Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Еврозонанын банктары көзөмөлдөнөт


Европа борбордук банкынын маңдайындагы жанып турган евронун сүрөтү. Франкфурт шаары, Германия
Европа борбордук банкынын маңдайындагы жанып турган евронун сүрөтү. Франкфурт шаары, Германия

19-октябрда Европа биримдигинин жетекчилиги евромейкиндиктеги банктардын ишин көзөмөлдөөчү бирдиктүү система түзүү тууралуу макулдашты.

Брюсселде жетишилген келишимге ылайык, банктарды көзөмөлдөп турчу механизм келерки жылы иштей баштоого тийиш жана евромейкиндикке мүчө өлкөлөрдөгү 6 миңден ашуун банк көзөмөл астына этап-этап менен коюлат.

Айрым бир серепчилер жаңы финансылык механизм евроакчаны колдонгон 17 өлкөнүн бюджеттин бекем контролдоого жол ачат деп жоромолдошот.

Соңку бир нече айда Евробиримдикте банктар ортолук операциялар ырааттуу жүрбөй, анын кесепетинен биринчи кезекте евромейкиндикке мүчө 17 өлкөдө банктар насыяны этияттанып берип калган.

Өз кезегинде мунун зыяны экономиканы инвестициялоого таасир этпей койбоду. Бул көрүнүш өзгөчө сырткы насыяга мойнунан байланган жана бюджеттик чыгымдарды чара жоктон олуттуу кыскарткан Грекия менен Испанияга мүнөздүү. Мунун айынан капитал Түндүк Европага ооп кетүүдө.

Европа Кеңешиндеги Евробримдиктин лидерлеринин жыйынтыктоочу чогулушу. 19-октябрь 2012
Европа Кеңешиндеги Евробримдиктин лидерлеринин жыйынтыктоочу чогулушу. 19-октябрь 2012
Европа монетардык союзуна кирген береги өлкөлөрдөгү кризистин башкы себеби, алардын эрежени бузуп, бюджеттик чыгымдарды ички дүң жыйымдын үч процентинен үч-төрт эсеге чейин көбөйтүп жибергени болду. Болочокто мындай опсолоңдукка жол бербөө үчүн Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин лидерлери банктарды контролдоо механизмин түзүүнү зарыл деп тапты.

Анын зарылдыгын Европа Биримдигинин кеңешинин төрагасы Герман ван Рөмпей жума күнү Брюсселдеги жыйында мындайча түшүндүрдү:

- Азыркы өтө зарыл нерсе - банктарды ала салдырчу жана чек араны билбеген жугуштуу илдеттерди контролдоочу механизмди киргизүү. Анын мыйзамый негизин 2013-жылдын 1-январына чейин тез кабыл алуу үчүн Европа Кеңеши бүгүн түнү тездик менен иштөөгө чакырды. Муну макулдашсак эле береги контролдоочу механизм 2013-жылы эффективдүү иштей баштамак.

Франция баш болгон Түштүк Европа мамлекеттери банктардын ишин көзөмөлдөөчү жаңы мекеме келерки жылдын 1-январынан тарта иштегенин тилеп жатышкан. Себеби азыр капиталга зар болуп турган банктардын финансылык жардам алуусун мүмкүн кылмак.

Француз президенти Франсуа Олланд Брюсселдеги жыйындагы сөзүндө Евробиримдик азыр кризистин бурулуш учуруна жеткенин, жаңы механизмди ишке киргизүү банк кризисин болтурбай, региондо стабилдүүлүктү орнотуудагы маанилүү кадам болорун баса белгиледи:

- Биз евромейкиндиктин проблемаларын чечишибиз жана ишенимди кайра жаратышыбыз керек. Ишеним өсүүгө шыкак болот. Ушул кечте банктардын союзу менен бирге эртеңге зарыл стабилдүүлүктү жана банк кризисин болтурбоочу эффективдүү механизмдерди кайра ордуна койдук. Рынок жана коомдук пикир үчүн, Европанын кайра түз жолго түшүүсүн күткөн жалпы журт үчүн - бул кайырлуу кеч болду. Ырахмат.

Канцлер Ангела Меркель Брюсселдеги жыйындан кийинки пресс-конференцияда. 19-октябрь 2012
Канцлер Ангела Меркель Брюсселдеги жыйындан кийинки пресс-конференцияда. 19-октябрь 2012
Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел банктарды көзөмөлдөө жигердүү иштей баштагандан кийин гана банктар эсебиндеги капиталын көбөйтүүсү мүмкүн, ал үчүн жок дегенде эки ай убакыт керек экенине токтолду:

- Финансы министрлери үчүн мыйзам пайдубалын тез куруу өтө үлкөн мүдөө экенин кайра кайталап айткым келет. Кыска мөөнөттүк билдирүүлөрдү кайра-кайра жасап, биз рыноктун көңүлүн калтырбашыбыз керек. Банктарды көзөмөлдөө атына татыктуу иштегени маанилүү жышаана болот. Ал биз банктардын өз капиталын кайра көбөйтүүсү жөнүндө сөз кылгандан мурда иштей башташы зарыл.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу болсо жаңы түзүлчү мекеме зарыл тапса, еврозонадагы ар кайсы банктын ишине кийлигишерине көңүл бурду.

Финансылык кризис жетелей келген инвестициялык тартыштык, “какаганга муштаган” болуп, Британия, Грекия, Испания, Италия, Португалия жана Кипрдин экономикасы рецессия абалына түшкөнгө көмөкчү болду. Европа экономикасынын локомотиви саналган Германия экономикасы келерки жылы мурда болжогондой 1, 6 процентке эмес, 1 гана процентке өсөт деп прогноз кылганын эскертти.

Евромейкиндикте банктардын ишин контролдоочу бирдиктүү система түзүү макулдашылгандан кийин Испания менен Италиянын өкмөттүк баалуу кагаздары-бонддордун наркы жарым жылда болуп көрбөгөндөй арзандап кетти. Ошол эле учурда европалык компаниялардын акциялары жана евронун наркы апта башындагыдай эле күчтүү бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG