Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

“Аялзат” түрмөгү бул ирет аялзатынын медициналык жактан сабатсыздыгы менен дарыгерлердин кайдыгерлиги, эне жана баланын саламаттыгына тийгизген кесепеттери тууралуу сөз кылды.

Наристе ыңаалаган коридор. Короодо бири гүл көтөрүп, экинчиси сүйүнчүлөгөн адамдар жайнайт. Он күн мурда көз жарган эне ушулардын баарын терезеден карап, жалооруп турду. Ал баласын жоготуп алганына ишене албай сүйлөп жатты:

- Мына ушул экинчи кабатта жаткам. Мага жакшы мамиле кылышкан жок. Башында эле жазганды эмнеге билбейсиң деп тил уктум. Шаштырып эле операцияга алып кирип кетишти. Баламды алмаштырып коюшкан. Жардам бергиле, суранам.

35 жаштагы Жыпар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну. Биринчи баласын догдурлар төрт жыл мурун өз районунда операция жолу менен көз жарган. Экинчи ирет да ушундай ыкма менен Бишкекте төрөгөн Жыпардын баласын ак халатчандар сактай алышкан жок.

Жыпардын айтымында, Бишкекке тиричилик айынан күйөөсү, баласы менен келип, шаар четиндеги айылдардын биринде жашап жатышкан. Боюнда бар кезде аймактык дарыгерлер текшерип, баланын саламаттыгы дурус экенин айтышкан. Мындай тыянакка ишенген эне эми минтип баласы чарчап калганына ишенбей турган кези. Ал баласын догдурлар көрсөткөнүн минтип түшүндүрдү:

- 23-майда төрөдүм. Мага банкадагы баланы көрсөтүштү. Мен ишенген жокмун. Жүрөгүм ал балага такыр тартпай койду. Көкүрөгүм сүткө толуп, бул менин балам эмес деп жаттым. Түшүмө күндө наристе кирет.

Жыпар ошондой эле догдурлар баласынын чарчап калганын эмнеге ушу күнгө чейин айтпай коюшту деп бушайман:

- Баламды алмаштырып эле коюшкан. Жалал-Абаддан келдим десем, менимче мунун жакыны жок деп ойлошту. Балам чарчап калганын кечээ билдим. Мага жолдошум калп айтып коюптур. Бүгүн келсем, таптакыр башка дарыгерлер. Мени киргизбей коюшту.

Даттанган эне менен чогуу Бишкектеги биринчи төрөтканага баш баккан журналисттерди дарыгерлер суз кабыл алышты. Башкы дарыгердин кабинетин билүү эле бир топ убакытты алды.

Бейтапкана кызматкерлеринин мамилеси бизди төрөткананын арткы эшигинен кирүүгө аргасыз кылды жана бизге кирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген дарыгерлердин маңдайынан чыктык. Дароо жетекчисине чалышканбы, көп өтпөй башкы дарыгер жетип келди. Айтымы, иш күнү аяктап, кесиптешинин тоюнда жүргөн экен. Жумуш убактысы күндүзгү саат төрттө эле бүтөбү? Бул эми башка кеп.

Биз күбө болгон окуя төрөткананын башкы дарыгери Аминат Байтикова менен Жыпар жана анын сиңдиси экөөнүн араздашуусу менен уланды.

Медициналык карточкасын тактап жаткан дарыгерлер Жыпарды алып келер замат саламаттыгы боюнча бир топ маселе жаралганын айтып жатышты. Төрөткананын башкы дарыгери Аминат Байтикова:

- Эне бизге айына жетпей келди. Абалы оор эле. Биринчи эле энени сактап калуу маселеси турду. Дароо операцияга алып кирдик. Бала бир канча диагноз менен төрөлдү. Ал күнү аппарат менен дем алдырып, эртеси эле №3 балдар ооруканасына которгонбуз.

Дарыгерлердин кайдыгерлиги, алардын энеге өз учурунда түшүндүрүп бербей, корс мамилеси боюнча Байтикова буларды айтып, актанды:

- Биз эртеден кечке иштейбиз. Ошол учурда башка бейтаптар болушу мүмкүн. Анын үстүнө өзүңөр көрүп жатпайсыңарбы, сөзгө келишпейт, түшүнбөйт. Баланын оорукчан төрөлгөнүн дароо эне билген жок, ал наркоздо эсине келбей жаткан. Чарчап калганын уккандан кийин туугандары Жыпарга айтпай тур деп суранышты. Биз да кан кетип калбасын деп, айтпай турууну чечтик. Эми бир жумадан кийин келип алып, бала алмашты дейт, азыр баланы алмаштырууга такыр мүмкүн эмес.

Бул окуянын аягы кандай аяктары али белгисиз. Дарыгерлер жерге берилген ымыркайдын ДНКсын текшерүүгө даярдыгын айтышып, эгер чечим алар айткандай чыкса, Жыпарды жалган жалаа жапты деген жүйө менен сотко берерин белгилешти. Ымыркайынан ажыраган эне эми кандай чечим кабал аларын билбей турат.

Кыргызстанда төрөтканага байланыштуу аянычтуу окуялар маал-маалы менен орун алып келет. Буга чейин шаардагы №4 төрөтканадагы дарыгерлерди "баламды алмаштырып салды" деп бир ата-эне айыптаган. Өлкөдөгү башка төрөтканаларда да ушуга окшогон чырлар катталып келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2014-жылы 85 аял төрөт учурунда көз жумган. Өткөн жылы 8 айда 45 келин дүйнө менен кош айтышты. Ошол эле учурда "кош бойлуу аялдар ден соолугуна кам көрбөйт, сабатсыз, аягында догдурларды күнөөлөп чыгат" деп, медицина кызматкерлери да даттанышат.

Акушер-гинеколог Бурул Калиева эненин сабатсыздыгы анын жана баласынын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин баса белгилейт:

- Энелер толгон-токой оорулар менен келишет. Анан төрөгөндөн кийин эле "бала эмнеге ооруп калды, эмнеге чарчап калды" деген суроолор жаралат. Эненин ар бир диагнозу балага таасир бербей койбойт. Аял баланын жана өзүнүн саламаттыгы үчүн ден соолугуна сөзсүз кам көрүүсү абзел.

Калиева жогорудагыдай окуяларда эне өз укугун коргоо үчүн оболу ага коюлган диагноз, дарыгерлердин тастыктамасынан кабардар болушу зарылдыгын кошумчалады:

- Эне эгерде өзүнүн, баласынын ден соолугу туурасында толук маалыматты билсе, баласын ошолор боюнча эле билип алмак. Чындыгында, төрөтканаларда жакшы эмес фактылар болуп келет. Мындай учурда атайын комиссия, экспертиза иш алып барат.

Дарыгердин шалаакылыгы, кайдыгерлиги өндүү учурлар да буга чейин бейтаптардын туугандарынын нааразылык акциялары менен коштолуп келген.

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылгандардын жарымы эле дарыгерлер тууралуу арыз-муңун айтып даттанышат. Аталган борбордун психологу Гүлнара Онгошева көп катталуучу учурларды тизмектеп жатып, мындай окуяга кабылган эне сөзсүз укук коргоо кызматкерлери же юристтин жардамына муктаждыгын айтты:

- Кээ бири акча көп алып койду, кээ бири жакшы мамиле кылган жок деп кайрылат. Айрым учурда алардын ишин иликтеп отуруп оболу акысыз медициналык кызматтар тууралуу кабардар болобуз. Бирок ошол бейтаптардын укук бузуулары алардын өзүнүн алсыздыгынан, укугун коргой албай жатканынан болуп жатпайбы. Эмне үчүн юристке кайрылышпайт? Себеби, биздин элде, тилекке каршы, андай түшүнүк жок.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG