Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Жыл сайын чет элдиктерге АКШда жашап, иштөөгө уруксат берген “грин кард” (Green Card) лотереясын уткан 55 000 адам өлкөгө келчү. Учурда Конгресс иммиграциялык системаны кылдаттык менен изилдеп жаткан кезде “жашыл картанын” тагдыры талашка түшүп, демократтар менен республикачыларды тирешүүгө жеткирди.

Жыл сайын ушул убакта Кошмо Штаттардын "грин кард" лотереясына катышып, жаңы жерге көчүүнү эңсеген миллиондогон адамдар толкундануу менен америкалык бийликтерден жакшы кабар күтүшөт. Себеби майдын башында Мамлекеттик департамент “грин картага” талапкерлердин кыска тизмесин ачыктайт.

Алардын жарымы - 55 миң адам АКШда туруктуу жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Беш жылдан кийин "жашыл картанын" ээси Кошмо Штаттардын жарандыгын алууга укугу бар.

Бул жылы иммиграция маселелерине арналган форумдарда, анын ичинде “Говорим про Америку” аттуу орус тилдүү (www.govorimpro.us) сайттарда “жашыл карта” кызуу талкууланып жатат. Аталган карта аркылуу атайын программа киргизилгенден бери мурдагы Советтер Союзунан Америкага 10 миллиондой адам көчкөн. Эми болсо бул программанын тагдыры күмөн, келерки жылы жабылып калышы да ыктымал.

Демократ сенатор Чарльз Шумер 1000 беттен турган иммиграциялык мыйзамдардын реформасын жазып чыккан АКШнын сенаторлор тобунун мүчөсү. Бул мыйзам азыр Конгресстин кароосунда. Өткөн айда демократтар маселени талкуулап, “грин картаны” дээрлик кыскартууга макул болушкан.

- Дайверсити Виза Программасынын [Green Card] автору катары, долбоордун тагдыры мен үчүн маанилүү. Биз республикачыл кесиптештерден да, биздин топтун ичинен да катуу каршылыкка туш болдук. Программанын максаты Европадан, Африкадан адамдардын келишине өбөлгө түзүү болчу. Башында ийгиликтүү башталып, анан солгундай түшкөн. Акыркы убакта эң көп кайрылуулар Борбор Азиядан болду. Биз талкуулап туруп, бул программаны токтотуу чечимине келдик.

1995-жылдан башталган “грин кард” программасы Америкага келген мигранттардын агымын ар башка кылуу максатында ачылган. Лотереяны эң көп уткандардын арасында африкалыктар дагы деле биринчи орунда, экинчи топто - борбор азиялыктар.

2012-жылдын аягында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы лотереяны дээрлик жоюуну караган мыйзамды жактырган. Долбоордо АКШнын жарандыгын алууну көздөгөн адамдын илим-технология жаатында жогорку илимий даражасы болушу сунушталат.

Иммиграциялык реформа акыркы президенттик шайлоо өнөктүгүндө эң талаштуу маселелердин бири болду. Ноябрдагы шайлоодо Барак Обаманы теги испандар жана башка улуттук азчылыктар жабыла колдошкон.

Обама бул маселени экинчи кызмат мөөнөтүндө бир жаңсыл кылууга сөз берген. Жалпысынан демократтар АКШдагы 11 миллион мыйзамсыз иммигранттын көбүнө жарандык алууга жол ачкан мыйзам долбоорун колдошот.

Конгресс реформалардын долбоорлор топтомуна июнь айында добуш берет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG