Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Фин куралынын Борбор Азиядагы изи


Sako TRG снайпер мылтыгы
Sako TRG снайпер мылтыгы

Финляндия өкмөтү Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу авторитардык өлкөлөргө курал экспорттоого уруксат бергени үчүн сынга кабылды.

Фин парламентинин депутаттары адам укуктарынын абалы начар деп мүнөздөлгөн өлкөлөргө эмне үчүн курал сатууга жол берилгенин түшүндүрүүнү талап кылышууда. Өкмөт болсо Өзбекстанда кырдаал салыштырмалуу тынч экенин жүйө келтирип, мыйзам бузулбаганын айтат.

Борбор Азиядан миңдеген чакырым алыстагы Финляндияда жүрүп жаткан бул талкууга “Коопсузураак Жер шары” (SaferGlobe) уюмунун соңку баяндамасы себеп болду. “Фин куралдарын көзөмөлдөө” аттуу баяндамада Финляндияда жасалган курал-жарактар араб өлкөлөрүнө экспорттолуп жатканы жана жакынкы мезгилден тарта алардын катарына Өзбекстан менен Түркмөнстан кошулганы айтылат.

Финляндиянын парламенти Борбор Азиядагы бул эки өлкөгө курал экспорттоо маселесинде өкмөттөн түшүндүрмө талап кылды. Парламенттин тышкы иштер комитети фин куралдарынын араб мамлекеттери менен кошо “Борбор Азиядагы диктаторлук режим өкүм сүргөн мамлекеттерге” сатылышына кабатырлануу билдирди. Финляндиянын өкмөтү, анын ичинде коргоо министри мыйзам бузулбаганын, Өзбекстан соңку жылда салыштырмалуу тынч экенин, бул куралдар адам укугуна каршы колдонулат деген ыктымалдуулук аз экенин белгиледи.

“Коопсузураак Жер шары” уюмунун өкүлү Кари Паасонен “Азаттык” менен маегинде, курал экспортунда маселе бар экенин айтты:

- Биз уюм катары кайсы бир тарапка жан тартпайбыз, туура же туура эмес деп айтпайбыз. Албетте, бул талкууланышы керек болгон маселе экени талашсыз. Мындай өлкөлөргө курал экспорттоодо көйгөйлөр бар экени да бышык. Андыктан бул маселенин саясий айдыңда талкууланып жатканы жакшы. Европа Биримдигинде куралды экспорттоодо кандай жагдайлар эске алынышы керектиги тууралуу бирдиктүү позиция бар. Коомдо фин өкмөтүнүн куралды экспортоо жөнүндө чечими ал позицияга каршы келет деген ойлор бар.”

Уюмдун маалыматы боюнча, фин өкмөтү 2012-жылы Түркмөнстанга курал сатууга уруксат бербей койгон. Бирок былтыр бул чечим жокко чыгарылып, түркмөн тарап Финляндиядан 60 снайпер мылтыгын жана миңдей ок-дары сатып алмай болгон.

Өзбекстанга курал сатуу чечимин фин өкмөтү быйыл июнь айында кабыл алган. Ага ылайык, бул өлкөгө 150 снайпер мылтыгын жөнөтүүгө уруксат берилген.

“Коопсузураак Жер шары” уюмунун өкүлү Кари Паасонен мынча куралдын канчасы берилип бүткөнү тууралуу маалымат жоктугун айтып, фин куралдарынын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берди:

- Финляндияда жогорку сапаттагы мылтык чыгарган “Сако” аттуу компания бар. Мындан тышкары брондолгон унаалар да чыгат. Фин куралдарынын сапаты жогору деп саналат. Мындан улам көп өлкөлөрдүн армиялары фин куралдарын алгысы келет.

Финляндия курал-жарак экспорту боюнча дүйнөдө 13-орунда турат. Соңку баяндамага ылайык, 2000-жылдардын башында фин куралдарынын 80 пайыздан ашыгы Европа Биримдигине экспорттолсо, соңку беш жылда бул көрсөткүч 54 пайызга төмөндөп, өткөн жылы фин куралын импорттоо боюнча Жакынкы Чыгыш биринчи жолу Европа Биримдигинен озуп чыккан.

Финляндиядан курал алган Өзбекстандын армиясы Борбор Азиядагы эң кубаттуу деп саналат. Батыш өлкөлөрүнүн 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстанга жарыялаган санкциялары 2009-жылы алынып салынган.

Деген менен Өзбекстан жана Түркмөнстан адам укуктары боюнча эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет. Маселен, бул эки өлкө тең “Фридом Хаус” уюмунун рейтингинде сөз эркиндиги чектелген негизги он өлкөгө кирет.

Адам укуктары кабатырлануу жараткан борбор азиялык өлкөлөргө курал экспорттоо чечими канчалык жүйөлүү жана мыйзамдуу болгонун фин парламенти жакын арада атайын жыйында талкууламай болду. Анда Борбор Азиядагы саясий кырдаал тууралуу баяндама да жасалмакчы.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG