Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Роберт Мугабе: Ооба, кайра тирилип келбедимби!


Роберт Мугабе жубайы Грэйс менен.
Роберт Мугабе жубайы Грэйс менен.

Түштүк Африкадагы Зимбабве жумуриятын 1980-жылдан бери жетектеп келген Роберт Мугабе (1924-жылы туулган) менен байланыштуу азилдерден бир шиңгил.

* * * * * * *

Мен кайра тирилдим!

2016-жылдын сентябрынын башында "Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе өлүп калыптыр" деген айың кептер өлкөгө желдей таркады.

Дубайда үй-бүлөлүк жеке маселелер боюнча сапарда болуп кайтканын Хараре шаарында 2016-жылдын 3-сентябрында кабарчыларга айткан Роберт Мугабе өзүнүн өлүмү тууралуу ушак-айың жаатында мындайча жооп кайтарды:

Ооба, ырас эле, мен өлүп калган болчумун. Чынында эле өлүп калган элем. Адатымча, мен кайра эле тирилип алдым. Өлкөмө кайтып келдим эле, мына минтип өзүм кайра чын эле тирүү бойдон турам.

Башка бир учурда Мугабе минтип айткан дешет:

Мен көп ирет өлүп, кайра тирилип келдим. Бул жагынан мен Ыйсанын өзүнөн озуп кеттим, анткени ал бир гана жолу кайра тирилген эмеспи.

(Роберт Мугабе – диний теги жагынан католиктерден чыккан саясатчы).

* * * * * * *

Өлгөн чочко үчүн сый көрүү

Бир ирет Роберт Мугабе дөңсөөдөн ылдый түшүп келе жатканда, анын автоунаасы кокусунан бир чочкону тебелеп кетиптир.

Мугабе өзүнүн айдоочусун жакын жайгашкан дыйкан чарбасына жөнөтүптүр:

— Өзүң барып, дыйкан чарбанын кожоюнуна бул кокустук тууралуу жакшылап түшүндүрүп кел.

Бир саат өтүп-өтпөстөн, анын айдоочусу жаңы кооз кийимчен, колуна шарап бөтөлкө жана даамдуу азык алып кайтып келиптир.

— Ой укмуш, деги сага эмне болду?!.

— Мен чарба кожоюнунан ушундай жакшы сый көрдүм дейсиз! Алар мага кийит кийгизишти, минтип азыгы менен шарабын беришти, анан калса, анын 19 жаштагы кызы да мени сүйүп калды окшойт.

— О-о Кудай! Кандай сонун! Анчалык эмне сыйкырдуу сөз айттың?

— Мен аларга: “Роберт Мугабенин унаасын айдап келе жаткам. Мен анын шоопурумун. Анан тиги чочкону өлтүрүп салбадымбы!” – деген болчумун.

* * * * * * *

Роберт Мугабенин ар кыл учурларда айткан учкул сөздөрүнөн:

Африкалыктарды өзгөчө тынчсызданта турган бирден-бир көйгөй – бул алар колдонгон батареянын кубатынын өчөөр-өчпөс болуп азайгандыгы.

* * *

Түштүк африкалыктар ак түстүү кишинин айкелин оңой кулатышат, бирок тирүү ак түстүү кишини жаактан ары берип калууга эч даашпайт. Ошондой болсо да алар кара түстүү кишини чет элдик болгону үчүн эле таш бараңга алып өлтүрүүгө бара алат.

* * *

Бүгүн африкалык кыздарды сыйкырлоо оңой-олтоң иш эмес. Африкалык кыздын биринин тал чачын мастен бакшыга алып барып көрчү – же Бразилиядагы жазыксыз бир айым балээге кабылат, же болбосо алыскы Кытайдагы бир ишканада өрт чыгат.

* * *

Чылым – бул кагаз менен өзүнө тамекини камтып турган кичинекей нерсе; анын бир учунда от күйүп турса, экинчи учунда - аңкоо жайгашкан.

* * *

Эгерде кимдир-бирөөнүн эчкиси жоголуп кетсе, анда анын коңшусунун шорпосунун таноо жарган даамдуу жыты шектүү боло баштайт.

* * * * * * *

Кабарчы:

— Президент мырза, Сиз Зимбабвеликтер менен кош айтышууну кайсы мезгилге белгилеп жатасыз?

Мугабе:

— Кош айтышкандай алар каякка кетип жатышыптыр?

* * * * * * *

Роберт Мугабе тууралуу сатиралык сүрөт.
Роберт Мугабе тууралуу сатиралык сүрөт.

Карикатурадагы текст.

Роберт Мугабе:

Мунун бардыгы…

…басма сөздүн…

…патриот эмес ак түстүүлөрдүн…

…кумсалардын…

…Американын…

…Британиянын...

…келгиндердин…

айынан гана болуп жатат!

(Ар кыл интернет булактардан).

TT

XS
SM
MD
LG