Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

Дефолтко кадам таштаган Грециянын өкмөтү артка чегинди


Акча алууга ашыккан пенсионерлер. Афины, 1-июль, 2015-жыл.

Акча алууга ашыккан пенсионерлер. Афины, 1-июль, 2015-жыл.

Дефолтко кадам таштаган Грециянын өкмөтү эл аралык кредиторлордун шартын бир аз өзгөртүүлөр менен кабыл алууга даярдыгын билдиргени кабарланууда. Мунун алдында грек өкмөтү Эл аралык валюта коруна карызынын бир бөлүгүн өз мөөнөтүндө төлөп бере албай калган эле. Карыз маселеси 5-июлга мерчемделген жалпы элдик референдумга да коюлган.

Премьер-министр Алексис Ципрас Грециянын өкмөтү кредиторлордун шартын айрым алымча-кошумчалар менен кабыл алууга даярдыгын алардын үчилтиги: Еврокомиссияга, Европанын Борбордук банкына жана Эл аралык валюта коруна жолдогон катында билдиргенин европалык маалымат каражаттар Бишкек убактысы боюнча кечки саат 4төн кийин гана кабарлашты.

Мунун алдында Греция өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен карызын өз учурунда кайтара албай, дефолтко кадам таштаган алгачкы мамлекет болгон эле. Ага чейин карызын кайтара албай калган мамлекеттердин тизмесине акыркы жолу 2001-жылы Зимбабве кирген.

Эл аралык валюта коруна карыздын 1,6 миллиард евросун кайтаруу үчүн грек өкмөтүнө берилген соңку мөөнөт 30-июнь түн ортосунда аяктаган. Ага чейин Грецияга каржылык жардам көрсөтүү программасын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Евробиримдик да токтотуп койгон.

Биримдиктин ичинен Грециянын эң ири кредитору - Германиянын канцлери Ангела Меркел Афины дефолтко кадам таштап жатканын мындайча комментарийлеген:

- Түндө Грецияны куткаруу программасынын мөөнөтү аяктады. Мындан башка нерседен кабарым жок. Кошумча айтарым, биз байланыш каналдарын жаппайбыз, антсек анда биз Евробиримдикте болбойбуз. Бул сүйлөшүүлөр үчүн эшик али ачык дегенди билдирет. Мындан башка нерсе айта албайм.

Казынасы какшып турган грек өкмөтү мөөнөтү келип калган карызды кайтаруу үчүн кайра эле карыз алууга муктаж. Бирок акыркы апталарда бир нече айлампа менен өткөн сүйлөшүүлөрдө жаңы карыздын шарттары боюнча өкмөт менен кредиторлор мунаса таба албай келди.

Кредиторлордун салык жана пенсия реформасын жүргүзүп, же пенсия жашын узартып, кошумча нарк салыгын көбөйтүү талаптарына Грециянын өкмөтү көнбөй жатты. Кредиторлор болсо реформасыз жаңы карыз берилбей турганын кескин түрдө айтышкан. Эми грек өкмөтү кредиторлордун шартын бир аз өзгөртүүлөр менен кабыл алууга даярдыгы жана жаңы сүйлөшүүлөр өтөрү боюнча маалыматтар мына ушул окуялардын артынан чыгып жатат.

Кабарларга караганда, азыр 320 миллиард евродой карызы бар грек өкмөтү алдыдагы эки жылга карыздарды кайтаруу үчүн дагы 30 миллиард евродон ашуун насыя суроодо. Кредиторлордун талабын кабыл алуу же албоо маселесин өкмөт 5-июлга мерчемделген жалпы элдик референдумга да чыгарган болчу.

Премьер-министр Алексис Ципрас кечээ телевидение аркылуу элге кайрылып, буларды айткан:

- Чечимди грек эли кабыл алат. Эгер грек эли биздин башыбызды көтөртпөгөн, иш издеген миңдеген жаштарды четке кетирген, жумушсуздукту көбөйткөн катаал жана мөөнөтсүз үнөмдөө чараларын улантууну, жаңы насыяларды, жаңы программаларды каалашса, биз бул чечимди урматтайбыз, бирок аткарууга барбайбыз. Экинчи жагынан эгер биз өлкөбүз үчүн татыктуу келечекке умтулсак, муну чогулуп жасай алабыз. Бийлик элдин колунда, алар муну чече алышат.

Немец канцлери Ангела Меркел 1--июлда билдиргендей, алар эми Грециядагы референдумдун жыйынтыгын күтүшөт, ага чейин жардам программасы боюнча сүйлөшүү мүмкүн эмес.

Дефолт коркунучунан жана нак акча тартыштыгынан улам ушул дүйшөмбүдөн бери Грецияда банктар жабык турат. Банкоматтардан болсо адамдар күнүнө эң көп дегенде 60 евро гана сууруй алышат.

Шаршембиде гана банктардын 1000дей филиалы картасы жок пенсионерлерди тейлөө үчүн ачылды.

Афиныдагы демонстранттар. 30-июнь, 2015-жыл.

Афиныдагы демонстранттар. 30-июнь, 2015-жыл.

Шейшемби күнү кечинде болсо европачыл гректердин тобу Афиныда парламент имараты астына чогулуп, кредиторлордун сунуштарын кабыл алып, евроаймактан чыкпоого үндөштү.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезити грек кризисине арналган макаласында белгилегендей, гректер евроаймакта калууну чечкен күндө деле кризис бүтпөйт, алардын кыйынчылыктары жеңилдеп, келечеги өзгөрүп кетпейт. Өлкөдө кайрадан шайлоо өтүшү да мүмкүн. Ал эми Wall Street Journal басылмасы болсо азыркы кризистин тамыры 1980-1990-жылдардагы туура эмес саясатта жатарын эске салды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG