Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Жалал-Абад: мэрге жол, элге үй керек


Жалал-Абаддагы бузулган үйлөр
Жалал-Абаддагы бузулган үйлөр

Жалал-Абадда турак жайы бузулган жарандар шаар бийлигине нааразы болушууда. Анткени Ленин көчөсүн кеңейтүүдө алардын турак жайын шаар бийлиги уруксатсыз сүрдүрүп, келтирилген чыгым үчүн аз суммадагы каражат бөлүүдө дешет.

Ал эми калаа жетекчилиги баары мыйзамдуу түрдө, көпчүлүктүн кызыкчылыгы менен аткарылып жатканын айтууда.

Ленин көчөсүн кеңейтүү иштери эки күндөн бери ызы чуу менен коштолууда. Шаардын тийиштүү тармактык жетекчилери баш болгон кызматкерлер жума күнү техникалар менен келип жарандардын каршы болгонуна карабай, турак жайларды чекеден буза баштаган. №68 үйдө карыган энеси менен жашаган Сайра Рахматуллаева каршылык билдиргени менен аны эч ким укпаганын айтууда:

- Июнь окуясынан кийин бул дубалдарды араңдан зорго тургузганбыз. Эми кайра эле аны бузуп салышты. Мен ага деле макулмун, шаар гүлдөп өнүгүшүн каалайбыз. Бирок бузулган дубал жана жер үчүн аз эле акча төлөп берип жатышат. Биз аларды кайра калыбына келтирүүгө жеткире албайбыз да. Ошол үчүн биз ага макул эмеспиз деп каршылык көрсөттүк. Бирок ага карабай эле кечээтен бери короо жайларыбызды бузуп салышты. Эми акчаны да эсеп ачып документ даярдасаңар бөлүп беребиз деп жатышат. Ага да бир топ убакыт кетет. Үйдө карыган апам бар, ал менен көчө боюндагы ачык үйдө жашоо биз үчүн коркунучтуу.

Бузулган үйлөрдүн бири
Бузулган үйлөрдүн бири

Шаардын негизги деп эсептелген Ленин көчөсүн кеңейтүү иштери 2010-жылы көтөрүлүп, ошол кездеги Ош-Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын эсебинен каржыланаары белгиленген. Бирок каражаттын тартыштыгынан башталбай калган аракеттер былтыркы жылы жанданып, 300 метрге жакын аймагы кеңейтилген болчу. Шаар бийлиги быйыл ал жумуштарды улантып, курулуш иштерин жандандырды. Шаар мэри Салайдин Авазов нааразы болгон тургундардын айтканына карата баары мыйзамдуу түрдө жүрүп жатат деген жообун берди.

- Биз бул жумуштарды баштаарда бардык тараптан мыйзамдуулукту сактадык. Жашоочулар менен жолугушуп, көз карандысыз эксперттердин эсеби боюнча короо жайына жана жер тилкесине өз-өзүнчө компенсация төлөп бере турган болдук. Шаар аксакалдары менен бирге аларга түшүндүрүп, эч ким нааразы болгон жок. Бул 100 миңдеген шаардыктардын талабы. 2010-жылдагы июнь окуясында көчө боюндагы өрттөлгөн үйлөр кам кыштан эле тургузуп алышкан. Биринчиден автоунаа тыгыны жаралса , экинчиден шаардын көркүн бузуп турат. Демек аткарууга убакыт келди деп ойлойм.

Учурда 12 метр келген шаардын борбордук көчөсүнүн 500 метр аралык аймагы 9 метрге кеңейтилип, ага шаар бюджетинен 12 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Курулуштун жүрүшүндө жол жээгиндеги мамычалар менен катар 38 үйдүн короо жайлары жана убактылуу жашоочу имараттары бузулат. Оштогу “Интербилим” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гулгаакы Мамасалиева шаар бийлиги жарандардын кайрылуусуна каршы чыгып, мыйзамсыз аракеттерге барууда дейт.

- Жашоочулар мэрия чыгарган компенсация боюнча бүтүмгө макул болушкан эмес. Анда алар өздөрү башка компания жалдап, бааны аныкташ керек болчу. Бирок шаар бийлиги булардын айтканына көнбөй, мажбурлап турак жайларын сүрдүрүп жатыптыр. Булар макулбуз деп кол койгон документ да жок экен. Сүрдүрүүнүн этабы боюнча жарандар баага макул болгондо келишим түзүлүп, эки тараптан кол коюлушу керек эле. Анан шаар бийлиги бузула турган короо ээлеринин эсебине акча которуп берген соң гана сүрдүрүүгө барыш керек болчу. Бул жерде макулдук да, акча да жок. Демек күчкө салып мыйзамсыз бузуп жатышат.

Шаар мэри менен укук коргоочунун кайым айтышы

Ленин көчөсүндө турак жайлары сүрдүрүлүп жаткан жашоочулар менен жолугуп жаткан Гүлгаакы Мамасалиева менен шаар мэри Салайдин Авазовдун ортосунда кайым айтышуу да орун алды. Шаар башчысы Мамасалиева баштаган бейөкмөт уюмдарга нааразы болду:

- Бул жерде бузууга баары макул болсо, силер келип аларды бизге каршы үгүттөп, душмандык кылып жатасыңар. Силерден суранат элек, өзүнөрдүн ишиңерди туура алып барып, элге бузукулук жасабагыла.

Үйлөрдү бузуу
Үйлөрдү бузуу

“Интербилим” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гулгаакы Мамасалиева мэрге мындайча жооп кайтарды:

- Сиз биздин үстүбүздөн акаарат айтканга укугуңуз жок. Эми биз сиздин үстүңүздөн прокуратурага кайрылабыз. Биз эмне деп чыккынчылык кылып жатабыз? Мэр болуп туруп, уялбайсызбы, ушундай сөздөрдү сүйлөгөндөн. Шаар жашоочуларына үлгү болгон адам сиздей болбойт. Сиздер турак жайларды мыйзамсыз сүрдүрүп жатасыздар.

Укук коргоочу менен мэрдин айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Курулуш иштерине турак жайлары бузулган бардык эле жарандар каршылык көрсөткөн жери жок. Арасында баарына макул болуп, өз жерин жолдун кеңейүүсүнө берген жашоочулар да бар. Алар шаардын келечеги үчүн калаа бийлиги туура кадам жасоодо деп баа беришет.

Шаар аймагында 12 миң автоунаа каттоодон өтсө, күн сайын башка район-шаарлардан 15 миңге чукул унаа кирип чыгат. Көпчүлүк жол тыгындары Жалал-Абаддын Ленин көчөсүндө болот.

XS
SM
MD
LG