Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Тибетке карай кетчү канжолдогу кыргыз журту: Шайдылда Базар


Кең-Кыр айылындагы 9 жылдык мектеп. Гума ооданы, Хотан аймагы, КЭР. 27.7.2015.

Кең-Кыр айылындагы 9 жылдык мектеп. Гума ооданы, Хотан аймагы, КЭР. 27.7.2015.

Шайдылда Базар – Чыгыш Теңир-Тоо менен Памирден алыста, Тибет тоолорун көздөй кетчү Каракорум тоосунун бийиктеги өрөөнүндө жайгашкан. Бул тоолуу аймакта кыргыздар көптөгөн кылымдардан бери байырлап келгени жоромолдонот. Бул көйгөйдү изилдөө аракеттери улантылууда.

2009-жылдан бери Кытайдын ар кыл аймактарын кезип келем. Үстүбүздөгү (2015-) жылы Кытайдагы кыргыздардын ар кыл аймактарына сапарымды улантып, КЭР аймагындагы памирдик, хотандык, аксуулук, акчийлик (какшаалдык) жана улуучаттык кыргыздардын жерлерин башка алатоолук жана кытайлык кесиптештерим менен бирге кездим. Жолсапар маалында чогулткан маалыматтын айрымдарына назар салыңыздар.

Шайдылда Базар кыштагы

Шайдылда Базар (англисче Xaidulla) – азыркы Кытай Эл Республикасынын Хотан аймагына таандык кыргыз кыштагы. Болжол менен деңиз деңгээлинен 3,646 метр бийиктикте жайгашкан. Хотан аймагындагы Гума (Пишан) ооданына карайт. Бул аталышты арапча “Шахидулла” – “Алла үчүн күбө же шейит кеткен” деген киши ысымы менен байланыштыргандар да бар.

Бул жай Тибетке тутумдашып кеткен бийик тоолордун койнунда, Каракаш дарыясынын башатында, Тарим өрөөнүнөн Тибетке жана Индияга карай кетчү байыркы тоо жолунун таманында, Каракорум ашуусунан түндүгүрөөктө жайгашкан.

Шайдылда Базардын негизги калкы – хотандык (түндүк-батыш тибеттик) кыргыздар. Бул кыштактан 25 км батышыраакта Мазар жергеси жана 139 км чыгышыраакта Базар Дара жергеси жайгашкан.

Шайдылда Базар менен Кең-Кыр (Кең-Кыя) кыштактары 1984-жылдан тартып биригип, кыргыз автономиялык айыл аймагын түзүшөт.

Көөнө доордогу тарыхы

Турсунай Нааман, мугалим айым, Кең-Кыр айылы. 26.7.2015.

Турсунай Нааман, мугалим айым, Кең-Кыр айылы. 26.7.2015.

Бул Шайдылда Базардын аймагында байыркы доордо Жихэ падышалыгы орун алгандыгы жоромол кылынат. Бул падышалык тууралуу “Эрте Хан сулалесинин тарыхы” (Хоу хан шу) эмгегинде айтылган.

Бул падышалык байыркы Шулэ (Кашкар) шаарынан 1,000 ли (416 чакырым) түштүктө тоо арасында жайгашкан өлкө катары баяндалган. Мында 350 түтүн, б.а. 4,000 киши бар, анын 1,000 жоокерден турган аскери бар деп сыпатталган.

“Хан шу” эмгегинде бул Жихэ аймагы менен Шийе (азыркы Жаркент) аймагы бирдиктүү падышалыкка баш ийчү, эми ар бири өз алдынча падышага баш ийип калышты, деген да маалымат учурайт.

Тарим өрөөнүнөн Тибетке жана Индияга (Жамму менен Кашмирдин бөлүгү болгон Ладах аймагына) карай кетчү байыркы тоо жолунун таманында жайгашкандыктан, Шайдылда Базар жергеси байыртадан Улуу жибек жолунун бир бучкагын түзгөн десек болот.

Бутпарас (буддизм) дини дал ушул жол аркылуу байыркы Индиядан Чыгыш Теңир-Тоого жана Тарим өрөөнүнө таркаган.

Орто кылымдардагы тарыхынан

Энесай Кыргыз каганаты алыскы Тибет өлкөсү менен элчилик жана соода алакаларын жүргүзүп келгени дайын.

Б.з. 8-кылымынын башында айтылуу Энесай кыргыз каганы Барсбек Тибет менен карым-катнаш түзүү үчүн элчи жиберген.

Энесайда Тибетке кетип, Ата Журтуна кайтпай калган кыргыз элчисине багышталып жазылган таштагы эскерме жазуу сакталып жетти. Элчилерди Түштүк Сибирден Тибетке чейин коштоп барган жан сакчы же башка кызматкер кыргыздардын айрымдары да Тибетке, Гималай тоолоруна чейин барып, биротоло баш паана таап калышты бекен?

Орто кылымдардан бери (балким, 9-кылымдын ортосунан тартып) Тибетке жакын Хотандагы тоолуу аймакты кыргыздардын айрым урууларынын өкүлдөрү байырлап келген.

Кыргыз таануучу, археолог А.Н.Бернштам жазган: “VIII кылымдын акырына — IX кылымдын башына таандык болгон, Лоб-Нордогу чыгыш түркстандык сактардын аймагынан табылган тибеттик документтерде кыргыздар жөнүндө айтылат; Дантохундагы (Тибеттин этектериндеги аймак) сактардын борборуна чабуул койгон кыргыздарды эскерип кетебиз. 724-ж. чендеги тибеттик тарыхый жылнаамалар (хроника) Көкөнордун түндүгүндө жана Тибеттин түндүк-чыгышында, Хаза жергесиндеги туюхун урууларынын арасында кыргыздар жашаганын белгилейт, демек, чыгыш түркстандык кыргыздар бул райондо кокустан пайда болгон эмес, алар байыртадан эле жашап турган уруулардын тобу катарында чыгат”.

Мурдагы кыргыз топторунун эрте агымдарынын өкүлдөрү башка этносторго жуурулушкан, кийинки доорлордо келгендери болсо этностук өз алдынчалыгын сактап калган. Эзелки кыргыз топторунун Тибет, Көкөнор, Хотан тууралуу маалыматтары “Манас” дастаны сыяктуу фольклордук мурастарга тарыхый-географиялык эс-тутумдун бөлүгү катары сыйдырыла берген.

Алигиче кыргыз улутунун бир бөлүгү катары сакталган хотандык (түндүк-батыш тибеттик) кыргыздардын көпчүлүгү – кыргыздын ичкилик тобуна кирген уруулар.

Бул кыргыз уруулары 16-18-кылымдарда сунний мусулмандардын диний-философиялык сопулук агымдарынын ак-тоолук жана кара-тоолук деп аталган, бири-бирине каршы айыгыша күрөшкөн жаркендик жана кашкардык топторунун өз ара согушунда жигердүү катышып, улам бир сопу тобун колдоого алышкан.

Жаркенде (тарыхта “Жаркент”, Йаркенд” деп аталган бул шаардын аталышын азыркы уйгурлар “Жекен” деп, “р” тыбышын жутуп айтышат) өз алдынча хандыкты түзүүгө жана анын коопсуздугун камсыз кылууга да хотандык жана жаркендик кыргыздар чоң салым кошушкан.

Кыргыздардын хотандык (түндүк-батыш тибеттик) айрым топтору 17-кылымдан тартып, 1949-жылга чейинки мезгилде да Хотандан Тибетке жана Индия менен Пакистанга карай кетчү бийик тоолуу соода жолун көзөмөлдөп, анын коопсуздугун камсыз кылып турган.

Жаңы доордогу тарыхынан

Британдык соодагер Роберт Бэркли Шоу (Robert Barkley Shaw) 1868-жылы Индиянын Кангра жергесинен чыгып, Ладах аркылуу түндүккө – Жаркент шаарын көздөй жол кезип, Каракорум тоосунун чоң ашуусунан өтүп, Шайдылда Базарга саякат жасаганы маалым. Каракаш дарыясынын башатындагы бул жерде ал сапарын андан ары Жаркенди көздөй улантууга уруксат күтүп бир канча күн кармалган. Ал кезде аймакты Кашкарды бийлеген Жакыпбек бадөөлөттүн өкүмүн тааныган Жаркент беги шайдылда-базардык кыргыздар аркылуу көзөмөлдөп турган болчу.

Аймак үчүн эл аралык күрөш курч жүрүп турган. Маселен, 1864-жылы, бул аймакта Кашмирдин махаражасы өз чек арачыларынын бекетин убактылуу орнотууга жетишкендигин, бирок Жакыпбек бадөөлөттүн Чыгыш Теңир-Тоодогу жанга Таримдеги бийлиги турукташкан соң, кашмирдик бул чек арачылар кайра Индияга чегинип кетишкенин, алардын бул аймакты ээлөөгө эч негизи болбогондугун саякатчы Роберт Шоу тастыктаган. (Shaw, Robert. – 1871. – 6-бап. - 107-бет).

Санжу ашуусуна жакын калганда, Роберт Шоу кыргыздардын меймандостугун көрүп, боз үйдө (аны “ак үй” деп атайт) түнөгөн жана боз үйдү сүрөттөп жазган (1871. - 7-бап. – 130-132-бетте). Көч маалында боз үйдүн уук-керегеси бир топозго артылат, калган бөлүгү (туурдук, үзүк, идиш-аяк, ж.б.) башка да эки топозго жүктөлөт, дейт Шоу.

Роберт Шоунун жээни, айтылуу дипломат, тыңчы жана саякатчы Фрэнсис Йаңгхазбэнд (Francis Younghusband; 1863-1942) мырза 1889-жылы Шайдылда Базар жергесин кезгени маалым. Бул жердеги чепте туруктуу жашаган эч ким жоктугун, эски чептин калдыгы бардыгын, бирок жакын арада конуштаган кыргыздар кой-эчки, төө жана чакан жылкы багышаарын Фрэнсис Йаңгхазбэнд эскерген (Younghusband, Francis. - 1924. - 138-бетте). Ал “чөл сымал, эч кимдин көөнүнө жакпай турган” деп сыпаттаган тоолуу жерде, бирок, көчмөн кыргыздар кылымдар бою байырлап, мал багып келишкен. Бул жайды ал деңиз деңгээлинен 3,658 метр бийиктикте деп аныктап көрсөткөн.

Шайдылда Базарга эгин тээ алты күндүк узактыктан, Хотан аймагынан 5,182 метр бийиктиктеги ашуу аркылуу ташып келип турушат, дейт Ф. Йаңгхазбэнд. Шайдылда Базардан индиялык Ладах аймагынын эң жакынкы кыштагына чейин болжол менен 5,486 метрдик жана андан ылдыйыраак бийиктиктеги үч ашуудан өтүп, 290 чакырымдай жүрүп анан жетүүгө болот, деген британдык саякатчы.

Фрэнсис Йаңгхазбэнддин маалыматына караганда, 1888-жылы Хунза бектигинин (азыркы Пакистандын түндүк тарабында 1947-жылга чейин өкүм сүргөн өз алдынча чакан мамлекет) барымтачылары шарттуу чек арадан өтүп, Шайдылда Базарга чейин келип, мындагы бир катар кыргыздарды туткундап, кулга айландырган экен. Шайдылда Базардагы кыргыздардын башчысы, болжол менен 50 жаштагы Турдукул өз кезегинде кытайлык бийликтерге да, Ладахтын Лех шаарчасында жайгашкан британдык комиссарга да кайрылып, Шайдылда Базардагы кыргыздарды хунзалык барымтачылардан коргоп, өз элинин коопсуздугун камсыз кылууга көмөк беришин өтүнгөн, дейт Ф. Йаңгхазбэнд (1924. – 119-бет). Кыргыздардын көмөк кылуу өтүнүчү камтылган катын Индиядагы британдык оторчуларга жеткирип келген шайдулла-базардык кыргыздын ысымы Муса болгон (1924. - 124-бет).

Фрэнсис Йаңгхазбэнддин тактаган маалыматына караганда, саны 80 кишиден турган хунзалык барымтачылар 1888-жылы Шимшал ашуусу аркылуу өтүп келип, Шайдылда Базардагы кыргыздардын 21ин Сөгөт (Сугет) ашуусунун жанындагы боз үйлөрүнөн барымтага алышкан экен (1924. – 134-бет).

1889-жылы 23-августта Йаңгхазбэнд мырза Шайдылда Базарга келип, кыргыздардын башчысы, кадыр-барктуу Турдукул тарабынан кабыл алынган. Турдукулдун айтымында, анын атасы да, чоң атасы да Шайдылда Базардагы кыргыздардын башчысы болгон (1924. – 138-бет). Бул кыргыздар бири-бирине уланган Күнлүн жана Каракорум тоолорунда гана эмес, Жаркенттеги дарыянын башатына – Памирдин түштүк-чыгышына чейинки ири тоолуу-өрөөндүү аймактарда да көчүп-конуп жашашкан.

Бул доор – Улуу Британия менен падышалык Орусиянын кеңирсиген Борбордук Азияга көзөмөл кылуу үчүн жүргүзгөн “Чоң оюну” маалына туш келген кезең эле.

1890-жылы жай мезгилинде капитан Йаңгхазбэнд менен Жаркенде жолуккан орусиялык тыңчы жана саякатчы, теги поляк, капитан Бронислав Громчевский бул британ тыңчысы хунзалык (канжуттук) хан өзүн “Орусиянын падышасы Александр Үчүнчүнүн коргоосу астында экенин жана Индияга сый конок катары барбай турганын текеберлик менен так кесе айтканын эскерет.

1891-жылы кыска мөөнөттүк аскердик жортуулдан соң, британдыктар Хунза аймагына өз көзөмөлүн орноткон. Сыягы, ошондон кийин хунзалык барымтачылардын Шайдылда Базар аймагына жортуулдары токтотулса керек.

Соңку жаңы доордогу тарыхый жүрүм

Бүбүкадича Абдысамат, кыргыз окуучу кыз. Санжу өзөнүнүн жээги, Кең-Кыр. 27.7.2015.

Бүбүкадича Абдысамат, кыргыз окуучу кыз. Санжу өзөнүнүн жээги, Кең-Кыр. 27.7.2015.

20-кылымдын башында, 1911-жылга чейин, Шайдылда Базар аймагын цин-манчжурдук Кытай мамлекети көзөмөлдөп турган. Бул жер Шинжаң (“Жаңы чек”) аймагына караган. Цин-манчжурдук сулале кулагандан кийин деле аймакты кытайлыктар көзөмөл кылган (айрым учурларда британдыктар да кожоюндук кылышкан).

Кыргыз тарыхчылары Имел Молдобаев, Муратбек Кожобеков, Азиза Турдуева, ж.б. жазышкандай, Каракорум тоо кыркаларында Кытай тарабында чек ара көзөмөлдөө милдетин аткарып жаткан кыргыздарга айтылуу орус саякатчысы Юрий Николаевич Рерих тээ 1925-жылы жолуккан.

"Чордондук Азиянын чыйырлары менен" («По тропам Срединной Азии»; 1933) деген китебинде Ю.Н.Рерих каракорумдук кыргыздар жылкыны жакшы караарын, жылкынын бутунун сыныгын дарылоодо өзгөчө чебердигин көрсөтүшкөнүн эскерген.

1925-жылдын 1-октябрындагы окуяларды сыпаттап жазып жатып, Ю.Н.Рерих Индиянын Ладак аймагынан келе жаткан кербен чыйыр Көк-Жар (“Кокьяр”) жана Санжу (“Санджу”) ашууларына багытталып, экиге айрылып кетчү таштак өрөөнгө жеткенин айтат да, түндүк жактан ак мөңгүлүү залкар тоо кыркасы күтүп турганын, бул тоо кыркасынын тескейинде “тоолуу Кыргызстандын жайлоолору жайгашканын (“За ней находились летние пастбища горной Киргизии”) белгилейт.

Мында “тоолуу Кыргызстан” (“горная Киргизия”) деп Ю.Рерих курамына Шайдылда Базар жергеси да кирген Каракорум тоолорундагы кыргыз журттарын айтып жатат; бул сөзгө Теңир-Тоонун батышын, Алайды, Чыгыш Фергананы камтыган азыркы эгемен Кыргызстан мамлекетинин аймагынын эч тийешеси жок. Демек, Тибеттин түндүк-батышындагы Күнлүн (Куэнлун) жана Каракорум тоолорундагы кыргыз жайыттары да Ю.Н.Рерих үчүн тоолуу Кыргыз жергеси (“горная Киргизия”) болгон.

1925-жылы 3-октябрда Рерихтердин экспедициясы Шайдулла Базар (“Шахидулла”) жергесиндеги чек ара бекетине келип жеткен. Кытай тараптын бул чек ара бекетинде 20дай кыргыз жигити кызмат кылаарын Ю.Н.Рерих жол китепчесинде жазып кеткен.

Саякатчылар Хотан өрөөнү тарапка аккан Каракаш дарыясынын (мындагы “каш” сөзү “асылташ” маанисин берет) жээги менен илгерилеп жүрүп отурушат. 6-октябрда алар тоолуу кыргыздардын көрүстөнүнүн жанынан өтүшөт. Күмбөздөр ирандык стилди элестеткенин, таш менен корулган мүрзөлөрдүн айрымдарына жылкынын же топоздун куйругу учуна илинген бакандар сайылып турганын Рерих сүрөттөп жазат. Ал эми аска-зоолуу тоодогу үңкүрлөрдү кыргыздар кышында турак жай жана кампа катары колдонушат деген кеп бар, дейт Рерих.

1925-жылдын 7-октябрында Рерихтердин кербени Санжу ашуусунан аман-эсен ашып, Хотанды көздөй ылдыйлап түшө баштаганда да, кыргыздар байырлаган журттар аркылуу өтүшкөн.

Ашуунун тескей жагындагы ылдыйыш жол тик эмес, жайык келип, оту көп дөбөлөр менен курчалган экен. “Бул - көчмөндөрдүн бийик тоолуу жайыты экен, бардык жактан кыргыз кыштактары көрүнүп турду. Эми бизди жергиликтүү кыргыз аксакалы - чоң тери тебетейчен, түтөтмө мылтык асынган кырк жаш чамасындагы каарман киши коштоп жүрдү”, - деп, Ю.Рерих Каракаш дарыясынын башатындагы тоолук кыргыздардын боз үйлөрдөн турган журтуна келишкенин, алар бейтааныш коноктордуайрыкча меймандостук менен тосуп алышканын, өтө таттуу коондор менен сыйлашканын жазат. Кээ бир боз үйлөрдө Анжыяндан алынып келген кооз сандыктар бар экенин да саякатчы баамдайт. Мындагы кыргыздар монгол Алтайында жана Жуңгарияда байырлаган көчмөндөргө караганда алда канча оокаттуу турушат экен, - деп Ю.Н.Рерих өз китебинде жазат.

1949-жылдан тартып Шайдылда Базар да курамына кирген бул тоолуу аймак коммунисттик Кытайга карайт.

Азыркы тапта Кашкардан чыгып, Хотан аймагы аркылуу өткөн автоунаалардын заманбап канжолу (G219) Шайдулла Базар жергеси аркылуу өтүп, андан ары Аксай-Чын аймагына келет, андан ары КЭРдин Тибет автономиялык аймагынын түндүк-батыш өңүрүнө жетет.

Аксай-Чын аймагы азыр КЭРдин көзөмөлүндө, бирок Индия бул аймакты өзүнө таандык болчу деп дипломатиялык талаш-тартышты улантып келет.

Шайдылда Базардагы кыргыздар, ошентип, Кытайдын Индияга карай кеткен чек ара аймагына жакын тоолуу жерде байырлашууда.

Кең-Кыр кыштагынын кыргыздары менен карым-катнаш

Хотандын Гума (кытайча Пишан) ооданына караштуу Кең-Кыр (Кең-Кыя) кыштагынын тургундары менен Шайдылда Базар айылында байырлаган кыргыздарынын урук-туугандык карым-катнашы үзгүлтүксүз уланып келет.

Эки кыштактын калайыгы бийик тоо ашуулары аркылуу бири-бирине бир нече күндүк ат жол менен каттап турушат. Жол кыйла жакшырып, азыр бул аралыкты ат менен үч күндө өтүп калышты. Андан тышкары, Каргалык аркылуу Тибетке карай өткөн азыркы заманбап канжол (G219) аркылуу автоунаа менен сегиз-он саатта эле бул эки кыштактын тургундары бири-бирине каттай алышат.

Шайдылда Базардагы жана Кең-Кырдагы кыргыздардын арасында кыпчак, тейит, бостон, найман, черик жана башка уруулардын өкүлдөрү бар.

Соңку мезгилде мындагы кыргыздардын балдары кытай (ханзу) жана уйгур мектептеринде таалим алышат, ал эми кыргыз тилин жана арап арибине негизделген кыргыз жазмасын балдарга ата-энелери өз алдынча үйрөтүшөт.

Шайдылда-базардыктар менен Кең-Кырдагы жолугушуу

Кең-Кыр айылынын жогору жагында, Санжу өзөнүнүн жанында. 27.7.2015.

Кең-Кыр айылынын жогору жагында, Санжу өзөнүнүн жанында. 27.7.2015.

Түпкү теги Шайдылда Базардан болгон жана ушул тапта Кең-Кырда жашап жаткан кыргыздар менен 2015-жылдын теке (июл) айынын 26-27леринде тарыхчы кесиптештерим Аалыбек Акунов жана Нарынбек Алымкулов болуп кезиктик.

Буюрса, алардын ар бири Кытайга жасаган быйылкы сапары тууралуу өз алдынча илимий баяндамаларын жарыялашаар.

Шайдылда Базардагы кыргыздар азыркы тапта да бир жагынан Хотанга, экинчи жагынан Тибетке барып, соода-сатык кылып тураарын үйрөндүк.

Соңку маалда Кыргызстанда Тибеттеги кыргыздар тууралуу үстүрт жазылган макалалар арбып кетти. Алардын авторлорунун айрымдары Тибеттин ичкерки аймагында буга чейин эч ким угуп-көрбөгөн кыргыздар бар экендиги тууралуу саймедирлеп айтышат.

Бизге Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун президенти, профессор Мамбеттурду Мамбетакун, “Жуңго Шинжаң кыргыздары” китебинин автору, этнограф, профессор Абылабек Асанканов жана башка бир катар аалымдар Хотандын түштүгүндөгү тоолордун арасындагы кыргыздардан башка эч кандай тибеттик кыргыздар жок экендигин тастыктап айтып беришкен.

“Кытайда этнография илими абдан өнүккөн. Ар бир коктудагы калайык этностук тегине ылайык иликтенип, катталган. Биз Тибетте башка да кыргыздар бар болсо, сиздерден биринчи кабардар болмокпуз. Бирок Хотандагы Тибет тоолоруна жакын бийик тоолуу аймактардан Кең-Кыр менен Шайдылда Базардан башка эч жерде кыргыздар жашабайт”, - деп профессор Мамбеттурду Мамбетакун мага так кесе айтты.

Профессор Абылабек Асанканов өзүнүн соңку китебинде Шайдылда Базардагы кыргыздардын айылын алардын негизги жайыт жерлеринин кыргызча аталышына ылайык “Сары-Кыя айылы” деп атайт (2013. – 93-95-беттер). Бирок расмий картадан Шайдылда Базар (Шайдилла) деген гана географиялык аталышты учураттык.

Кыргызстандык журналист Айбек Байымбетов мырза да 2012-жылдын кулжа (июн) айында Шайдылда Базар жергесиндеги кыргыздарды көрүп кайткан.

Негизи, Шайдылда Базар – чек ара бекети жайгашкан эски орундун гана аталышына негизделген жалпылаштырылган географиялык аталыш. Бул аймактын ар бир кокту-колоту жана негизги жайлоолору (Маркан-Тоо, Сары-Жон, Сары-Кыя, ж.б.) кыргызча өз-өзүнчө аталыштарга ээ экендигинде шек жок.

Албетте, мында биз “хотандык”, “каракорумдук” же “күнлүндүк кыргыздар”, “түндүк-батыш тибеттик кыргыздар” деп белгилегенде, бирин-серин жүргөн кыргыздар жөнүндө эмес (азыркы тапта бирин-серин кыргыздар Африкадагы Конго өлкөсүндө, Латын Америкасындагы Аргентина сыяктуу айрым өлкөлөрдө, ж.б. пайда болушту го), Шайдылда Базар, Кең-Кыр сыяктуу айылдарда узак мөөнөттөн бери чогуу, жамаатташып (компакттуу) жашап жаткан тарыхый кыргыз топтору тууралуу сөз кылып жатабыз.

Надыр Жолдош, ардагер, Кең-Кыр айылына жакын Санжу суу сактагычынын жанында. 26.7.2015.

Надыр Жолдош, ардагер, Кең-Кыр айылына жакын Санжу суу сактагычынын жанында. 26.7.2015.

Кең-Кыр кыштагында биз менен жолуккан жана баарлашкан Надыр Жолдош уулу, Абдысамат Нуракун уулу, “Манастан” үзүндүлөрдү айткан Турсун ага жана башка кыргыздар Санжу ашуусунун күңгөй бетинде – Шайдылда Базарда байырлаган кыргыздар 1984-жылдан тартып ашуунун тескей тарабындагы Кең-Кыр айылы менен биригип, орток кыргыз автоном айыл аймагы катары расмий макамга ээ болгондугун, анын аркасында тоолук кыргыздар маданий кызыкчылыктарын жүзөгө ашырып жатканына канааттангандыктарын билдиришти жана Кытай өкмөтүнө ыраазылыгын айтышты.

Тибеттен түндүк-батыштагы Шайдылда Базар кыштагында туулуп-өскөн, учурда Кең-Кыр айылында жашап жаткан Абдысамат Нуракун уулу менен маек. Хотан аймагы, КЭР. Т.Чоротегин. 27.7.2015.

Болочокку илимий саякаттар

Жакынкы болочокто Тибетке кетчү тоолуу канжолдун таманындагы Шайдылда Базардын өзүнө комплекстүү этнографиялык жана фольклор таануу багытында саякат кылуу зарыл.

Азыркы тапта, КЭР менен Кыргызстандын өз ара достук мамилелери болуп көрбөгөндөй чыңдалып-тереңдеп жаткан кезде, кыргыз таануу жаатындагы биргелешкен кыргыз-кытайлык илимий саякаттарды ушул жана башка багыттарда (Таш-Коргон, Кызыл-Суу, Текес, Тарбагатай, Лопнор, Гансу, Хэйлуңжаң, ж.б.) уюштурууга тоскоолдук жок десек болот.

Кыскача адабият

Асанканов, А. Жунго Шинжаң кыргыздары (Монография) / Сунуштуу редактор Макелек Өмүрбай; жооптуу редактор Токтосун Карыбек уулу. - Артыш: Кызылсуу Кыргыз басмасы, 2013. - ISBN 978-7-5374-1355-8. - 2+2+1+307 б., сүрөттөр.

Бернштам А.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер /Түзгөн, алгы сөзүн жазган жана которгон Мамбеталиев Сатыбалды. - Б.: Кыргызстан-Сорос кору, 2004. - 576 б. - ISBN 9967-11-197-6.

Громбчевский Б. Доклад подполковника Громбчевского, читанный в Николаевской Академии Генерального Штаба 14 марта 1891 г. // http://militera.lib.ru/research/grombchevsky/01.html

Жумабаев Б.М. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш / Жооптуу ред. Э. Ж. Маанаев. – Бишкек: Учкун, 2009. – 192 бет. – ISBN 978-9967-02-583-7.

Караев О.К., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — С. 41—66.

Каратаев, Олжобай Кубатбекович. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары / Жооптуу редакторлор Тынчтыкбек Чоротегин, Памирбек Казыбаев. - Бишкек, 2013. - 290 б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-27-070-1. - (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин басылмалары. № 174. Окуу китептер тизмеси. № 47.)

Кожобеков, М. Ч. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ.] - ISBN 978-9967-02-942-2.

Рерих Ю.Н. По тропам Срединной Азии. - Самара: Издательство "Агни", 1994. – URL: http://www.centre.smr.ru/win/books/po_tropam/about_book.htm

Турдуева А.С. Кытайдагы кыргыздардын социалдык абалы (1950– 1990-жж.). / Ред. Эгемберди Маанаев.– Бишкек, 2001. - 173 бет.

Урстанбеков, Б., Чороев Т. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 б.

National Geographic Atlas of China (2008). National Geographic Society, Washington, D.C. ISBN 978-1-4262-0136-3.

Shaw, Robert. Visits to high Tartary, Yârkand, and Kâshgar (formerly Chinese Tartary), and return journey over the Karakoram pass, London, J. Murray, 1871. xv, [1], 486 p. incl. col. front., illus. col. plates, 2 fold maps. - Reprint with new introduction (1984): Oxford University Press. ISBN 0-19-583830-0.

Tchoroev, T. ‘The Kyrgyz’; in: The History of Civilisations of Central Asia, Vol. 5, Development in contrast: from the sixteenth to the mid-nineteenth century / Editors: Ch. Adle and Irfan Habib. Co-editor: Karl M. Baipakov. – UNESCO Publishing. Multiple History Series. Paris. 2003. - Chapter 4, p. 109 – 125. (ISBN 92-3-103876-1) URL: http://unesdoc.unesco.org/images/0013/001302/130205e.pdf

Younghusband, Francis. Wonders of the Himalayas. London : John Murray, 1924. vii, 210 pages, [2] leaves of plates: illustrations, map.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG