркы кезде Кыргызстан менен Тажикстандын Куралдуу күчтөрүн модернизациялоо боюнча жардам берип жатканы маалым. Бул эки мамлекеттин болсо Өзбекстан менен чечилбеген маселелери, ошонун айынан карама-каршылыгы бар. Ал карама-каршылыктар курчуп кетүү жагы менен опурталдуу. Жакында эле кыргыз-өзбек чек арасында такталбаган жерге Өзбекстандын аскердик техникасын киргизип коюусу муну далилдеген.

Виктория Панфилованын пикиринде, Орусиянын чатактуу региондорго куралды шыкашы туура эмес. Бирок ага карабай Москва курал сатуудан кайра тартпайт. Бул Тоолуу Карабактын айынан куралдуу кагылышууларга барып турган Арменияга да, Азербайжанга да курал сатуусунан көрүнүп турат.

Орусиянын аскерий талдоочусу Павел Фельгенгауэрдин ырасташынча, Москвада президенттер курал сатуу маселесин сүйлөшүүсү мүмкүн дейт. Ошол эле учурда Өзбекстандын көп өлчөмдө курал сатып алууга чамасы чакталуу:

- Өзбекстан Орусиядан курал сатып алып жүрөт. Азыркы кезде конкреттүү кандай курал сатып алууну сүйлөшөрүн билбейм. Бирок маселе төлөөдө чыгат. Азыр Орусиядай эле Борбор Азия мамлекеттери мунай, газга баанын арзандыгынан кыйналып турат. Өзбекстан өтө чоң өлчөмдө курал сатып алалбайт. Дүйнөлүк масштаб менен алганда Куралдуу күчтөрү да чоң эмес. Албетте, Кыргызстанга салыштырмалуу чоңураак.

Фельгенгауэрдин пикиринде, Өзбекстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайра кошулуусу мүмкүн. Өзгөчө Ооганстан тараптан коркунуч күчөсө, анын мүмкүнчүлүгү көбөйөт. Өзбекстандын саясатын бир киши аныктагандыктан, ал киши ар кандай чечим кабыл алышы мүмкүн, деп кошумчалады Фельгенгауэр.

Орусия менен Өзбекстандын соодасынын көлөмү Казакстан менен Орусияныкына караганда алда канча төмөн. Кыргызстанга салыштырмалуу, албетте, жогорураак. Расмий маалыматтар боюнча, 2014-жылы Ташкент менен Москванын соода байланышынын көлөмү 4 млрд. долларга жакындаган. Инвестициялык кызматташууда Орусиянын "Лукойл" компаниясы газ тармагына инвестиция салып жатканы маалым.

Ислам Каримовдун орус президенти менен сүйлөшүүсүнө Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу келишиминин бузулушу жагымдуу шарт түзөрүн эксперттер белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG