Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Салык кызматына депутаттардын 50дөн ашык жардамчы-кеңешчиси сынаксыз жумушка кабыл алынган.

Бирок бул бир эле министрликтеги ачыкка чыккан көрүнүш. Депутаттар болсо өздөрүнүн жардамчыларын сынаксыз мамлекеттик органдарга кызматка алууга мыйзам жол берерин белгилешүүдө.

Байкоочулар болсо кээ бир адамдар конкурска катышпай туруп, мамлекеттик органдарга жумушка кирүү үчүн формалдуу түрдө кыска убакытка Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчы же кеңешчиси болуп дайындалып жүргөнүн айтышат.

Салык кызматындагы “парашютчулар”

Салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев Жогорку Кеңеш депутаттарынын 50дөн ашык жардамчы-кеңешчилери сынаксыз кызматка алынганын тастыктады. Анын айтымында, буга мыйзам жол берет.

- “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын 24-беренесинде “саясий кызматты ээлегендердин жардамчылары жана кеңешчилери мамлекеттик кызматка сынаксыз жумушка кирүүгө укугу бар” деп жазылып турат. Бир гана депутаттардын гана эмес, министр жана башка саясий кызматты ээлегендердин жардамчы-кеңешчилери да буга укуктуу.

Мыйзам боюнча депутаттык саясий кызмат болуп эсептелет. Анткен менен Масалиев эл өкүлдөрүнүн жардамчыларын сынаксыз кызматка алууну талаштуу маселе деп атады. Андыктан бул көрүнүштү өздөрү демилге көтөрүп, ачыкка чыгарышкан.

- Өткөн жылы биз бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке, Мамлекеттик кадр кызматына жазганбыз. Ушул маселе бир аз туура эмес болуп жатат, аталган норманы жоготсок жакшы болот эле деп айтканбыз.

Камкор депутаттар

Эки жыл аралыгында Социал-демократтар фракциясынын депутаты Акылбек Султановдун 5 жардамчы-кеңешчиси, “Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Мурашевдин 3 жардамчы-кеңешчиси конкурстан тышкары ишке алынган.

Ошондой эле депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Абдыманап Кутушев, Акылбек Эшимов, Алмазбек Баатырбеков, Чолпон Султанбекова, Абдыжапар Бекматов, Жыргалбек Саматов, Нургазы Айдаров, Абдымиталип Кочкорбаев, Курманбек Осмонов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев, Абдулатип Режавалиев жана Мирлан Бакировдун экиден жардамчы-кеңешчиси жумушка орношкон.

Дагы ондон ашык депутат өздөрүнүн бирден жардамчысын киргизген. Маселен, Салык кызматына 3 жардамчысы жумушка алынды делген “Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Мурашев мыйзамдагы бул беренени колдойт. Бирок ал өз фактысын үч жыл аралыгында болгон окуя экенин айтты:

Кыргыз парламенти

Кыргыз парламенти

- Бул үч аралыгында болгон нерсе. Бир жардамчым жакында гана ишке орношкон. Бирок эл менен журналисттер министрлердин, башка чиновниктердин иш-аракеттерин байкабай, бир гана депутаттардын кылган иштерин көрүп жатышканы кызык. Жардамчыларын сынаксыз мамлекеттик кызматка сунуштоо бул - депутаттардын колунан келген жалгыз иш. Аны да азыр Мамлекеттик кадр кызматы депутаттардан алып салабыз деп жатат. Бул туура эмес деп ойлойм.

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушевдин эки жардамчысы да сынаксыз орношкон. Ал дагы идиреги бар жаштарды мамлекеттик кызматка сунуштаганды колдойт.

- Мен жаңыдан депутат болуп келгенде мыкты иштеген балдарды жакшы ой менен сунуштагам. Бул 2012-жылы болгон. Андан кийин бул көрүнүш кайталанган жок. “Беш кол тең эмес” дегендей, ар кандай болушу мүмкүн. Бирок депутат саясий ишмер катары жакшы, мамлекетчил адамдарды мамлекеттик кызматка сунуштаса, ал жаман деле болбойт.

Коррупцияга жол ачкан берене

Анткен менен бул түздөн-түз коррупцияга жол ачарын, бир-эки ай депутаттын жардамчысы боло коюп, мамлекеттик кызматка секирик жасагандар бар экенин айтып, сындагандар көп. “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов депутаттардын жардамчы-кеңешчилерине сынакта артыкчылык берүү Баш мыйзамга да каршы келерин билдирди.

- Менимче, бул туура эмес. Анткени депутаттар өздөрүнүн тууган-тааныштарын сунушташат. Албетте бул мамлекеттик кызматта 20-30 жыл иштеп жүргөн адамдарга тескери таасир этет.

Бекешов кошумчалагандай, бул бир гана Салык кызматында ачыкка чыккан маалымат.

- Бул бир гана мамлекеттик органды текшергендеги көрүнүш. Бардык мамлекеттик мекемелерди текшерсе, ар бир министрликте депутаттын же саясатчынын жардамчылары иштеп жүрөт.

Бирок мыйзам боюнча, депутаттын жардамчысы же кеңешчиси жумушка сынаксыз кабыл алынганы менен ал өзү барып жаткан кызматтагы бардык талаптарга жана критерийлерге жооп бериши керек.

Ал ортодо Мамлекеттик кадр кызматы “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрдү. Эгер ал Жогорку Кеңештен колдоо тапса, депутаттардын жардамчыларын жана кеңешчилерин сынаксыз кызматка алуу токтомокчу. Бирок ушундай эле мыйзам долбоору өткөн жылы парламентте депутаттардан колдоо таппай калган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG