Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Ирландияда референдумдун жыйынтыгы чыгарылууда


Евробиримдиктин Баш мыйзамсынын келечеги Ирландиянын колунда экени айтылууда
Евробиримдиктин Баш мыйзамсынын келечеги Ирландиянын колунда экени айтылууда

Кечээ ирландиялыктар Евробиримдиктин Лиссабон келишимин колдошту көрүнөт. Шайлоо бекеттеринин алдында жүргөн сурамжылоо ушундай жыйынтык берди.

Ирландия былтыр бул келишимди колдогон эмес. Документ ишке кирсе уюмдун өзүндө чечим кабыл алууну бир топ жеңилдетет.

Лиссабон келишиминин негизги эле өзөгү Евробиримдиктин тышкы саясаттагы чечкиндүүлүгүн арттырат. Анткени уюмдун жетекчилигинде бир топ олуттуу өзгөрүүлөр орун алат.

Бу келишимди Еврошаркетке мүчө 27 өлкөнүн ичинен бирөө эле жактырбай койсо, ал ишке кирбейт.

Азырга чейин аны колдобогон үч эле өлкө калды. Бул – Ирландия, Польша жана Чехия. Бирок алардын ичинен Ирландияга гана референдум өткөрүүгө укук берилген.

Ирландияда дээрлик баардык саясий партиялар, өлкө жетекчилиги жарандарды бул ирет келишимди колдоого чакырып келишти. Керек болсо өлкөдө экономикалык кризистин айынан популярдуулугун жоготкон премьер-министр Браян Коуэн да азыр эми ага карата таарынычты четке коюп, адамдар кризистен чыгыш үчүн бул ирет “Ооба” деп жооп беришин суранды.

Ирландиялык добуш берүүчүлөрдүн бири Эрик Макналтинин айтымында, келишимди колдогондор, былтыркыга караганда, быйыл жакшы даярданышканы байкалат: "Менимче, “Колдойбуз!” деген чакырык менен өткөн өнөктүк быйыл, былтыркыга караганда, жакшы даярдалган. Мен бул жолу кепилдиктер жетиштүү экенине ынандым".

Кечээ шайлоо кандай өткөнүн жана Лиссабон келишими тууралуу бул жерден окуңуз.

Эми ирландиялыктар Евробиримдиктин мурда колдоого алынбай, кийин бир аз өзгөртүлүп, башка ат менен Лиссабон келишими катары сунуш этилген Конституциясын колдошкону чын болсо, аны азырга чейин жактыра элек Польша менен Чехия гана калат.

Варшава менен Прагада парламенттер аны ратификациялашкан. Польшалык президент Лех Качински “Ирландиялыктар эле аны колдоп беришсе, документке кол койгонго даяр экенин” айткан. Бирок чех президенти Вацлав Клаус 17 сенатор бу келишимге каршы конституциялык арыз менен кайрылышкандыктан, ага азырынча кол койбошу мүмкүн дешүүдө. Ошентсе да, көпчүлүк эксперттер Клаусту азыркы каржылык катаал мезгилде Брюсселге чечим кабыл алууда көбүрөөк эркиндик берип, кысталыш учурда колду байлабай, баары бир аны колдоого мажбур болот дешет.

Евробиримдиктеги кеңейүү иштери боюнча комиссар Олли Рейн Лиссабон келишими мурдараак эле жактырылганда дурус болмок дейт. "Евробиримдик тышкы иштерде, коопсуздук саясатында чечкиндүүрөөк иштеши үчүн көбүрөөк эркиндик керек. Бул - өтө маанилүү нерсе, - деди ал. - Биз бу келишимди эртеңкиге калтырбай, кечээ эле жактырышыбыз керек эле".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG