Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Кремл менен ЕБнын "коргон кеңейтүү" саясаты


Украина Россия Европа биримдигин туусу. саясый плакат (shutterstock.com)
Украина Россия Европа биримдигин туусу. саясый плакат (shutterstock.com)

Кремл былтыр майда Путин президент шайлангандан тарта экс-советтик мейкиндиктеги өлкөлөрдү өз орбитасына тартуу аракетин күчөттү.

Орусиянын таасиринен эркин болууну каалаган жана Евробиримдик менен алаканы бекемдөөгө дилгир коңшулаш өлкөлөр болсо, Кремл аларга каршы экономикалык механизмдерди, анын ичинде товарларын киргизбей коюп, оюн көрсөтүүдө. Мурда Москва кычыраган кышта акча төлөбөдү деп, Украинага көгүлтүр отунду бууган учурлар болгон.

Орусиянын коңшулаш экс-советтик мамлекеттерди эзелкидей жүгөндө кармоо аракети 28-29-ноябрда Вильнюста болчу саммит алдында жанданды.

Кишинёвдун Брюсселге жакындоо ниети байкалгандан кийин Москва сентябрь башында молдован шараптарын сапатына шылтап, Орусияга киргизбей койду. Шараптын сапаты тууралуу техникалык проблемалар түгөнгөн соң маселе саясий өңүткө оогонуна Молдованын экономика министри Валериу Лазар көңүл бурган. Ага чейин Орусиянын премьер-министри Дмитрий Рогозин Кишинёвдун ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык келишим түзүү мерчеми Москваны каршы чара көргөнгө түртүшү этимал деп эскерткен эле.

Евробиримдик да Кремлдин мындай аракетине кол куушуруп отурбады.
Еврокомиссия Молдованын шараптары Биримдикке эркин сатканга уруксат берилсин деген чечим кабыл алды. (Евробиримдикке 28 мамлекет мүчө). Береги чечимди ишке ашырууга бир нече ай кетерин Евросоюздун айыл чарба комиссары Дациан Чиолис 25-сентябрда “Азаттыкка” айткан болчу:

- Еврокомиссия Молдова менен сүйлөшүлгөн эркин соода келишими ратификация болуусун күтпөй эле Молдованын шараптары Европанын базарына киргенге уруксат берилсин деп чечти. Еврокомиссиянын чечими Европа парламентине жана Кеңешине жөнөтүлдү. Бул чечим бир нече айдын ичинде ишке ашуусу мүмкүн деп ишенем.

Кремл бир ай өтпөй Евробиримдиктин учурдагы төрагасы - Литвадан келчү сүт азыктарына да чектөө киргизди. Бул чара санитардык эмес, саясий мүнөзгө ээ экенин Биримдиктин соода комиссары Карел де Гюхт баса белгиледи.

Украинанын жетекчилигинде да Вильнюстагы саммитте Евробиримдик менен Ассоциациялык мүчөлүк боюнча келишим түзүп, эркин соодалашууну каалайт. Бирок ал үчүн эки тоскоолдуктан өтүшү шарт. Биринчиси - Биримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле 15-октябрда билдиргендей, экс-премьер-министр Юлия Тимошенконун Германияга барып дарылануусуна уруксат берилиш керек. Биримдиктин мүчөлөрү Тимошенко айым саясий жүйөөдөн улам 7 жылга кесилген деген пикирде.

Украин президенти Янукович өткөн жума күнү айтканга караганда, Тимошенконун маселесин кантип жөндөө жагы чукул арада биротоло чечилет. Украина андан тышкары шайлоо жана соттор жөнүндө мыйзамды реформалоого тийиш.

Экинчи жагдай Москвага байланыштуу. 2010-жылы Виктор Янукович президент шайлангандан кийин Орусиянын Кара деңиз флотунун Украинада болуу мөөнөтү 2042-жылга чейин узартылган. Ал бирок Москванын газ жана атомдук энергия боюнча компанияларын бириктирүү сунушун четке каккан. Ошондон кийин Москва Украина Бажы союзуна өтсө, газды арзан баада сатканга макулдугун билдирген. Орусия ошондой эле Евробиримдиктен айырмаланып, Украинадан эч кандай демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылбаганы менен, Биримдик менен келишимге кол койуу Киев үчүн “жанкечтиликке” тете болоруна ишаара кылган.

Ушул тапта Украина таразаны салмактап турган чак. Украина 2012-жылы Орусияга 12, 3 млрд. еврого, ал эми Евробиримдикке 12, 9 млрд. еврого товар саткан. Эл аралык валюта фондунун маалымдашынча, Орусия башындагы Бажы үчилтигинин дүң жыйымы былтыр 2,3 триллион долларды түзсө, Биримдиктики 16,6 триллион болгон.

Таасирлүү The Wall Street Journal гезити жазгандай, “бардык тараптар бир нерсеге макул: Кызыкчылыктардын жана эрежелердин карама-каршылыгынан улам Украина Бажы союзуна кошула албайт жана Евробиримдик менен соода келишимин түзө албайт”.

Арийне, серепчилердин айтышынча, кайсы тарап үчүн да болбосун 43 млн. калктуу Украинаны өз коргонуна кошуу эбегейсиз чоң ийгилик.

XS
SM
MD
LG