Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Иракты солкулдаткан согуштун оюнчулары


Ирак армиясынын жоокерлери антиөкмөттүк күчтөргө каршы операция маалында эс алып отурушат. Рамади шаары. 19-январь, 2013-жыл

Ирак армиясынын жоокерлери антиөкмөттүк күчтөргө каршы операция маалында эс алып отурушат. Рамади шаары. 19-январь, 2013-жыл

Батыш маалымат булактарындагы Иракка байланыштуу макалалардын аталышы эле өлкөдө саясий жагдай татаал экенин жышааналайт: “Ирак жарандык согуштун кырында”, “Ирак жашап кете алабы?”, “Багдад жардын башында”, “ал-Каиданын" арбайы Иракта жайылып баратат”, “Ирак: буюртма согуш”.

Батыштагы Анбар провинциясында бир тарабында полиция жана суннит уруулары, экинчи жакта “ал-Каида” менен байланыштагы согушчандар менен башка суннит уруулары болуп согуш жүрүүдө. Кандуу булоон өкмөттүк күчтөр Рамади жана Фаллужа шаарларынан “ал-Каидага” байланышы бар козголоңчулар менен жергиликтүү адаватчыларды сүрүп чыгарууга шымалана киришкенден кийин күчөдү.

"Бул согуш - ыйык согуш", - деди премьер-министр Нури Малики 15-январда улуттук телеканалдан жаамы журтка кайрылып:

- Ал бүтүндүктү коргоо үчүн башталды. Бул узакка созулат жана улана берет. Чечимди биз кабыл алдык жана ал согушту бүтүн дүйнө колдошу керек. Себеби, биз добушубузду чыгарбай турсак, аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздукту чаң-тополоңго салчу кара өзгөй мамлекеттердин түзүлүшүнө өбөлгө болот.

Уруштун кесепетинен үй-жайын таштап кеткен 12 миңдей адамга Эл аралык Кызыл крест уюму азык-түлүк жеткирди.

Анбар 32 миллион калктуу Ирактын эң чоң провинциясы. Батыштан Сирия жана чыгышынан борбордук Багдад провинциясы менен чектелген бул чөлдүү аймакта 1,5 миллиондон ашуун эл жашайт. Багдадды Сирия менен байланыштырган кан жол Анбар провинциясы аркылуу өтөт. Аймак 2003-жылы өлкөгө АКШ аскерлери басып киргенден кийин козголоңчул суннит үч бурчтугунун борбору болгон.

Ирактын жана Сириянын болочоктогу гипотезалык картасы.

Ирактын жана Сириянын болочоктогу гипотезалык картасы.

Провинциядагы абалды “Эркин Ирак” радиосунун кабарчысы Фарис Омар мындай сыпаттайт:

- Чынында кырдаал өтө татаал. Себеби, козголоңчулар бир топко таандык эмес. Бул жерде “ал-Каиданын” согушчандары, “ал-Каида” менен чогуу өкмөткө каршы күрөшкөн уруулардын адамдары бар, ошондой эле бир кезде бул чөлкөмдө америкалык аскерлерге каршы согушкан адамдар Анбар провинциясында кайра пайда болду. Бул жерде өкмөткө каршы турган башка да топтор, уруулар жана өз ара жоолашкан уруулар да бар.

Анбар провинциясынын элинин басымдуу бөлүгү сунниттер жана провинцияда түрдүү уруулар жашайт. Кээ бир уруулар өкмөттү колдойт; башка бир уруулар Нури Маликинин саясатына нааразы болуп, мисалы, Анбар провинциясынын борбору Рамадидеги тынч акциянын күч менен таркатылганына байланыштуу премьер-министрден алыстап кетишкен. Жалпыга маалым, америкалыктар аскерлеринин үчтөн бирин дал ушул чөлкөмдө жоготкон. Генерал Дэвид Петреус Эркиндик кеңешин түзүп, уруулардын тилин тапканга чейин бул чөлкөм канча чаксаң да жарылбаган жаңгактай эле. Эркиндик кеңеши “ал-Каиданы” чөлкөмдөн айдап чыгууда чечүүчү ролду ойногон. Бирок, өкмөт кеңештин мүчөлөрүнө айлык төлөбөй жана жумуш бербей койгондон кийин, Эркиндик кеңеши Нури Маликиге артын салып кетти. Ошон үчүн алар азыр "Маликини убадаңа турбадың, бизде “ал-Каида” бар дешүүдө.


Анбар провинциясындагы абал 30-декабрда сунниттердин Рамадидеги лагерин Ирак армиясы талкалагандан кийин осолдой баштады. (Премьер-министр Нури Маликинин саясатына нааразылык ирети былтыр пайда болгон лагерь сунниттердин козголоңчу күчтөрүнүн очогуна айланган эле).


Багдадды Сирия менен туташтырган стратегиялык жолдогу сунниттердин лагерин талкалоо маалында 50 чакты адам өлгөн. Лагерь бузулган соң 44 депутат мандатын тапшырып, парламенттен чыккан.

Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн Рамадиде адамдарды аябай тартип орнотуу аракетин кээ бир байкоочулар Маликинин чогоол саясатынын туундусу катары көрүшөт. Москвалык эксперт Александр Шумилин мындай пикирдин жүйөөсү бар деп эсептейт, бирок толук кошулбайт:

- Мунун да чындыгы бар. Бирок, бул толук чындык эмес. Анткени, Нури Малики шиит болгондуктан, ал шиит партиялары менен топторуна каршы аракеттенбейт да. Ошол эле учурда Малики премьер-министр катары өлкөнү бүлүнтүп-ыдыратып жибербөө үчүн суннит азчылыктарынын кызыкчылыгын коргоого, тең салмактуу саясат жүргүзүүгө аргасыз жана милдеттүү. Ырас, суннит азчылыгы менен шиит көпчүлүгү арасындагы мамиленин тарыхы өтө драмалуу. Бул бирок бөлүнүүнүн тарыхы эмес. Бул чогуу жана ырыс-ынтымакта жашоонун тарыхы. Нури ал-Малики да мына ушул багытта иш жүргүзүүдө. Бирок, Нури ал-Маликинин кээ бир маселелерде маал-маал шииттер тарапка ооп кеткенин көрүп калабыз. Деген менен, Нури Малики азыр Фаллужадан “ал-Каиданы” тазалачу суннит милициясын күчтөндүрүүгө жолду ачты. Ошентип, бийлик менен сунниттер өз ара кызматташууда. Ал эми чогуу жашоо узак ойнолчу, узак мезгилдик концепция. Ошон үчүн Ирактагы бар балээ үчүн ал-Маликини күнөөлөө негизсиз.

Александр Шумилин Орусиянын Илимдер академиясынын АКШ жана Канада институту алдындагы Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды талдоо борборунун директору.

Шиит мусулмандары жума намазда. Багдаддын Садр Сити бөлүгү, 17-январь 2014

Шиит мусулмандары жума намазда. Багдаддын Садр Сити бөлүгү, 17-январь 2014

Ал эми Фарис Омар өлкөдө көпчүлүктү түзгөн шииттер менен суннит азчылыктары арасында Саддам Хусейндин диктатуралык режими кыйратылгандан кийин пайда болгон ажырым үчүн биринчи кезекте премьер-министр Маликинин бир жактуу саясаты күнөөлүү деп эсептейт:

- Мен мындай деп айтаар элем: Нури ал-Малики окуялар көрсөткөндөй жалпы улуттук деңгээлдеги саясатчы да, улуттун лидери да эмес. Ал катардагы партиянын бир да дүниябий адамы, бир да либерал, бир да суннит, бир да христиан жок. Бул таза шииттердин улутчул партиясы. Мунун өзү Маликини улутчул лидер экенин күбөлөйт. Ал ар бир суннитти баасчы же жихадчы деп билет жана сунниттерге ишенбейт. Мына ошон үчүн ал-Маликинин саясаты суннит жамаатын өзүнөн алыстатып алды деп айтам. Ирак эли Саддам Хусейнге чейин жана Саддам Хусейнден кийин ынтымакта, бөлүнбөй жашаган.

Ирак согушу дүйнөлүк басма сөздө

Эл аралык маалымат булактары Ирактагы жагдай тууралуу эмне деп жазууда жана кандай баа берүүдө? Лондондо чыкчу “Файнэншл Таймс” гезити:
“Эки жыл мурда АКШ Ирактан акыркы аскерлерин чыгарып кетти. Бул миссия миңдеген америкалыктардын өмүрүн алып, жүз миллиарддаган доллар турду. Америкалыктар чыгып кеткенден кийин көпчүлүк жүз миңдеген адамдардын өмүрүн жалмаган сегиз жылдык чатактан кийин Иракта бир кыйла тынч жашоо башталат деп үмүт кылган. Мындай тилек али ишке ашпады. Ирактын Нури башындагы шииттер үстөмдүк кылган өкмөтү сунниттер менен батыштагы Анбар провинциясында аёосуз согуш жүргүзүүдө. Ирактагы көтөрүлүш Малики мырзанын жаңылыштыгынын эле натыйжасы эмес, бул коңшулаш Сириядагы жарандык согуштун да түшүмү”.

Вашингтондо чыкчу “The National Interest” журналы: “Ирактын Анбар провинциясында согуштун тутанышы АКШнын тышкы саясий чөйрөлөрүн коогага салды. Себеби, жарандык согуш чыгып кетүүсү мүмкүн жана Вашингтон бир кезде туруктуу, демократиялуу, батышчыл өлкө болот деген үмүт быт-чыт болот деген чочулоо көбөйдү. Бул жердеги акыркы чатактын тамыры “ал-Каида” салган тополоңдон да терең жана татаал; алар Ирактагы айыгышкан этно-диндик бөлүнүүнү жана бошоң улуттук биримдикти чагылдырат. Чынында эле, Анбардагы жаңы коогалаң жана соңку окуялар Ирак мамлекет катары сакталабы деген олуттуу суроону жаратат”.

АКШда чыкчу “Christian Science Monitor” гезити: “Чоң кризис Ирактын колунда турат, эми жаңылыштык кетирбеш керек. Өлкөдөгү жарандык согуш чынында эч качан токтогон эмес. Ал жарылчу убакытты күтүп турган. Өткөн жылкы ысык кайра күчтүү болду. Мурдагы жылдарга караганда эки эсе өскөн саясий зомбулуктун кесепетинен 8 миңдей адам жайран болду. 2008-жылдан бери жарандар мынчалык көп набыт болгон эмес”.

Уруу аскерлеринин башчысы Мухаммед Хамис Абу Риша(ортодо). Рамади шаары, 10-январь 2014.

Уруу аскерлеринин башчысы Мухаммед Хамис Абу Риша(ортодо). Рамади шаары, 10-январь 2014.

Ирандын аймактагы башкы атаандашы Саудия падышалыгы Ирактагы кырдаалга кийлигишип жатканын премьер-министр Нури Малики 7-ноябрда Багдадда “ал-Хуррия” телеканалына берген маегинде ачык айткан:

- Сауд Арабиясын кошпогондо, коңшу өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен биздин эч кандай проблемабыз жок. Сауд Арабиясы Ирак менен достук жолун тандабады. Тескерисинче, Ирак Сауд Арабиясы меенен достук мамиледе болууну каалайт. Биз эч ким менен талашкыбыз келбейт. Бизге акчанын кереги жок. Бизде чек ара проблемасы же территория талашыбыз жок. Биз коңшуларыбыздын ички иштерине аралашпайбыз. Бизде Сауд Арабиядан башка эч ким менен проблемабыз жок. Биз алар менен болгон проблемаларыбызды чечкенге аракет кылсак, тескери жооп угуудабыз. Өткөн аптада Саудиянын ханзадасы Вашингтонго барганда бизден мурда билдирүү жасап, америкалыктарды кыжырдантты. Ал "Иракты шииттер башкарып турганда Сауд Арабиясы Иракка карата саясатын өзгөрбөйт" деди.

Фариз Умар Сириядагы жарандык согуш Ирактагы жалпы жагдайга таасир эткенин, себеби ортодогу чөлдөн пайдаланып, “ал-каидачылар” Сирия жана Ирак ортосунда ээн-эркин жойлоп жүрөт деген ойдо:

- Сирия менен бир өңүрү коогалаңдагы Ирак ортосунда карышкырча жойлоп жүргөн согушчандар Арабия жарым аралынан тартып Түндүк Африкага чейинки мейкиндикте ислам халифатын түзүүнү каалаган жана өзүн "Ирак жана Левант мусулман мамлекети" деп атаган уюм. "Тайм” журналынын жазышынча, азыр анын Сирияда 6 миң желдети бар. Алардын көбү Ооганстанда, Ливиядагы жана Ирактагы согуштун ардагерлери.

Ирак азыр Вашингтондон аскерий жардам, анын ичинде ракета, чалгынчы учактарды алууга аракет кылууда. Бирок АКШ Конгресси Нури ал-Маликинин өкмөтүнө аскердик жардам берүүгө анча көңүлдөнбөй турат. Конгрессмендер “Апачи” тик учарларын Маликинин өкмөтү саясий каршылаштарына пайдаланылышы ыктымал деп чочушат. Биро, аскерий техникадан жардам бергенден мурда АКШ премьер-министри Малики күрт жана суннит азчылыктары менен мамилени жакшыртуусун каалайт. Анын үстүнө Ирак - АКШ ортосундагы аскерий келишим жок шартта Пентагондун Иракка аскер жөнөтүшү мүмкүн эмес.
XS
SM
MD
LG