Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Ирак өкмөтү согушкерлер менен тирешүүдө


Суннит согушкерлери полиция унаасы күйүп жатканын карап турушат. Ирак, Рамади. 2-январь, 2014-жыл.
Суннит согушкерлери полиция унаасы күйүп жатканын карап турушат. Ирак, Рамади. 2-январь, 2014-жыл.

Иракта премьер - министр Нури ал-Малики Фаллужа шаарынын тургундарын “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлерди шаардан кууп чыгарууга чакырды.

Нури ал-Малики мындай шартта аскерий операциянын алдын алууга болорун эскертти. Бул өлкөнүн Анбар провинциясында соңку күндөрү өкмөттүк күчтөр менен согушкерлер ачык тирешүүгө өткөнү байкалууда.

Дүйшөмбү күнү мамлекеттик теледен берилген билдирүүсүндө Нури ал-Малики согушкерлерди “террорчулар” деп атады. Аскер күчтөрүнө эл жашаган аймактарга чабуул жасабоого көрсөтмө бергенин айткан Ирак премьери эгер армия Фаллужага кирсе, шаар “куралдуу кагылышуулардын” коркунучуна кептелерин эскертти.

Ирак өкмөт башчысынын бул билдирүүсү армия өлкө батышындагы Анбар провинциясынан суннит согушкерлерин сүрүп чыгарып, өкмөттүк көзөмөл орнотуу үчүн ири операцияга даярданып жаткан кезде жасалды. Өзүн “Ирак ислам өлкөсү жана Леванта” деп атаган “ал-Каидага” байланышы бар топтун согушкерлери Фаллужа жана провинция борбору Рамади шаарларынын айрым бөлүктөрүн өткөн аптада ээлеп алышкан. Бул окуя Ирактын шииттер башкарган өкмөтү үчүн чоң чакырык катары бааланууда.

Фаллужинин күч органдары шаарды коргоого даярдык көрүүдө, 5-январь, 2014-жыл
Фаллужинин күч органдары шаарды коргоого даярдык көрүүдө, 5-январь, 2014-жыл
Согушкерлердин беткап кийген өкүлү дүйшөмбү күнү Рейтер агенттиги аркылуу тараган видеокайрылууда алар өкмөттү колдоп-жактагандарды жазалай тургандыктарына токтолду:

- Фаллужада биздин уруудан чыккан ыңкылапчылар сектантттык өкмөттүн күчтөрүн колдогон уруулаштарды жазалоону чечти. Ыңкылапчылар ошондой эле ирак өкмөтүнүн ыплас схемаларын бузуу боюнча жоопкерчиликти да өзүнө алууга даяр жана чечкиндүү.

Акыркы күндөрү Анбар провинциясындагы уруштардан ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Кабарларга караганда, кыянатчылыктардан улам миңдеген киши да жер которууга аргасыз болушту.

Саясий мунаса табылбады

Байкоочулардын баамында, согушкерлер Ирактын Сирия, Иордания, Сауд Арабия менен чектешкен провинциясындагы шаарлардын бир бөлүгүн акыркы бир нече жыл ичи алгачкы ирет ээлеп олтурат. Билгендердин айтымында, суннит урууларынан өкмөттү, ошол эле учурда алар менен кармашып жаткан “ал-каидачыл” согушкерлерди колдогондор да бар.

Ирактык саясий баяндамачы жана президент Жалал Талабанинин мурдагы аппарат башчысы Камран Карадагинин пикиринде, азыркы уруштар негизинен өлкөдө узакка созулган саясий кризистин натыйжасы:

Фаллужадагы сунниттердин намазы. 3-январь, 2014-жыл
Фаллужадагы сунниттердин намазы. 3-январь, 2014-жыл
- Саясий истэблишмент сунниттер менен мунаса таба албады. Сунниттер толугу менен четке сүрүлүп калды. Ирактын провинцияларындагы, өзгөчө Анбардагы сунниттер бир кезекте федерализмге чечкиндүү каршы чыгышкан эле. Эми болсо алар федерализмди көздөшүүдө. Бул алардын канчалык нааразы экенинин белгиси. Азыркы кыянатчылыктар Ирактагы кризисти тереңдетет. Чыныгы элдешүү жана саясий чечимсиз кырдаал курчугандан курчуй берет. Мунун акыркы шиит –суннит каршылашуусуна айлануусу мүмкүн.

Өзү Ирактагы суннит азчылыгы Нури ал –Маликинин шииттер башкарган өкмөтүн аларды басмырлап жатканы үчүн бир нече жылдан бери эле айыптап келишкен.
Борбор Багдаддын батышындагы провинциялар 2003-жылы Саддам Хусеин бийликтен кулатылгандан кийин АКШнын согушкерлерге каршы аскерий операциялары үчүн негизги жай болгон эле.

Бир нече жылга созулган уруштан кийин АКШ армиясы суннит урууларынын жардамы менен Анбар провинциясын согушкерлерден тазалап, көзөмөл орноткон. Америкалык аскерлер Ирактан чыгып кеткенине эки жылдан бир аз ашты.

Мамлекеттик катчы Жон Керри Жакынкы Чыгыштагы сапары учурунда америкалык аскерлерди Иракка кайтаруу планы жоктугун, бирок согушкерлер менен күрөштө Ирак өкмөтүнө жардам көргөзүлөрүн белгиледи:

- Жардам көргөзүү үчүн биз колдон келгендин баарын жасайбыз. Мен мунун чоо-жайын чечмелебейм. Анбар провинциясынан биз билген уруу башчылары менен байланышта экендигибизди айта алам. Алар шаарлардан террордук топторду чыгаруу ишинде каармандыкты көргөзүшкөн. Азыркы уруш ирактыктардын өзүнө гана тийиштүү.

Нури ал-Маликинин өкмөтүнө жардамды өнөктөшү, коңшу Иран да убада кылды. Иран армиясынын кол башчыларынын бири - генерал Мохаммед Хейази мамлекеттик ИРНА жаңылык агенттигине алар “кеңеш жана жабдуу” берише аларын, биргелешкен операция боюнча өтүнүч түшпөгөнүн билдирген.

Азыркы уруш 30-декабрда Рамади шаарында өкмөттүк күчтөр сунниттердин 2012-жылдын соңунан бери турган нааразылык лагерин бузгандан кийин тутанды. Өкмөт ал лагерь “ал-каидачыл” согушкерлерге база болуп жатканын айткан эле.

Ирактагы жардыруу
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG