Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Мигранттар ЕБны кризис "сазына" батырууда


Венгрия менен Сербиянын чек арасында түн жамынып өтүп бараткан мигранттар. 30-август, 2015-жыл
Венгрия менен Сербиянын чек арасында түн жамынып өтүп бараткан мигранттар. 30-август, 2015-жыл

Ырбап бараткан миграциялык кризис Евробиримдиктин кезексиз жыйынында талкууланыш керек. Мындай билдирүүнү 30-августта Германия, Франция жана Британия биргелешип жасашты.

“...мындан ары убакытты коротууга болбойт. Азыркы жагдай Европанын ичиндеги токтоосуз аракеттерди жана тилектештикти талап кылат,”- деп белгиленет үч өлкөнүн ички иштер министрлери Томас де Мезьер, Бернар Казнёв жана Тереза Мэй биргелешип жасаган кайрылууда.

Үч мамлекет министрлеринин кайрылуусунда жыл аягына чейин Грекия менен Италияда качкындарды кабыл алуу пункттарын түзүү зарыл экени өзгөчө белгиленет. Мындай борборлор ар бир мигрантты каттап, бармактарынын изин алууга тийиш. Бул мусапырчылыкты башынан кечирип жаткан мигрантты тезирээк таап, анын коопсуз өлкөлөрдөн келгендерин ажыратууга мүмкүндүк берери министрлердин жекшемби күнкү кайрылуусунда так белгиленет. Ушул эле күнү Британиянын тышкы иштер министри Тереза Мэй Евробиримдик өлкөлөрү арасындагы чек аранын жоктугу миграция кризисин дагы курчутат деп, эркин каттоону чектөөгө чакырды.

29-августта Франция менен чектеш сегиз өлкөнүн ички иштер министрлери кездешип, темир жана автожолдордогу көзөмөлдү күчөтүүнү, билетте жүргүнчүнүн аты-жөнүн жазууну жана аларды текшерүүнү зарыл деп табышкан. Ал чаралар жөнүндө билдирген Франциянын ички иштер министри Бернар Казнёв темир жана жолдорду биргелешип күзөтүү дагы күчөтүлөрүн кабарчыларга билдирди:

- Жүргүнчүлөрдүн ким экенин текшерүү, алардын жүктөрүн визуалдык инспекциялоо жана контролдоо поюздарда жана автоунааларда зарылдыкка ылайык киргизилет. Эл аралык темир жол каттамдарындагы бир канча өлкөнүн тартип сактоо органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн патруль өзүнүн натыйжалуулугун эчен ирет ырастады.

Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, быйыл Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө жетебиз деп үмүт кылган 300 миңден ашуун мигрант Жер Ортолук деңизинен өткөн. Андан 2,5 миңден ашуун адам сууга чөгүп, көптөрү дайынсыз жоголгон. Буга чейин 200 миңге чукул мигрант Грекияга, 100 миңдей мигрант Италияга жеткен.

Грекия аркылуу Македонияга өткөн сириялык Ахмад деген бозгун башынан өткөргөн азап-тозоктор жөнүндө "Рейтер" агенттигине мындай дейт:

- Бул сейилдеп жүрүү эмес, муну өлүм жолу десе болот. Грекияда бизге итке жасагандай мамиле кылышты. Биз түшкөн кеменин мотору өчүп калганда, Грекиянын деңиз патрулу жардамга келбей карап турду. Биз чөгүп кетсек тим коюшмак. Акыр аягында Түркиянын деңиз патрулу бизди алып кеткени келди.

Ахмад сыяктуу 140 миң качкын менен мигранттар үстүбүздөгү жылы Венгрияга киришкен. Жети айда Венгриядан 67 миң мигрант баш паанек сурап, алардын ичинен бир нече жүзү гана качкын макамын алышкан. Негизи көпчүлүк бозгундар Евробиримдиктин байгер өлкөсү Германияга жетүүгө тырышат.

Венгриядагы лагерден качууга аракеттенген мигранттар

Венгрия: лагерден качкан мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:08 0:00

Венгрия мигранттар агымын токтотуу үчүн Сербия жак чек арасында 175 чакырымга үч ором тикенектүү зым тартып салды. Аны коштой 4 метр бийик коргон да курмак болууда. Венгр өкмөтүнүн чек араны тосуусун батыш өлкөлөрү катуу сынга алышууда. “Венгрия Европанын орток баалуулуктарын сыйлабай жатат. Ошондуктан, Европанын бийликтери Венгриянын жетекчилиги менен өтө олуттуу, атүгүл абдан курч талкуу өткөрүшү абзел,” - деди Франциянын Тышкы иштер министри Лоран Фабиус жекшемби күнү “Европа 1” радиосуна берген интервьюда.

Венгрия чек арасын тосууну улантууда

Венгрия чек арасын тосууну улантууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Өткөн жумада Австрияда кан жолдун боюндагы жүк машиненин ичинен 71 адамдын сөөгү табылды. Ага байланыштуу Венгрияда беш жаран кармалды.

Австрияда башка бир жүк машинеден сириялык, бангладештик жана ооганстандык 26 качкын табылды. Алардын ичинен суу ичпей каны катып калган үч бала ушу чакта ооруканада дарыланууда.

XS
SM
MD
LG