Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Окууга чолосу жок балдардын кечки мектеби


“Бишкек базарларындагы көрүнбөгөн балдар” аттуу көргөзмөдөн алынган сүрөт. 17-сентябрь, 2015-жыл

“Бишкек базарларындагы көрүнбөгөн балдар” аттуу көргөзмөдөн алынган сүрөт. 17-сентябрь, 2015-жыл

Эл аралык эмгек уюмунун "Борбор Азиядагы балдар эмгегин жоюу" долбоорунун алкагында Кыргызстанда балдарды колдоо демилгелери боюнча эксперттик талкуу өттү.

Ага Түркия жана Тажикстандан келген адистер катышты. Талкууда акыркы жылдарда Кыргызстанда балдардын эмгегин пайдалануу азайганы айтылды. Адистердин баамында, буга мамлекеттик мекемелердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын биргелешкен аракети, эл аралык уюмдар жүргүзүп жаткан долбоорлор салым кошуп жатканы белгиленди.

Он алты жаштагы Бекмырза акыркы эки жылдан бери жалгыз бой энесинин жумушуна каралашып, өзү да кошо иштеп, анын айынан окуй албай калган. Эми жок дегенде тогузунчу классты бүттү деген күбөлүк алайын деп аракет кылып, кечки мектептердин биринде окуп жүрөт. Толук эмес орто билим алганы тууралуу күбөлүк алса андан ары кесиптик-лицейлердин биринен ширетүүчү адистигине ээ болууну максат кылат. Бул мектепте Бекмырзадан башка кечки окууда отузга чукул бала билим алат экен. Алардын бири Жазгүл да мектепке эмне үчүн өз убагында келбей калганын айтып берди:

- Менин кечки окууга келишимдин себеби үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу болду. Өзүм бир аз оорукчан да болуп калгам. Андыктан дарыланып турушум керек. Бир жагынан учурда жеңил жумуштарда иштеп жатам. Ошондуктан бул жакка кечки окууга келдим.

Жазгүл да тигүү цехтеринин биринде иштейт экен. Он алты жаштагы секелек кыз таң атары менен жумушка жөнөп, түштөн кийин саат үчкө сабагына келет.

"Балам окутпадың деп күнөөлөп жүрчү"

Адистер кечки мектепте окуп жаткан балдардын көбү жокчулуктун айынан кичинекей кезинен эле иштеп, окуусу үзгүлтүккө учурап калган өспүрүмдөр экенин айтышат. Баласын кечки мектептен окутуп жаткан Саламат он алты жаштагы уулун эмне үчүн өз убагында окута албай калганын мындайча түшүндүрдү:

- Турмушка байланыштуу мектепке кеч келип калдык. Атасы каза болуп, ортодо кийинки балдарымды караган киши болбой калды. Мен болсо аларды багам деп иштеп жүрдүм. Анан шаарга келип бул кечки мектепти угуп баламды алып келдим. Балам мени окуудан калтырдың деп күнөөлөп жүрчү. Өзүнөн-өзү басынып кеткен. Азыр бул жерге келип окуй баштагандан бери баламдын жүргөн жүрүшү, өзүнө болгон ишеними, тегерегиндегилерге жасаган мамилеси өзгөрдү. Көңүлү көтөрүлүп калды.

Гүлжан да учурда иштеп жүргөн бойго жете элек кызын кечки окууга алып келсемби дейт:

- Азыр "Дордой" базарында сатуучу болуп иштейт. Таңкы алтыда жумушка туруп кетип, түштөн кийин үчтө бошойт. Бош учурунда келип бул жерден окуусун улантса болот экен. Мен ушуну туура көрүп жатам.

Кечки окууну​н зарылчылыгы

2007-жылы Эл аралык эмгек уюмунун техникалык колдоосу менен жүргүзүлгөн улуттук изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жарым миллиондой бала жаш курагына туура келбеген жумуштарда иштей турганы аныкталган. Адистер маселени чечүүдө алардын ата-энесин мыйзам боюнча жазалоодон майнап чыкпайт деп эсептешет. Андыктан Эл аралык эмгек уюму тарабынан Кыргызстанда жумушка тартылган балдарды кечкисин билим алуусун улантуу үчүн пилоттук долбоор баштаган.

Базарда иштеген балдар.

Базарда иштеген балдар.

Азыр бул долбоор Бишкек жана Ош шаарларында иштеп жатат. Борбор калаадагы №94 мектепте уюштурулган кечки окууну жетектеп жаткан Айгерим Бокошева учурда мектепке өз демилгелери менен окууну каалаган балдар келе баштады дейт:

- Бул балдардын айрымдары ата-энесинен ажыраган, айрымдарынын ата-энеси ажырашып кеткен, айтор, психологиялык жана социалдык жактан ар кандай кырдаалдарга туш болгон. Эми ошол убагында каралбай калган балдар келечекте кайсы бир кесиптин ээси болуш үчүн сөзсүз документ алыш керек экенин түшүнүп жатышат. Андыктан мындай абалга кабылган балдар күндүзү иштесе да өздөрүнүн демилгеси менен кечкисин келип окуп жатышат.

Балам мени окуудан калтырдың деп күнөөлөп жүрчү. Өзүнөн-өзү басынып кеткен. Азыр бул жерге келип окуй баштагандан бери баламдын жүргөн жүрүшү, өзүнө болгон ишеними, тегерегиндегилерге жасаган мамилеси өзгөрдү. Көңүлү көтөрүлүп калды.

Аталган мектептин директору Талантбек Базаркулов кечки окууга келген балдардын окуу программасы тууралуу кеп салды:

- Бизде келечекте билимдүү, сабаттуу муунду тарбиялаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Чындыгын айтканда, күндүзгү окуудан кечки окуунун жүгү азыраак болот. Буларга дене тарбия, музыка сабагы кирбейт. Калган сабактар толук эле кире берет. Окуу программасы ошол эле бойдон. Бирок, кечинде окуган балдардын жетишүүсү күндүз окуган балдарга караганда айырмаланып турат. Себеби балдар жумуштан кийин чарчап калат.

Базаркуловдун айтуусунда, окуучулар базалык деңгээлине жараша окутулуп, ар бир балага жекече көңүл бурулат.

Жумушка тартылган балдар азаюуда

Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук координатору Амина Курбанова учурда Кыргызстанда оор жумушка тартылган балдардын саны жылдан-жылга кыскарып баратканын кеп кылды. Бул - Түркия, Тажикстан, Кыргызстан өкүлдөрүнүн Бишкекте өтүп жатканы пикир алмашуусунда талкууланды:

- Кыргызстанда 2007-жылы балдардын эмгектенүүсү боюнча биринчи жолу изилдөө өткөрүлгөн. 2014-жылы Улуттук статистикалык комитет экинчи изилдөөнү өткөрдү. Мында Кыргызстанда балдардын эмгегин пайдалануу жакшы жагына өзгөргөнү байкалган. Албетте, бул азырынча 5-6 эле пайызды түзөт. Бирок кандайдыр бир жылыш бар экенин ырастайт. Мындан улам биздин биргелешкен аракеттер жакшы жыйынтык бере баштаганын айтсак болот.

Адис балдар эмгегинин азая баштаганына буга мамлекеттик мекемелердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын биргелешкен аракети, эл аралык уюмдар жүргүзүп жаткан долбоорлор салым кошуп жатканын кошумчалады:

- Ушул жылдагы окуу жылынан баштап №94 – мектепте да жергиликтүү бюджеттин эсебинин үч класс ачылды. Ага иштейбиз деп орто жолдон мектепке барбай калгандар же буга чейин таптакыр окубагандар кабыл алынат. Биз азыр 2-3 жыл мектепке келбей калгандарды кездештирип жатабыз. А тургай он сегиз жашка чыкса да таптакыр мектеп босогосун аттабагандар бар экен.

Курбанова учурда кечки окуунун усулдук программасы күндүзгү окуунун стандарттары менен бирдей болгону менен орто мектепти бүтпөй калган окуучуларга негизинен аттестат керек экенин айтып, кечки окууну - аргасыздыктан чыгуу жолу катары баалады.

Чет өлкөнүн тажрыйбасы

Жыйында Кыргызстан маселени чечүүнүн туура жолун тандап алганын айткан Түркиянын Эл аралык эмгек уюмунун өкүлү Нетжай Кособай өз өлкөсүнүн иш тажырыйбасын ортого салды:

- Билим берүү кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, жалпы эле жашы жете элек балдарды иштетүүгө каршы жигердүү жарандар балдарды иштеп жаткан жеринен алып баса берүү менен маселе чечилбей турганын билип калды. Эң башкысы - алдына алуу иштерин жүргүзүү. Балдар мындай абалга кабылып, оор жумуштун айынан ден соолугун мертинтип албашы үчүн дайыма алына алуу иштерин жүргүз туруш керек . Эгер материалдык жактан алып карай турган болсок бир баланы оор жумуштан чыгарып кетүү аны алдын алууга караганда он эсе кымбат турат. Мен андыктан балдар оор жумушка барбаш үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүүнү сунуштайт элем.

Нетжай Кособайдын мындай сунушу экономикалык жактан каржалып турган Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн азырынча эртелик кыларын айткан Тажикстандын Эмгек жана миграция министрилигинин өкүлү Ражаб Ражабов өз өлкөсүндөгү абалга токтолду:

- Бизде да 2012-жылы балдардын эмгегин пайдалануу боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы Кыргызстандагыдай эле. Иштеп жаткан балдар беш жүз миңдин тегерегинде. Бир нерсени белгилеп кетейин, Тажикстан Кыргызстан сыяктуу эле жаш өлкө. 2012-жылкы эсептөө боюнча калктын 42 пайзы жаштар экени аныкталган. Мындан улам Тажикстанда балдарды оор жумуштан арылтуу боюнча эл аралык нормаларга ылайык келген бир нече документтер кабыл алынган. Жакында биз кыргызстандык кесиптештерибизди Тажикстанга чакырып абалыбызды ортого салып, андан чыгуу жолдорун талкуулайбыз.

Топ тепкен балдар.

Топ тепкен балдар.

Ражабов Тажикстанда да Кыргызстандагыдай чоң шаарларда иштеген балдардын дээрлик баары региондордон келип, окуусун таштап, жаш кезинен ишке тартылгандар экенин белгилеп, бул боюнча учурда Тажистанда Эмгек жана миграция министрилиги жаңы мыйзам долбоорун сунуштаганы жатканын маалымдады.

“Балдар иниституту” коомдук фондунун өкүлү Нуржамал Жакупова учурда балдар эмгеги боюнча Борбор Азиядагы абал бири-биринен анчалык айырмаланбайт деген пикирде:

- Чындыгын айтканда балдар эмгегин көзөмөлдөө жалпы дүйнө жүзү боюнча актуалдуу тема. Бул жеке Кыргызстандын көйгөйү эмес Тажистанда да мындай маселе бар экенин уктуңуздар. Өзбекстанда да абал жакшы эмес. Ал жерде балдар пахта теримге катышып келет. Дүйнө жүзү деле мындай көйгөйдөн куру эмес. Мисалы Индия, Пакистан өлкөлөрүндө футбол жана волейбол топторун, кандайдыр бир кийимдерди жасоого балдардын эмгеги колдонулат.

Жакупова мектеп жашындагылардын иштеп жаткандыгы аныкталганы менен, муну тастыктаган документтер болбогондуктан балдардын укугун коргоо көп түйшүк жаратарын айтат.

Эмгек менен тарбиянын айырмасы

Балдарды коргоо фондунун адиси Кумар Эргешова балдардын эмгеги тууралуу сөз кылууда балдарды эмгекке тарбиялоо менен аларды мажбурлап иштетүүнүн айырмасын тактап алыш керек дейт:

- Азыр 2000-жылдагыдай массалык түрдө окубай калган балдар жок. Кудайга шүгүр, бир аз болсо да оңолуп калдык. Мен муну шаар боюнча айтып жатам. Элет жеринде кандай экенин так айта албайм. Себеби айылдарда изилдөө иштери жүрө элек. Дагы бир маселе: бизде көпчүлүк балдарды эс алуу мезгилинде башка өлкөлөргө алып кетип, бала бактырып, же дагы башка ишке салып жүргөндөр бар. Ошонун эсебин алган киши жок. Ал бала кайра келдиби же келбедиби белгисиз. Кышында Екетеринбургда бала багып жургөн кыз боюнча кайгылуу окуя катталды. Ошол сыяктуу миграцияда жүрүп иштеп жаткан балдар тууралуу такыр маалымат жок.

Кумар Эргешова баланы эмгекке тарбиялоодо бала ата-энесинин же устатынын көзөмөлүндө төрт саатка чейин эмгектенсе болорун кыстарды.

Кыргызстандагы мектептердин бири.

Кыргызстандагы мектептердин бири.

Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук координатору Амина Курбанова "Борбор Азияда балдар эмгегин жоюу" долбоору тууралуу айтып жатып, аталган региондун менталитети балдар эмгегин анчалык чоң көйгөй деп эсептебейт деп жатат деген ойдо:

- Бизде балдар эмгеги аларды тарбиялоо жолу катары кабыл алынат. Чындап эле эмгекке тарбиялоо менен алардын эмгегин артыкча пайдалануунун ортосу анчалык ажыратылган эмес. Балдар иштеп акча таба баштаса демек алар жакшы жолго түштү деп ойлойбуз. Бул көрүнүш эч кимди ойлонпойт деле. Азыр биз мектептер аркылуу жеткинчектерге байкоо жүргүзүп жатабыз. Эгер сабакка катыша албай калса анда демек иштей баштады. Экинчи бир көрсөткүч балдардын жашы. Ар бир бала он төрт жашынан жогору жеңил жумуштарды жасай берсе болот. Ал эми бизде беш, алты жашынан иштей баштаган балдар бар.

Курбанова балдарын базарга өзү менен кошо алып чыккан же кайыр суратып отургузуп койгон ата-энелер көпчүлүк учурда бул аракети кылмышка тете экенин билбей турганын эске салды.

Учурда дүйнөдө 5 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 120 миллион бала оор жумушта иштей турганы маалым.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG