Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Тимур: Дубайдан Голливудга кетүүнү эңсейм


Тимур (ортодо) кесиптештери менен
Тимур (ортодо) кесиптештери менен

Тимур Жапаралиев Нью-Йоркто актердук билим алууну самап, кыялына жетүү үчүн Дубайда аба коштоочу болуп иштеп жүрөт.

23 жаштагы Тимур Жапаралиев “Эйр Арабия” авикомпаниясында борт коштоочу болуп иштейт. Жумушуна байланыштуу дүйнөнүн чар тарабына барып турууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул артыкчылыкка оңой-олтоң эле жете койгон эмес.

“Дубайга мени актер болсом деген кыял жетелеп келди. Максатым Нью-Йорк Киноискусство Академиясында билим алуу болчу. Ал үчүн мектептен кийин чет тилдер факультетине тапшырдым. Англис тилинен мугалим же котормочу болоюн деген деле оюм жок болчу. Болгону тилди тиешелүү деңгээлде өздөштүрүп алсам, Нью-Йоркко барганда көп кыйналбайм деп ойлодум.

Кыргызстанда жүргөндө деле тасмага тартылууга мүмкүнчүлүктөр болгон. Кино тармагында иштеп жүргөн тааныштарым бар. Актердук жөндөмүмдү байкап жүрүшкөн окшойт, чакан ролго чакырышкан. Кызыгуум артып турса дагы баш тарттым. Баары майдадан башталат, атайын билимиң болбосо деле тартыла бербейсиңби дегендер болду. Мен ар бир тармакта кесипкөй адистер гана иштесин деген пикирдемин. Кыялымдагы Нью-Йорктон окуп келгенден кийин гана бул дүйнөгө аралашам деп сөз бергем.

Бирок бул кыялым мынчалык узакка созулуп кетерин ойлобоптурмун. Жаштык дем менен эле кетем деп дегдеп алган экем. Окуунун баасын билгенде, шаабайым сууй түштү. Кыргызстанда студент ал акчаны он жыл иштесе да чогулта алмак эмес. Жалгыз апама контрагымды төлөткөнгө батынган жокмун”.

Жумуртка сатып, Дубайга келдим...

“Апам экөөбүз үйдө тоок бакчубуз. Киреше булагыбыз жумуртка эле. Чакага салып алып, базар аралап сатчумун. Эч качан, эч кимден уялган эмесмин. Бул убактылуу гана көрүнүш, өмүр бою тооктун артынан жүрө бермек белем деп өзүмдү-өзүм жооткотуп коер элем.

Жумуртка сатып жүрүп, чет өлкөгө кеткенге акча топтой баштадым. Карасам, тааныштарымдын баары эле Орусияда же Казакстанда иштешет экен. Ал жактарга көңүлүм чаппады. Кудай жалгап, досумдун Дубайда иштеген таанышы бар экенин кулагым чалып калды. Тааныш болбосом да, андан жолун сурап, Дубайга жөнөп кеттим. Окуумду болсо алыстан окуу бөлүмүнө которуп салдым”.

Дубайда акча жаабайт...

“Дубайды сүрөттөрдөн, видеолордон көрүп жүрсөңүз керек. Чөлдөгү бейиштей элестетесиң. Ошол бейиште жан багып кетүү оңой эмес экен. Кыргызстанда туруп алып менден акча сураган тааныштарым ойлогондой акча асмандан жаабайт экен, күрөк менен сузуп албайт экенсиң.

Алгач келгенде резюмеңди көтөрүп алып, кеңселердин эшигин каккылайсың. Чуркап жүрүп таманың тешилет, күндүн табына чыдабай акактайсың. Бир жагынан бир айга берилген визаңдын мөөнөтү бүтүп баратат. Ошондой учурда Американы багындырам деп барган жигиттин окуясын чагылдырган кыргыз киносун эстеп, күтө турушса, мен да сценарийине кошумча идеяларды бермек экемин деген ойлор келет (күлүп).

Кыйналып жүргөн күндөрү кыялың сага күч-кубат берип, алга жетелейт экен. Жүдөп кеткен учурларда да үйгө кайтып барган жокмун. Башкаларга колунан иш келбеген, сынып калган адам көрүнгүм келбеди. "Аз калды, чыдап кой" деп өзүмдү алаксытып жүрдүм.

Электрондук почтама эмерек саткан швейцариялык фирмадан кат келгенде сүйүнгөнүмдү сүрөттөп бере албайм. Мыскылдап күлүшүңөр мүмкүн. Болбосо Дубайда катардагы эле кара жумуштардын бири катары саналат. Чөлдө жумалап адашып жүрүп, булактын көзүн таап алган кербенди элестетиңиз. Экөөбүздүн кубанычыбыз бирдей эле болду.

Эмерек сатып бир жыл жети ай иштедим. Бул аралыкта бир нече жолу “айдын мыкты сатуучусу” аталдым. Башынан эле окуума деген акчаны өзүнчө топточумун. Убакыт өткөнү менен кыялыма жакындабай койдум”.

Бейтааныш мекендештеримдин жардамы...

“Чет өлкөдөгү ишканаларда “open day” деген түшүнүк бар. Кыргызча айтканда “ачык эшик күнү”. Компаниялар бош жумуш орундарында жаңы кызматкерлерди алат. Ошондой күндөрдүн биринде резюмемди “Эйр Арабия” авиакомпаниясына да таштап койгом. Көп өтпөй баарлашууга чакырышты. Түнү менен кирпик какпай даярданып чыктым. Күзгүнүн алдында жылмайгандан баштап, стаканга суу куюп жүргүнчүгө сунганымдан бери кайталап чыктым.

Интервью оңой өткөн жок. Тил, кызмат көрсөтүү этикасы мындай турсун, денеңде татуировка, пирсинг барбы деп да текшеришти. Жүздөгөн талапкерлердин арасы улам суюлуп жатты. Мен бардык турлардан ийгиликтүү өтсөм да салмагым жетпей калды. Кайрадан формамды кийип алып эмерек сатып атканым көз алдыма элестеп кетти.

Акыркы турга калгандар жыйынтыгын кутүп отурган болчубуз. Өтпөй калганымды билип турсам деле, кетпей отурдум. Көп өтпөй эле кабыл алынгандардын аты-жөнүн жарыялашты. Арасында мен да жүрөм. Андайда жүрөк кабынан чыкчудай болуп, дендароо боло түшөт экенсиң.

Салмагым жетпей калганына карабай алганынын себебин кийин, иштегениме бир топ убакыт болгондон кийин билдим. Менеджерибиздин айтымында, Fly Dubai, Qatar Airways, Emirates өңдүү дүйнөлүк ири компанияларда иштеген кыргызстандык улан-кыздардын аброю жогору болуп, профессионалдар катары саналат экен. Ошолордун арты менен мен да илешип калыптырмын. Бул мүнөздөмө бир чети чоң жүк. Менден кийин деле дагы бир мекендешим жумушка орношом деп келет да. Менин да ага пайдам тийип калсын деп башкаларга караганда ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасаганга аракет кылам”.

Аз калды...

Жумуртка, эмерек сатып иштегенден кийин азыркы жумушум романтикалуу деп айтсам жарашат. Кесибимди жакшы көрөм. Жадагалса стюарддын формасы башкаларга караганда мага жарашыктуудай сезиле берет.

Ар бир каттам сайын жаңы жүздөрдү көрүп турам. Кээде мекендештерибиз учурап калат. Сырымды ача берейин, аларга тамактын даамдуусу берилип, кызмат да өзгөчөрөөк болот. Асманга көтөрүлгөн сайын алгачкы мезгилдеги кыйынчылыктар унутула түшөт.

Жумушум канчалык кирешелүү болбосун, бул жерде көпкө кармалбасымды билем. Мени бул жакка эмне жетелеп келгенин унуткан жокмун. Бир кездери уктатпай кыялдан чыккан эңсөөмдү эстен чыгарсам, өзүмө кыянаттык жасаган болор элем. Күн өткөн сайын кыялыма жетериме аз калганын сезем. Буюрса кийинки маекти Голливудду багындырган кыргыз актеру катары берип калайын".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG