Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Кыргыз адабиятынын жаңы тарыхында айрыкча эки жазуучунун өлүмү эл-журттун жанын катуу кейитип, коомчулукту терең ойго салганы алигүнчө эсте.

Биринчиси, албетте, 2008-жылы каза тапкан Чыңгыз Айтматовдун табышмактуу өлүмү - бул тууралуу көп жазылып, көп айтылды. Экинчиси - таланттуу акын Жолон Мамытовдун 1988-жылы күтүлбөгөн жерден арабыздан кеткени эле.

Чыкебиздин арабыздан кеткени тоо кулагандай, кулак тунгандай таасир калтырса, экинчиси, Жолондун өлүмү, кудум өрт өчкөндөй элес калтырды. Таң кала турган нерсе - экөө тең учакка билетти бир гана тарапка алып, бирок кайра келе турган билетти эмнегедир ойлошпоптур… Чыңгыз агабыз узак сапарда жүрүп, ажал деген апаат менен Казан шаарында бет келишип, тиги дүйнөгө Германиянын Нюрнберг шаарынан узады. Жолон Мамытов болсо Москвада, кан ооруларын дарылаган Бүткүл союздук Гематология институтунда болгону 48 жаш курагында көз жумду. Бул эки инсандын өлүмүнө кайгырбаган, кабыргасы кайышпаган кыргыз болгон жок го: бири улутубуздун бирден-бир символу, маданиятыбыздын туусу болсо, экинчиси жалындуу ырлары менен, жаркын адамгерчилик сапаты менен, элден башкача жигиттик бейнеси менен эсибизде калган таланттуу акын эле.

Жолон Мамытов чынында да элден башкача жашаган инсан болчу. Эгер кептин ток этерин айтсак, Жолон ага эмнегедир эртең эле бир жакка өтө узак сапар жол тарта тургансып шашып жашады, эң акыркы поездден кечиге тургансып, бир нерсеге камынып жашады, кайра келерине күмөнү бардай, иштерин тез арада бүтүрүүгө, баарын жасап үлгүрүүгө умтулуп жашады. Баса, анын эң биринчи чыккан “Отту сүйөм” деген китебинде минтип жазган саптары бар эле:

- Эки зор мүмкүндүктүн алдындамын:

- Ийгилик же эч нерсеге жетпей калуу…

Айткандай эле бу дүйнөнү, бу жарыкчылыкты Жолон акын жападан-жалгыз шанс­, экинчи эч качан кайталанбай турган альтернативасыз мүмкүнчүлүк катары кабыл алып, өзүн Алыкул айткан “жүргүнчү” катары санады (“Мен жүргүнчү -- ооз тийген жемиштен”). Ошончолук жигердүү, ыкчам жана толум жашады. Эмоциясын төксө - аягына чейин төктү, сүйсө - аягына чейин ашып-ташып сүйдү, күйсө, өзү айткандай, чок болгуча алоолоп күйдү. Бекер жеринен эң биринчи жана эң күчтүү ыр китебин “Отту сүйөм” деп атабаса керек го. Жолон Мамытовдун акындык чыгармачылыгы да эч бир башкаларга окшобойт. Жогоруда айткандай, эң биринчи жыйнагы - анын эң күчтүү жыйнагы болду. Андан кийин акын бир канча китептерди чыгарды, бирок “Отту сүйөм” аттуу китеби анын жанар тоо сыяктуу жарылып чыккан адабий дебюту да, болгон акындын дараметин дароо элге жайып таштаган программасы да, чыгармачылык потенциалы да, акындык биографиясындагы эң мыкты китеби да бойдон тарыхта калды.

Жолон Мамытовдун чыгармалары тууралуу көп эле эмгектер, макалалар жарыяланды, бирок анын турмушка, жашоого, айрыкча акындык ишке жасаган бир маанилүү, принципиалдуу мамилеси тууралуу эмнегедир сөз кылбай келебиз. Ал - акын жана ажал темасы, опосуз өмүр темасы, философиялык термин менен айтсак, гамлетчилик маселеси. Жаш эле туруп, өмүрдүн кызыгына эми кирип, толуп-ташып турган кезинде өлүмдү жазды, “бейдаректик, сени менен күрөшөм, жаш өмүрдү үлөштүрүп ырларга” деп таң калаарлык романтизмге батты. Жан-Поль Сартр жазган квиетизм, өзүнө-өзү маашырлануу, жашоого жоопкерсиз мамиле Жолон акындын эң бир жактырбаган, акыл-сезимине жат деп санаган маселелер эле.

Ушул тарабынан караганда, Жолон Мамытов кыргыз поэзиясындагы Алыкул Осмоновдун жападан-жалгыз шакирти, тилектеши, окуучусу го. Өзү менен курбалдаш акындардын арасында ажал темасын, акын жана жарыкчылык темасын көркпой-үркпөй, өлүм темасын көп жазсам кокус өмүрүм кыйылып кетпесин деп эч качан ойлобой жазган кыргыз акыны Жолон Мамытов болду. Кээ бир акындар Алыкул менен Жолондой отуздун ортосунда эмес, жашы сексенден өтүп, токсонго аяк басканда да турмуштун улуу чындыгы болгон өлүм темасын эч бир козгошпойт, жазышпайт. “Отту сүйөмдүн” автору, тескерисинче, биринчи эле китебинде, жогоруда айткандай, “Эки зор мүмкүндүктүн алдындамын: ийгилик же же эч нерсеге жетпей калуу” деп өз философиясын ортого салган эле. Ал эми:

- Коноктой күндөр өтөт алчыланып,

- Күмүш сап камчы менен камчыланып.

- Бой таштап тегирмендин парасына

- Кээ күнү калгым келет кайчыланып, -

деген элге кеңири тарап кеткен саптар да Жолондун калемине таандык эмес беле.

Деле мазмунсуз жашоодон көрө турмуштан аша кечкен жакшы деген мотив жана философиялык көз караш Жолон Мамытовдун ырларында өтө көп кездешет. Бир ырында маанисиз өмүр өтөгөн акын эмне кылыш керек деген суроого жооп издеп, мындай деп жазат:

- Оо, анда ал өзүн жазалайт,

- Өзүнөн турмушту тазалайт.

- Жашоону жалгандан арылтат,

- Жарыкта бир тыным жашабайт…

Айткандай эле таланттуу акын, 70-80-жылдардагы кыргыз адабиятынын “күмүш доорунун” эң эле белгилүү өкүлдөрүнүн жана анын жаратуучуларынын бири Жолон Мамытов жанар тоо катары тез жарылып чыгып, бирок жазгандарына анча канааттанбай, не бир кол жеткис бийиктерге умтулуп, чыгармачылык сеңирди көздөй талбай канат сермеп, бирок “дымыккан” доордо таланты толук ачылбай, заманынан мурун өтүп кетти, чиркин. “Издейм сени…” деп изденип жүрүп, эгер таппаса өмүрү сая кетээрин алдын-ала жазып жүрүп, андай мазмунсуз өмүрдү өтөгөнгө даяр эмес экенин улам-улам билдирип жүрүп өтүп кетти, кайран Жоке.

- …Качандыр бир жаралам деп ойлоном,

- Бул чеги жок табийгаттын колунан.

- Аалам кезип, айланычтуу жол менен

- Кайра баштап мен жашоого жолугам­­, -

деп пайгамбардай жазган ыры да бар эле. Эгер тирүү болсо, кыргыздын азыркы адабий парадын Жолон ага баштамак, эң кеминде эгемен доордун чоң ишмери болмок, улуттун желегин көтөрүп, мамлекетибизге жан-дили менен кызмат кылмак. Анткени анын масштабы-мамлекеттик, улуттук масштаб эле. Менимче, анын чыныгы чыгармачылык потенциалы ошондо толук ачылмак. Өмүрү кыска экен, Жолон акын арабыздан эрте кетип калды. Ошондой болсо да, артында калган китептери, айрыкча оттой жанган “Отту сүйөм” китеби, адамдык жаркын элеси кыргыздын тарыхында өзүнө гана тиешелүү ордун тапты.

- Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү мен,

- Силерге көз кайкыган закымдагы,

- Эй, жыйырма биринчинин сулуулары,

- Эй, жыйырма биринчинин акындары! -

деп азыр да арабызга аралашып, тээ бийиктен үн салып тургансыйт жалындуу акын, анык патриот, заманынын чыныгы Гамлети жана чыгаан инсаны Жолон Мамытов.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG