Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Залкар манасчы Жүсүп Мамайдын 95-жазына белек


Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз аптоном облусунун Ак-Чий ооданында залкар манасчы Жүсүп Мамай атанын туулган күнүнө утур, кыргызстандык чыгармачыл топтун иш сапары болду. Ага кытайлык кыргыз окумуштуулары жана жетекчилери катышты.

Манас айылындагы бет ачар

14-апрел Ак-Чий ооданынын Кара-Булак айылында манасчы Жүсүп Мамайдын Кыргызстанда жарык көргөн «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Ажыбек баатыр» сыяктуу китептеринин жана Кыргызстанда Жүсүп ата жөнүндө алгач ирет жарык көргөн «Заманыбыздын кылым жаштуу залкар манасчысы Жусуп Мамай» аттуу эмгектин бет ачар аземи болду.

Жүсүп ата ушул айылдын Меркеч кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ушуну эске алып бул айылга «Манас» айылы деген ат берилип, ал айылдан чыккан Жүсүп атанын шакирттерине да өзгөчө көңүл бурула баштаган. Мындай ийги иштин түбөлүгү түз болсун деген тилегин кыргызстандык топтун жетекчиси Темирбек Токтогазиев аземдин катышуучуларына билдирди:

- Жүсүп Мамай дүйнө кыргыздарынын эң узак жашаган манасчысы. Аксакалыбыздын жүздөн аша жашашын тилейбиз. Ал эми, кара-булактык туугандар, сиздерге бекем ден соолук, Жүсүп атаныкындай узун өмүр каалайбыз. Айылыңыздардан Жүсүп Мамай аксакалдын жолун жолдоп көп манасчылар чыгып келе жаткан экен. Ошол манасчылар да дүйнөгө залкар “Манасыбызды” таанытып жашай берсин!

Бул жолку кыргыстандык чыгармачыл топтун Ак-Чийге тарткан сапарынын башкы уюштуруучуларынын бири, Жүсүп атанын Кыргызстанда чыккан китептерин арап алфабитинен кириллицага которуп, басмага даярдаган, журналист, акын, котормочу Чолпон Субакожоева Кыргызстандан келген топтун курамын жалаң чыгармачыл инсандар гана эмес, улуу сөздү урматтаган, залкар манасчынын эмгегине таазим кылган жеке ишкерлер толуктаганын айтты:

- Биз менен бирге кыргыз тарыхынын энергетикасын изилдөөчү алтайлык Акай Кине, Кыргызстандан «Манас жаңырыгы» теле-радио компаниянын жетекчиси Темирбек Токтогазиев, жазуучу, журналист Мундузбек Тентимимшов сыяктуу чыгармачыл инсандар менен бирге Эмил Шаршенов, Майрамбек Акматалиев жана «Ажыбек» дастанынын демөөрчүсү Ажыбек Ыбышов сыяктуу жеке ишкерлерибиз да келди.

Чолпон айым мындан сырт «Заманыбыздын кылым жаштуу залкар манасчысы Жусуп Мамайдын» демөөрчүсү Дамирбек Курманалиев да Ак-Чийге камынып, бирок айрым себептер айынан келе албай калганын, ошондой эле жогорудагы китептердин баардыгынын электрондук нускасы интернет бетине жайгаштырылганын кошумчалады.

Жыйында кытайлык кыргыз окумуштуусу, «Тил жана котормо журналынын» баш редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай Мундузбек Тентимишов менен Чолпон Субакожоеванын Жүсүп ата жөнүндөгү жаңы китебин «Жусуп Мамайга ак сайраган китеп» деп атады:

- Кыргызда ушундай бир жөрөлгө бар. Байыркылар кандайдыр бир куштун сайраганын укса «Ак сайра кушум, ак сайра, ак сайрасаң оозуңа май» деп, анын сайраганын жакшылыкка жоруп келген. Ошол сыяк биз да ушу Жүсүп Мамайдын «Манасы» жөнүндө Кыргызстан жак качан ак сайраар экен деп канча жылдан бери күтүп келгенбиз. Ортодо көптөгөн түшүнүп-түшүнбөстүктөр да болду. Акыры Кыргызстандан бизге ак сайраган китеп да келип жетти!

Манас көргөзмөканасы

Китептердин бет ачаар аземи аяктаган соң алыстан келген конокторду айыл өкүмөтү «Манас көргөзмөканасына» баштап барды.

“Бул көргөзмөкананын ачылганына эки жыл болуп барат. Алгач Жүсүп атанын айкелинен баштаганбыз. Анан улуттук буюмдарды, Жүсүп атанын сүрөттөрү, күбөлүктөрү менен толуктап жатабыз. Кудай буйруса алдыда көп ойлор бар. Жүсүп атага байланыштуу баардык китептер, сүрөттөр, “Манас” айткан үналгы тасмалар, кол жазмалар, ал киши жөнүндө тартылган даректүү фильмдер сыяктуу көптөгөн материалдарды чогултуп ушул жерге коёлу деп жатабыз», - деп билдирди айыл өкүмөтү Орозокан айым.

Кыргызстандык журналист Мундузбек Тентимишов болсо бул көргөзмөкананын деңгээлин жогору баалап, андагы Жүсүп атанын желимден жасалган ажайып айкелин, арпа- буудайлардын, ошондой эле жаргылчак, соку-сокбилек сыяктуу азыркы жаштардын көңүл төрүнөн көтөрүлүп бараткан буюмдардын ушул жерден орун алып, көп нерселерды эске салып турганы - бу көргөзмөкананын баа-баркын арттыраарын баса белгиледи:

-Кара-Булактагы бул музей кыргыздын духун көтөргөн, “Манастын” рухун көтөргөн, мамлекеттик деңгээлдеги музей болуптур. Биз кыргызстандык журналисттер, окумуштуулар бул жерден көп нерселерди үйрөнсөк болчудай.

Жүсүп атанын айкелинен өзүнө карай сапар

Ден соолугуна байланыштуу Кара-Булактагы аземге манасчы өзү катыша алган эмес. Андыктан манасчынын өзү менен кездешүү аксакалдын Ак-Чий ооданын борборундагы Манас көчөсүндөгү өз үйүндө болду. Алыс-жакындан келген конокторду оодандын аттуу-баштуу азаматтары, манасчынын балдары тосуп алды. Манасчыны буга чейин көргөн-көрбөгөн 20га жуук коноктор атабызды отурган орундугунан козгобостон, бир баштан кол берип учурашкан соң, атайылап дастаркон жайылган үйгө чыкты. Манасчы ата да таягына сөөнүп, колтуктан жөлөгөндөрдүн деми менен дастаркон жайылган үйгө кирип, коноктору менен бирге болду.

Кыргызстандан келген ысык саламдар

Чайлашуудан кийин Кыргызстандан келген топ манасчыга президент Алмазбек Атамбаев жөнөткөн катын окуп берди, анда минтип жазылыптыр:

Кытай жергесынде жашап, кыргыздын “Манасын” бүт дүйнөгө тааныткан айтылуу Жүсүп Мамай атабызга:
«Урматтуу Жусуп ата! Кыргыз журту, Манастын урпактары сиздей касиеттүү атабыз менен сыймыктанабыз! Ата-бабабыз мекендеп келген Ала-Тоонун аркы бетинде жашап, кыргыз элиңизге аска-тоодой эмгек кылдыңыз. Эринбей олтуруп ак-калпак элибиздин муундан муунга айтылып келе жаткан «Манас» дастанын айкөл Манас атабыздын укум-тукумуна чейин жазып, китеп кылып чыгарганыңыз - зор эрдик!
«Карысы бардын ырысы бар» дегендей, сиздей атабыз бар - кыргыз элинин ырысы бар. Эми эмгегиңиздин үзүрүн, элиңиздин сыйын көрүп, урпактарыңызга таалим-тарбыя берип, «Манасыбызды» дагы даңазалай бериңиз! Сизди, эл-журтубуз менен бирге айкөл Манас колдосун!

Эгемен Кыргызстандын гүлдөгөн, күчтүү мамлекет болушуна тилек кылып, эл-журтуңузга, уул-кыздарыңызга ар дайым касиеттүү ак-батаңызды бере жүрсөңүз деп суранаар элек. Арыбаңыз, Жусуп ата! Ден соолугуңуз чың болсун! Бар болуңуз! Таазим этүү менен сунган ушул чакан белек - Сизди терең урматтаган Кыргызстан элинин атынан деп билиңиз!»

Терең урматым менен, Кыргыз Республикасынын президенти
А.Атамбаев.

Бул ыраазычылык катты тыңшап отурган манасчы ата алакан жайып, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге узун өмүр, кыргыз элине тынчылык, бакубат жашоо, Кыргыз мамлекетине гүлдөгөн өнүгүп-өсүү тилеп, ак батасын берди.

Андан соң Кыргызстан өкүлдөрү манасчыга күмүш капка салынган «куран карым», ат-тон, Кыргызстандын карагай көчөттөрүн тартуулады.

Алтайлык кыргыздардын өкүлү Акай Кине да манасчыга Алтайдан ала келген кыдыр дарагын, ташын, арча бүчүрүн соога кылды.

Кыргызды кыйын күндөрдө жоо колунан сактап калган улуу Манас атанын арбагын сыйлап, ушинтип келип отурган топко манасчы ата улам кайра алакан жайып батасын берип, балдары болсо ак сарбашылын туура тартты.

15-апрелде кыргызстандык жана кытайлык кыргыз окумуштуулардын тегерек үстөлү болду. Анда эки мамлекет ортосундагы маданий байланышты чыңдоо, өзгөчө «Манас» эпосуна байланыштуу мындан аркы иш-чараларды кантип улантуу боюнча кеп-кеңештер болду.


Бектур Илияс
Ак-Чий, Үрүмчү
2012-жыл, Апрел


P.S. Автордун жазуу стили сакталды. Бектур Илияс иш-чарадан тарткан сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG