Линктер

Өзбек диктатору Ислам Каримовдон кийин бийликке ким келет? Репрессиялык режимди өзгөртүүгө үмүт барбы? “Азаттыктын” орус кызматынын бул суроосуна бозгундагы өзбек оппозициясынын лидери Мухаммад Салих жооп берет.

1991-жылы Өзбекстандын Олий Межлисинин депутаты, “Эрк” партиясынын негиздөөчүсү Мухаммад Салих президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болгон. Расмий маалыматта ал шайлоочулардын 12,7 добушун алганы айтылат, бирок Өзбекстандагы радиолор ага чейин 33% добушка ээ болгонун жарыялаган. Шайлоодон кийин Салихти колдогон студенттик демонстрацияга ок атылып, оппозициялык гезиттер жабылган, оппозиция лидерлери камакка алынган.

1992-жылы Салих репрессияга каршылык иретинде мандатын тапшырган. 1993-жылы апрель айында “мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып менен камалып, бирок дүйнө коомчулугунун басымынан улам Ташкенттен сыртка чыкпоо шарты менен бошотулган. Ошондон кийин Түркияга качып кетүүгө үлгүрүп, азыркыга чейин Стамбулда жашап келет. Өзбекстандын атайын кызматтары аны бир нече жолу өлтүрүүгө аракет кылып, эки инисин камаган.

«Азаттык»: Түркмөнстандын мисалынын улам билебиз. Ниязовдон кийин бийлик ошол кезде эч кимге белгисиз Бердимухаммедовго өтүп, саясий башкаруу системасында эч нерсе өзгөргөн жок. Ушундай сценарийди Өзбекстандан да күтүүгө болобу? Же сиз азыр кандайдыр бир жаңычылдыкка үмүт артып жатасызбы?

Эгер эл өз укугун талап кыла баштаса, Өзбекстанда каримовдук саясаттын күнү бүтүп, абал өзгөрүшү ыктымал. Биз кырдаал жакшы жагына оойт деп күтүп жатабыз.

Мухаммад Салих: Азыр алдын ала бир нерсе айтууга болбойт. Орун бөлүштүрүүдөн кийин кырдаал кандай болорун байкап туралы. Мен бул тууралуу сүйлөшүү болду деп ойлойм. Премьер-министр Мирзиёев менен анын орун басары Азимов келечекте Өзбекстанды башкаруу тууралуу консенсуска келгенин уктум. Диктатор бийликтен кеткенде күтүлбөгөн нерселер болушу мүмкүн. 2005-жылы Каримов тынч элге ок аткандан кийин пайда болгон "Анжиян синдрому" унутулуп калды.

Каримовдун өмүрүнүн акырында көчөдө, мектепте, мамлекеттик мекемелерде ага каршы ачык эле сүйлөшүп, эл оюн ачык айтуудан коркпой калган. Андыктан келечекте баарын күтүүгө болот. Эгер эл өз укугун талап кылса, Өзбекстанда каримовдук саясаттын күнү бүтүп, абал өзгөрүшү ыктымал. Биз кырдаал жакшы жагына оойт деп күтүп жатабыз.

Анжияндагы аскерлер, 17-май, 2005-жыл

Анжияндагы аскерлер, 17-май, 2005-жыл

"Азаттык": 1991-жылы сиз президенттик шайлоодо Каримовдун башкы атаандашы болдуңуз эле. Элестетип көрөлү, эгер Каримов ошондо утулуп калганда, Өзбекстанга чыныгы демократиялуу мамлекет болууга шарт түзүлөт беле? Же болбой эле диктатуранын тигил же бул формасын тандайт беле?

Мухаммад Салих: Мен сизге ачык эле айтайын: биз өзбек элинин колдоосуна ээ болсок да, бийликти алууга моралдык жактан даяр эмес элек. Биз алгач конструктивдүү оппозиция түзүп алып, беш жылдан кийин гана бийликке баралы деп ойлогонбуз. Командабыз жаш, тажрыйбасыз болчу. Андыктан чоң ийгиликти деле самаган эмеспиз. Бирок жеңиш күтүүсүз жерден келди. Шайлоого барган кезде утуп жатканыбызга күбө болдук. Бул интеллигенция баштаган адамдарды да жетекчиси менен кошо алдастатты. Эгер биз ошондо бийликке келсек, эмне болорун айта албайм. Азыр биз даярбыз. 27 жылда эл ичинде биздикиндей имиджи бар бир да уюм чыкпады. Ошол себептүү Каримов мени өлтүрүү үчүн артыман 27 жыл аңдыды. Үч-төрт жолу кол салышты. Кудайга шүгүр, аман калдым. Биз азыр Өзбекстанга кайтып барып, тынч жол менен жаратмандык процессине жана эркин шайлоого катышууга үмүт артып жатабыз.

"Азаттык": Сиздин өмүрүңүзгө акыркы жолу өткөн жылдын декабрында кол салышты окшойт?

Эгер Каримовдун айланасындагы бирөө бийликке келип, ошол эле саясат уланса, анда элде бир эле жол бар. Ал - көтөрүлүш. Анткени дагы бир 20 жылдык диктатураны эл көтөрө албайт.

Мухаммад Салих: Ооба, ошондой болду. Стамбулда кол салууга аракет жасашып, бактыга жараша аны токтотуп калышты. Азыр кол салгандар түрмөдө отурат. Бирөө Өзбекстандын атайын кызматынын офицери.

"Азаттык": Каримовдун башкаруусу атаандаштарына карата чектен чыккан катаалдыгы менен өзгөчө болду. Өзбекстанда сиздин көптөгөн санаалаштарыңыз камакка алынды. Азыр саясий туткундардын саны канча, кайсы бир ысымдарды атай аласызбы?

Мухаммад Салих: Мен өзүмдүн иним Мухаммад Бекжонду айта алам. 17 жылдан бери түрмөдө жатат. Дагы бир тууганым оорукчан болгондо бошотулду. Өзбекстанда азыр миңдеген адамдар башкача ойлонгону үчүн камалып жатат. Жүздөгөн эмес, миңдеген адам. Мен муну көбүртүп айткан жокмун. Эгер Каримовдун айланасындагы бирөө бийликке келип, ошол эле саясат уланса, анда элде бир эле жол бар. Ал - көтөрүлүш. Анткени дагы бир 20 жылдык диктатураны эл көтөрө албайт.

Ислам Каримов

Ислам Каримов

"Азаттык": Өзбекстандык саясий качкындар Каримовдун режимине атаандаша турган олуттуу саясий структураларды түзө алдыбы?

Мухаммад Салих: Биз атаандашканга мүмкүн болушунча аракет кылып жатабыз. Жабык өлкөдөгү элди маалымат менен камсыз кылууга дайым умтулуп келдик. Өзбекстан тууралуу кабарды өлкө ичиндеги өзбектер бизден алышат. Биз чет өлкөдө жашап, каршылык көрсөтүүнүн демин кармоого аракет кылып жатабыз. Гезит чыгарабыз, интернет басылмабыз, радиобуз бар. СД-диск таратабыз. Технологиялык мүмкүнчүлүк кеңейгени Өзбекстандын ичинде пропаганда жүргүзүү жеңилдеп калды. Биз колдон келишинче иштеп жатабыз. Чет өлкөдө биздин олуттуу күчүбүз жок, бирок өлкө ичинде потенциалыбыз чоң. Эгер биз үйгө кайтып барып мурдагыдай эле шайлоого катышсак, 90 пайыз добуш менен утарыбызга күмөн санабайм. Муну өлкөгө барсаңыздар да ырастап беришет. Биз эле эмес, эл ичинен бирөө суурулуп чыкса да ошончо добуш алат. Анткени эл авторитардык режимден тажап бүттү...

"Азаттык": Сиз Каримовдун башкы атаандашы болгонуңуз үчүн ал тууралуу жакшы нерсе айтпасыңыз белгилүү. Ошентсе да анын эсте калаарлык эмгегин эстеп көрүңүзчү?

Мухаммад Салих: Тилекке каршы, ал тууралуу жакшы эч нерсе айта албайм. Биринчи жолу 1989-жылы, ал ЦКнын башына келгенде таанышканбыз. Мен ошондо жакшы жакка өзгөрүү болот деп үмүт кылган элем. Конструктивдүү сүйлөшүп, ишке байланыштуу гана сын айтчумун. Ошол кезде кандайдыр бир үмүт берип, чынчыл адамдай көрүнчү. Кийин анысы беткап болуп чыкты. Бир жылдан кийин бул адам менен сүйлөшүүгө болбосун түшүндүм, анан ушул ишке жеткирген басым башталды

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG