Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Москва Бишкектен кол үзгүсү келбейт


Орусия Кыргызстанды Борбор Азия аймагындагы ишеничтүү өнөктөшү деп эсептерин билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү брифинг учурунда муну баса белгилеп, РТР телеканалы кыргыз-орус мамилелери жөнүндө атайын берүү да даярдады. Кээ бир саясатчылар муну Кыргызстандын АКШ менен кызматташууну калыбына келтирүү аракетинен кийин жасалган кадам деп сыпатташууда.

Москва: Кыргызстан Борбор Азиядагы ишеничтүү өнөктөш

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова 18-февралдагы маалымат жыйынында Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгү бекемделип жатканын белгиледи. Анын айтуусунда, Кремл Бишкектин бул багытты карманып келе жатканын жогору баалайт:

Мария Захарова
Мария Захарова

- Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу боюнча сүйлөшүүдөн чыгуусу тууралуу айтсам, бизде бул маселе боюнча кыргыз бийлиги менен өз ара түшүнүшүү бар. Ал эми мындан аркы эки тараптуу мамиле боюнча айтсак, биздин өлкөлөр бардык негизги багыттар боюнча кызматташтыгын өнүктүрүү үстүндө иштеп жатат. Акыркы жылдары Москва менен Бишкек ЕАЭБ алкагында болобу же башка долбоорлордобу, өз ара түшүнүшүү менен иштөөдө. Биздин өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүгү бекемделүүнүн гана үстүндө.

Москванын өкүлү ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун бекемделип жатканына Орусия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишин, Кыргызстандын товарлары үчүн Орусиянын базарына жол ачылуусун мисал келтирди.

Орусия Кыргызстанда Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимди аткарбагандыгына көзү жеткенде аны денонсациялаган болчу. Декабрдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Орусия өзүндөгү экономикалык кырдаалдан улам ГЭСтерди кура албай калганын айтып, Кыргызстан бул долбоорду ишке ашыруу үчүн башка инвестор издөөгө мажбур экенин билдирген. Бир айга жетпей, Жогорку Кеңеш бул келишимди бузуу чечимин кабыл алып, ага президент Атамбаев кол койгон.

Өнөктөшпү же?..

Камбар-Ата ГЭСтеринин курулбай калышы кыргыз-орус мамилелерине залакасын тийгизбейт.
Өмүрбек Текебаев

9-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен кыргыз парламент спикеринин жолугушуусунда былтыр денонсацияланган - 1993-жылы Вашингтондо кол коюлган эки тараптуу кызматташуу келишимин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду. Андан мурдараак Евробиримдик Кыргызстанда өндүрүлгөн алты миң товардын түрү биримдиктин базарларына жеңилдетилген шартта кирип, сатылат деп жарыялаган. Ушундан улам, кээ бир саясатчылар Орусиянын акыркы билдирүүсүн Кыргызстанды Борбор Азиядагы ишеничтүү өнөктөш катары колдон чыгарбоо аракети менен түшүндүрүп жатышат. Анткени, Кыргызстан айрым ири мамлекеттер үчүн геосаясатта Борбор Азияда үстөмдүк кылуунун куралы болуп калууда дешет алар.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев буга жол бербөө үчүн Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп өнүгүүгө аракет кылууга тийиш деп эсептейт:

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

- Жалгыз эле Орусия эмес, ошол эле Кытай, ошол эле Америка Кыргызстанды колунан чыгаргысы келбейт. Анткени Кыргызстан Борбор Азиядагы өзгөчө абалдагы, экономикасы начар, чакан мамлекет. Өз алдынча өнүгө албай, улам бирөөнүн колун карайт. Муну пайдаланып, бардык эле мамлекеттер бизге таасирин күчөтүүгө аракет кылууда. Буга жол бербөө үчүн мамлекет өз алдынча өнүгүүгө тийиш. Оңолсок, социалдык нааразылыктарды жойсок, экономиканы өстүрсөк, саясий туруктуулукту орното алсак, ошондо гана биз андай мамлекеттерге теңата боло алабыз.

Ошентсе да, Камбар-Ата ГЭСтеринин курулбай калышы орус-кыргыз мамилесине жик сала албайт деген пикирлер да бар. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

- Камбар-Ата ГЭСтеринин курулбай калышы кыргыз-орус мамилелерине залакасын тийгизбейт. Курулуп калса жакшы болмок, бирок курулбай калышынан эки тараптуу мамиле бузулат деген туура эмес.

Орусия Кыргызстанда ГЭС куруу дымагын 2009-жылы эле билдирген. Бирок буга Өзбекстан каршы чыккан болчу. Ошентсе да 2012-жылы орустар Жогорку Нарын каскаддарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну моюнуна алып, бул тууралуу келишимге кол коюлган.

2014-жылы Кыргызстандан АКШ баштаган антитеррордук коалициянын Транзиттик борбору да расмий Москванын түздөн түз көрсөтмөсү менен чыгарылган деген пикирлер айтылып келет. Айрым саясатчылар Транзиттик борбордон жылына түшүп туруучу 60 миллиондон доллардан кол жуудуртуп, өзү убада кылган ГЭСтерди да курбай, Орусия Кыргызстанды сынык тепшиге отургузду деп айтып чыгышкан эле.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG