Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

Ирак: ИМ Тикритти колдон чыгарганы калды


Тикрит үчүн салыгалышуу, 12-март, 2015-жыл
Тикрит үчүн салыгалышуу, 12-март, 2015-жыл

Ирак армиясы Тикрит шаарын бир нече багытта кысып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушчандарын шаардын ортосуна камоодо. 11-мартта өкмөттүк күчтөр жана шиит милициясы Тикритке түндүк жана түштүк тарабынан чабуул коюп кирген.

Шаарды өкмөттүк күчтөр былтыр июнда халифатчыларга калтырып кеткен. Ирандын Коргоо министрлиги үч-төрт күндөн кечикпей аскерлер Тикриттин ортосун ээлейт деп билдирүүдө.

Тикритти бошотуу Ирак армиясы менен шиит милициясы үчүн саясий жана стратегиялык жактан абдан маанилүү. Себеби, бул аларга Мосулду бошотуу операциясы алдындагы чоң сыноо жана Ирактын калган бөлүгүн да жихадчылардан бошотуунун ийгилигин аныктайт.

Мосул - Ирактын жана Сириянын чоң бөлүгүн халифат деп жарыялаган “Ислам мамлекети” уюмунун колундагы эң чоң шаар.

12-мартта шиит милициясынын командири Моин Кадими CNN телеканалына Тикриттин 75 проценти өкмөттүк күчтөрдүн ээлигинде, калган 25 процентин жихадчылардын 150дөй жоокери кармоодо деди. Ирак полициясынын генералы Баха Азавинин айтымында, шаар төрт тарабынан курчалган.

Коопсуз жерге көчүүгө мажбур болгон карапайым тургундар
Коопсуз жерге көчүүгө мажбур болгон карапайым тургундар

Ирактын коргоо министри Халед Обейди Тикрит үч-төрт күн арасында толук бошотулат деген ишенимде. "Анткени командачылык тез алга жылабыз деп, ашыкча чыгымга кабылгысы келбейт", - деди ал.

1-мартта башталган бул операцияга Ирак аскерлери, шиит милициясы жана суннит отряддары болуп, 30 миң адам тартылган. Алардын аракетин Иран офицерлери координациялоодо.

Ирактагы халифатчыларга каршы азыркы согушта Ирандын жардамы пайдалуу, бирок экстремисттер талкалангандан кийин Тегеран колдогон шиит милициясы Ирактын биримдигине зыян келтириши мүмкүн деген кооптонуулар бар. Мындай чочулоосун 11-мартта АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабанын төрагасы, генерал Мартин Демпси айтты.

Ирак шииттери
Ирак шииттери

Ушундай пикирди Дубайда жайгашкан Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңдагы аскерий изилдөөлөр институтунун изилдөөлөр боюнча директору Теодор Карасик да 10-мартта “Азаттыкка” курган маегинде ортого салган:

- Кээ бирөөлөрдүн оюнча, Ирактын коопсуздук күчтөрү акыр-аягында шиит согушкерлери менен аралашып кетет жана алар келечекки Иракта Ирандын колу, көзү жана кулагы болуп калат.

11-мартта Иран парламентинин төрагасы Али Ларижа Катарда сапарда жүргөн маалында Тегеран Иракка экстремисттик топторду талкалоого жардамдашпаса, “Ислам мамлекети” тобу башка да өлкөлөргө коркунуч жаратат деди.

Тикрит
Тикрит

Халифатчылар бейшемби күнү Тигр дарыясындагы ал-Фата көпүрөсүн жардырып жиберишкени маалымдалды. Бул көпүрө Тигрди бойлой түндүктөн түштүккө кеткен кан жолду Ирактын түндүк чыгышындагы жихадчылардын колундагы Хавижа шаары менен туташтырчу.

НАТО да ушул тапта Иракка аскерий жактан жардамдашуунун жолдорун караштырып жатканын Йенс Столтенберг маалымдады:

- Биз Ирактын мүмкүнчүлүгүн, өз коопсуздугуна өзү жооп берүү жөндөмүн жакшыртуу боюнча өтүнүчүн карап көрүүдөбүз.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал- Абади болсо:

- Дүйнө бүгүн бизди колдоодо. Себеби, алар “Ислам мамлекети” террордук тобу жараткан коркунучту сезишүүдө. Биз алардын колдоосуна ыраазыбыз. Биз бирок кимдир бирөөнүн ички ишибизге кийлигишүүсүнө жана ирактыктардын күнкорсуздугун бузуусуна макул болбойбуз, - деди Багдаддагы Технология университетинде 12-мартта сүйлөгөн сөзүндө.

XS
SM
MD
LG