Линктер

"Дүйнөдөгү эң оор жумуш – бул эне болуу. Эгерде аны маяна менен бааласа, анда энелердин баары миллионер болмок" дейт The Telegraph гезитинин талдоочусу Оливия Голдхил.

Кыргызстанда кожойкелердин эмгеги кандай бааланат?

Орто эсеп менен ар бир эне бир баланы кароо үчүн күн сайын 273 мүнөтүн бөлөт. Үй тазалоо, идиш жууганга орточо 73 мүнөт кетсе, 15 мүнөттөйүн жүк жыйып коротот. Ал эми машине айдаган аял болсо, күнүнө 39 мүнөтүн балдарын ары-бери ташып өткөрөт, кээде андан да көп убакыт коротот. Эми ушунун баарын бала баккычка, үй тазалагычка же таксистке жасатса, үйдүн ээси канча чыгым тартмак?

“Эркектер банкрот болмок”

Британияда төрт миңден ашуун үй кожойкеси социалдык сурамжылоого алынып, анын натыйжасында алардын ар бири күн сайын орточо тогуз саат тынымсыз үй кызматын кылары аныкталды. Кыргызстанда, айрыкча айыл жерлеринде бул убакыт мындан эки эсе көп болушу ыктымал.

Биз аялдар өзүбүз кылган жумушубузду эч кимге милдет кылбай, кийин гана балдар чоңойгондо үзүрүн көрөбүз деп күтөт турбайбызбы.

Аялдардын акыбалын изилдеген Эл аралык Alljoinon уюму эгерде үйдө отурган аялдын эмгегин бааласа, анда ага жылына 30 миң фунт стерлинг же болжол менен 40 миң долларга жакын акча төлөнмөк дейт. Бирок үйдөгү аялдык милдетти акчага бааласа болобу деген суроого азыр экономикасы чабал Кыргызстан эмес, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү да жооп таппай келишет.

Дүйнөлүк чемпионаттарга уул-кызын муз үстүндө бийлөөгө жаштайынан тарбиялаган, азыр Канадада жашап жаткан атактуу спортчу, казакстандык Элизабет Турсынбаеванын энеси, кыргызстандык Падишахан Султаналиева өз эмгегин акчага бааласа, анда аны күйөөсү же мамлекет төлөй алмак эмес деген пикирде:

Падишахан Султаналиева кызы Елизабет менен.

Падишахан Султаналиева кызы Елизабет менен.

- Менимче, мен үйдө аткарган жумуштарыма, эки баламды кичинесинен тарбиялап өстүргөнүмө акча төлө деп бирөөнөн талап кылсам, маселен, күйөөмөн же мамлекеттен сурасам, анда алар жөн эле банкрот болуп калышмак да. Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө үйдө отуруп, баласын тарбиялаган аялдар үчүн кандайдыр бир жөлөкпул сөзсүз төлөнөт. Анткени үйдүн жумушу абдан оор. Көзгө да көрүнбөйт. Эртеден кечке чейин канча иштесең деле баары бир бүтпөйт. Бирок эч качан бирөө ага акы төлөбөйт да. Биз аялдар өзүбүз кылган жумушубузду эч кимге милдет кылбай, кийин гана балдар чоңойгондо үзүрүн көрөбүз деп күтөт турбайбызбы.

“Соодалашуу туура эмес”

Үй кожойкеси болуунун артыкчылыгы жана кемчилиги тууралуу айтып бере аласызбы? Мисалы, өзүңүздү каржылык жактан көз каранды сезесизби же кожейке болуп жашаганга ыраазысызбы деген суроолор менен социалдык тармактын колдонуучуларына кайрылып көргөнүбүздө абдан чоң талкууга күбө болдук.

Алтын Инаятовна аттуу айым “Ооба, мен азырынча үйдө бала менен отурам. Артыкчылыгы - үйдөгү тиричилик өзүңдүн көзөмөлүңдө болот. Балдарга тарбия берүүгө убакыт да, мүмкүнчүлүк да түзүлөт. Өзүң эс алганга убакыт таба аласың. Кемчилиги болсо карьераң, тажрыйба топтоо үзгүлтүккө учурайт. Аял өзүнө анча көңүл бурбай, жаңы кийим, керектүү нерселерди «үйдөмүн да» деп көп сатып албай калат. Албетте, каржылык көз карандылык да болот”, - деген оюн жазган.

Кыргыз кыз-келиндери

Кыргыз кыз-келиндери

Ал эми азыр Москвада эки уулун үйдө отуруп тарбиялап жаткан Жанета Адиңбаева болсо үй кожойкеси болуунун да өз артыкчылыктары бар деген пикирде:

- Үйдө отурганда убакыт көптүгүнө байланыштуу шарттар да жакшы түзүлөт экен. Мисалы, жолдошумду убагында жумушка узатып, ал келээрде ысык тамак даярдап күтүп алып, балдардын күндүз кечке кылык-жоруктарына күбө болуп, тарбия берүүгө да шарт түзүлөт экен. Үйдө жагымдуу маанай да жаралат. Кемчилиги бар деп айта албайм. Себеби, адамдын эң башкы максаты үй-бүлө куруу болгондуктан, айымдар көбүнчө кожойкеликти кыялданат го. Анан ушул кыялдан кемчилик издеген туура эмес го.

Көз карандылык жаралат

Мындан бир нече жыл мурда иштеп жүрүп, бир жылдан бери үйдө отуруп калган Чынара Курманова болсо, тескерисинче, материалдык жактан көз каранды болуп калганын айтат. Канчалык күйөөсү акчаны кенен берсе деле мурда өзү иштеп тапкандагыдай, акчасын сулуулук салондору жана башка аялдын майда чыгымдарына корото албай калганын айтат:

- Эми мурункудай, иштеп жүргөндөгүдөй кеңири акча кармай албай калат экенсиң. Анткени иштегенде дайыма өз акчамды каалагандай пайдаланып жүрчүмүн да. Көп учурда үйдөгү эле жумуштарды кылып, бош болуп калат экенсиң. Иштегенде айрыкча акчаны өзүм кармачумун да. Азыр эми жолдошуман ошондогудай кеңири акча сурай албай тартынам. Баары бир жумуш таап, иштеш керек экен деп ойлоп калдым. Мурун иштеп жүргөндө сулуулук салондоруна эч кимден уруксатсыз эле өз тыйыным менен бара берчүмүн. Майда-чүйдө бирдемелерди суранбай алчумун. Азыр андай эмес. Салондорго каттабай деле калдым.

Кожойке жумушу канча турат?

Аялдын жумушун баалап, үй кожойкесине акы төлөө керек деген нерсе азырынча кыргыз коомчулугунун оюна да келе элек түшүнүк. Ошентсе да Коомдук телеканалдан чыгып жаткан “Капитал” теледолбоорунун кабарчылары Кыргызстандагы үйдө отурган аялдардын эмгегин баалап көргөн.

Кийим тигип отурган келин.

Кийим тигип отурган келин.

Фейсбуктагы сурамжылообузга пикир калтырган Бактыбек Абдуллаев дал ушул долбоорду көргөн жубайы өз эмгегин айына 59 миң сомго баалаганын эскерет. Ал эми долбоордун авторлорунун бири Жазгүл Масалиева айымдардын эмгегин кандай ыкмада баалашканын айтып берди:

- Биз бул эсепти былтыр жасадык эле. Анда үй кожойкелердин эмгегин үч категорияда баалап чыкканбыз. Биринчиси, көп кабаттуу үйдө, шарттары бар бар батирде жашаган үй кожойкесинин эмгеги. Үйдө отурган аялдын айлык акысын эсептөөдө, маселен, кир жууганды эсептеш үчүн Бишкекте бир килограмм кирди кир жуучу жайлар канчага жууйт, ошого жараша ар кандай категорияда эсептеп, анализдеп, суммасын чыгарган элек.

Машине айдап бараткан кыз

Машине айдап бараткан кыз

Эми дал ушул эсепти сомго айландырсак, Бишкекте бир саатка бала кароонун орточо акысы 100 сом, ал эми үй тазалагандын бир чарчы метри 50 сомдон жогору. Эгер 50 чарчы метр батир болсо, анда күнүнө кожойке эки жарым миң сомдук иш кылат. Тамак жасаган да кымбат. Бир ашпозчунун айлык акысы кеминде 15 миң сом. Такси же айдоочунун кызматы деле арзан эмес. Мындан тышкары психолог, массажист, катчы, айтор, үйдө аял кылбаган жумуш калбайт.

“Сабаттуулук артышы керек”

Бирок укук коргоочулар акыркы мезгилде дал ушул үй кожойкелери зомбулуктун курмандыгы болуп, эгер кокус күйөөсү менен ажырашса, мүлккө ээлик кыла албай калганын айтып келишет.

Үйдө отурганда убакыт көптүгүнө байланыштуу шарттар да жакшы түзүлөт экен. Мисалы, жолдошумду убагында жумушка узатып, ал келээрде ысык тамак даярдап күтүп алам.

Юрист Жанабил Давлетбаев Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинде жубайлар иштеп, иштебесе да ажыраша турган болсо мал-мүлк тең экиге бөлүнөрүн эскертип, үйдө отурган аялдын укугун сактоодо биринчи кезекте агартуу маселеси турарын айтат:

- Эгерде ажырашып калышса жубайлардын мал-мүлкү болсо, ошонун баары тең экиге бөлүнөт. Аялы үйдө иштебей отурганбы же киреше алып келген эмеспи, ага карабайт. Аялдын басмырлоого кабылбашы үчүн кандай жолдор бар деген суроо жаралат. Биринчиден, сабаттуу болуу керек. Ошол эле үй кожойкелерине өзү жалгыз жашаса тиричилик кылып кете алгыдай кесиптик билим, курстар берилип, билим алышы шарт. Үйдө отура бербей, коомго аралашып өз ордун тапканга шарттар болгону жакшы.

Үй кожойкелеринин эмгегин Орусияда да баалап көрүүгө аракет кылышкан. “Известия” гезитинде чыккан макалада бир эне айына жок дегенде 3500 доллар маяны алышы керектигин эсептешкен. Кыргызстанда болсо өз үйүндөгү оокат-тирликтен тышкары кайны журтка кызмат кылуу, төркүндүн той-топурун тейлөө сыяктуу түйшүктөр да кошулат. Анын эсебин социолог же экономисттер азырынча чыгарыша элек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG