Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:42

Курманжан Датканы ким туткунга алган?


Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан Датка" тасмасы. Кинодо Курманжан Датканын ролун Элина Абай кызы аткарган.

Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан Датка" тасмасы. Кинодо Курманжан Датканын ролун Элина Абай кызы аткарган.

Польшада кадимки Курманжан Датканы Памирде туткунга алган Бронислав Громчески тууралуу китеп поляк тилинде басылып чыкты. Wielki gracz же «Чоң оюнчу» деп аталган тарыхый изилдөөнүн автору Макс Сегиелский Жаңыл Жусупжандын суроолоруна жооп берди.

1876-жылы Курманжан Датканы Шабдан баатыр курчоого алып, аны Маргалаңдагы падышачыл Орусиянын штабына князь Витгенштейн “узатып баргандыгы” маалым. Бул окуяны сүрөттөгөн Википедиядагы макалада анын туткундалгандыгы же ким аны туткунга алгандыгы анык-так жазылган эмес. Садык Шер-Нияздын эпикалык “Курманжан Датка” көркөм тасмасында бул эпизод камтылган эмес.

Ушул жаатта иликтөө жүргүзгөн журналист-изилдөөчү Макс Сегиелский Орусия “Алай ханышасы” деп барктап, полковник чинин берген Курманжан Датканы “англичандар өздөрү кооптонгон чоң тыңчы”, польшалык аристократ Бронислав Громчевски туткундагандыгын аныктап чыкты.

Сегиелски буга чейин Азия боюнча бир катар китептерди жазган. Ага мен ал азыркы изилдөөсүнө маалымат чогултуп Мургабга (Тажикстан) келгенде учурашып калдым.

Макс Сегиелски: Мургабда Сары-Көлдүн тегерегинде, дарыянын жээктеринде 1892-жылы орусиялык падышалык күчтөр менен оогандардын чакан тобунун ортосунда жер үчүн салгылаш болуп, орустар оогандардын дээрлик баарын (20дай адамды) кырып салышкан.

Орус падышачыл аскерлер оогандар менен кагылышкан аймак, Мургаб, Тажикстан.

Орус падышачыл аскерлер оогандар менен кагылышкан аймак, Мургаб, Тажикстан.

​Менин жердешим Бронислав Громчевски ошол орустардын катарында болгон. Алардын жетекчиси Михаил Йемов Памирди Орусияга күч менен кошуп алуунун башкы командири болгон, ал салгылаштан кийин алар биринчи туруктуу орус чебин куруп, ал "Памирский пост" деп аталып, азыр ал Мургаб деп аталат.

Ал кезде Бронислав Громчевски офицер, оторчу (колонизатор) офицер болгон десек да болот.

Жаңыл Жусупжан: Биз “поляктар боштондукту туу тутат, алар колонизатор эмес” дейбиз го?

Макс Сегиелски: Ооба, так ошондой. Поляктардын сыймыктанганы ушул – бизде эч качан колониялар болгон эмес. Китептерде да ушинтип жазылат. Бирок XIX кылымда картада Польша деген жок эле - ал Орусия, Пруссия жана Австриянын курамында бөлүнүп калган. Ошондуктан көптөгөн жаш жигиттер, ак сөөк феодалдык үй-бүлөлөрдүн уулдары Орус империясында, орус армиясында атак күткөнгө аракет кылышкан.

Бронислав Громчевски, "Курманжан Датканы туткунга алганын" жазган китебинен сүрөт.

Бронислав Громчевски, "Курманжан Датканы туткунга алганын" жазган китебинен сүрөт.

Громчевскинин атасы орустарга каршы көтөрүлүштөргө катышкан, бирок уулу Орусиянын армиясына кошулган. Бир жери, ал “Польшада, Варшавада кызмат өтөбөйм, өз элиме каршы турбайм” дегендиктен, Түркстанга которулган. Өз элине каршы кызмат кылгысы келбей, ал Борбордук Азия элдерине каршы кызмат кылган.

Жаңыл Жусупжан: Ошентип ал Курманжан Датканы колго түшүрүптүрбү?

Макс Сегиелски: Ал ошентип жазыптыр, муну мурда эч ким билчү эмес. Кыргызстандагы Курманжан Датка тууралуу аңызды толук билбесем да, угушумча элдин баары ал жөн гана орустар менен макулдашууга барган деп ойлойт окшойт.

Громчевскинин айтымында, орус колдору Алайга барып, кыргыздарга каршы согушканда, саны аз болсо да, артиллерия, башка куралдары күчтүү болгондуктан орустар жеңет. Ошондо Курманжан Датка Кызыл ашуусу аркылуу Кара-Көлгө (Мургаб районундагы көл), андан ары Памирге качкан.

Кара-Көлдун көрүнүшү, Мургаб району, Тажикстан.

Кара-Көлдун көрүнүшү, Мургаб району, Тажикстан.

Курманжан Датканы орус-казак жоокерлери менен Кара-Көлдүн жанынан, Кызыл-Арт жана Ак-Байтал ашууларынын ортосунда кармаган.

Жаңыл Жусупжан: Борбор Азия боюнча китеп жазып калтырган экен, ошол окуянын жүрүшүн сүрөттөптүрбү?

Макс Сегиелски: Жок, чоо-жайын жазган эмес. Кызыгы – ал муну аң уулоо тууралуу китебинде жазган. Ал Памирде аркар (Marco Polo sheep) уулап жүргөнү тууралуу жазып келип, айрым жерлерде Скобелев менен Алайга келгенин, анан Курманжан Датка качканын, аны орус-казак жоокерлери менен артынан барып кармап алганын жазат.

Алар андан ары Алайга келип, Скобелев Курманжан Датка менен сүйлөшө баштайт, анын эр жүрөктүгүнө ушунчалык суктангандыктан, аны эркиндикке чыгарат. Бул сөзсүз жанагы “Европалыктар жапайы жерге барса, жергиликтүү эл ушунчалык баатыр экен, ошон үчүн аларды койо бердик” деген сыяктуу жомокторго окшошпой койбойт, кантсе да бул абдан чыгыш таануучулук жана оторчу мүнөздөгү баян.

Курманжан Датканын эстелиги, Гүлчө айылы.

Курманжан Датканын эстелиги, Гүлчө айылы.

Памирди кошуп алгандан кийин Громчевски Памирде Орусия администрациясынын жетекчиси болгон. Кеңсеси Мургабдагы азыркы оорукананын имаратында экен, 1895-жылга чейин ошол жерде иштеген. Менимче, кыргызстандыктар үчүн дагы кызыктуу жери – ал 1893-жылы башка инженерлер менен чогуу Гүлчөдөн Сары-Ташка Талдык ашуусу аркылуу өткөн жол курдурган.

20-кылымдын башында тартылган бир фотосүрөттөн Талдык ашуусундагы, анын чокусундагы эстеликти жана аны Громчевски жана башка бир нече инженер (ал да поляк экен) жасагандыгы тууралуу маалыматты көргөм.

Жаңыл Жусупжан: Ал Мургаб бийлигин кандай сүрөттөйт, элден салык жыйначу бекен?

Макс Сегиелски: Азиядагы Орусия колониалдык империясында салыктар Индиядагыдан кыйла төмөн болгонун элдин баары эле биле бербейт. Мисалы, жер ээлөөчү орус өкмөтүнө тапканынан 1/10 гана төлөсө, Индияда ¼ төлөгөн.

Жаңыл Жусупжан: Бул орустар жакшыраак оторчу болгон дегенди билдиреби?

Китептин автору Макс Сегиелски, Мургап.

Китептин автору Макс Сегиелски, Мургап.

Макс Сегиелски: Мен алар жакшыраак оторчулар болгон деген жокмун, себеби жакшы оторчу деген болбойт. Бирок бул Памирдеги кырдаал чындап эле татаал болгон деп ойлойм: бир жагында көчмөн кыргыздар, экинчи жагында - Вахан, Панжи дарыясы жакта памирликтер бар эле. Памир элдери шиит мусулмандарынын ичиндеги исмаилиттер болгондуктан дининин айынан катуу басымга учураган.

Громчевскинин китебинде өлүккө толгон жолдор, ооган аскерлери көздөрүн тешип алган адамдар сүрөттөлөт.

Жаңыл Жусупжан: Бул Орусиянын пропагандасы деп ойлобойсузбу?

Макс Сегиелски: Жок, Громчевски китептерин Польшада 1920-жылдары жазган. Ал анда офицерлик кызматтан кеткен болчу, карып, эскерүүлөрүн жазып жаткан. Ал бул китептерин поляк тилинде поляктар үчүн жазган. Балким ал өзүн жакшы киши кылып көрсөткүсү келгендир. Бирок мен Хорогдо жана бул аймакта сүйлөшкөн элдин баары деле оогандарга караганда орус падышасынын кол алдында болгон бир топ жакшы болчу деп айтышат.

Жаңыл Жусупжан: Ошентип, бул аннексия эмес, “ыктыярдуу кошулуу” болгонбу?

Макс Сегиелскинин "Чоң оюнчу" китебинин мукабасы.

Макс Сегиелскинин "Чоң оюнчу" китебинин мукабасы.

Макс Сегиелски: Албетте, бул аннексия болгон, бирок орус падышасы башынан эле, XIX кылымдын 60-жылдарында Кокон, Букараны басып ала баштаганда эле, ушул кулчулук маселесин бетине кармап келген, бирок бул шылтоо болгон, себеби бул чындык эле. Түрк жамааттары бул жактагы тургундарды кулчулукка алып кетишчү. Ошондуктан бул сөзсүз шылтоо, бирок жакшы шылтоо эле.

Жаңыл Жусупжан: Тоолуу-Бадахшан автономдуу аймак, бирок Дүйшөмбү менен мамилеси анчейин эмес. Памирдин азыркы абалы тууралуу эмне дейсиз?

Макс Сегиелски: Менимче, Памирдин саясий же дипломатиялык келечеги кең деш кыйын. Исмаилиттердин чоңу Ага Хан да Памирде билим берүүгө көп инвестиция жумшап жатат. Ошондуктан Хорогдогу эл бүткүл Борбордук Азиядагы эң билимдүү эл деп айтышат.

Жаңыл Жусупжан: Тоолуу-Бадахшанда Хорог бийликтери кыргыздарды түндүккө сүрүп жаткандай, аларды жекелегендей саясат бардай көрүндүбү?

Макс Сегиелски: Жок, мен билгенден, памирликтер Дүйшөмбүдөгү өкмөттү жек көрүшөт, кыргыздар менен да диний, маданий же тилдик байланыштары жок. Мургабдагы өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн көбү памирликтер эмес, Дүйшөмбүдөн келген тажиктер болушу керек.

Ош-Хорог жолундагы боз үй, Мургап району, Тажикстан.

Ош-Хорог жолундагы боз үй, Мургап району, Тажикстан.

Жаңыл Жусупжан: Мургабдык кыргыздар Хорог менен Дүйшөмбүнүн ортосунда чайналышат, өздөрүн өгөй баладай сезишет. Ошол эле Ага-Хан Кыргызстанда университет ачып жатат, демек памирлик кыргыздарга жакшыраак каралашса болмок эле да.

Макс Сегиелски: Памирликтер да өздөрүн өгөй баладай сезишет, мисалы, бир-эки жыл мурун өкмөт элдин аркарларды атышын токтоткон. Эми жергиликтүү кыргыздарга уруксат жок, памирликтерге да уруксат жок, аны борбордук өкмөт тартып алды. Акчанын баары борбордук өкмөткө кетет…

Жаңыл Жусупжан: Исмаилиттердин Ага Ханы бар, кыргыздарда Ага Хан жок, аларда эч ким жок… Кепти кайра Ошко бурсак. Сиз Ошто болгонсуз, эмнеге кыргыздар Курманжан Датканын башынан өткөнү тууралуу көп айтылбайт?

Макс Сегиелски: Курманжан Датканын кармалышы тууралуу бул окуя Громчевскинин китебинен башка жерлерде айтылган деп ойлобойм. Бирок ал так ушинтип жазат: “Биз Курманжан Датканы алып келдик, Скобелев болсо ага болгон сый-урмат менен сүйлөштү”. Болгону ушул – “орустар аларга сый көрсөтүштү”. Бирок ал аны дипломатиялык максатта жасаган.

Макс Сегиелскинин (оңдо) орус падышачыл армиясынын баскынчылыгын изилдеп, Мургапка келген кези.

Макс Сегиелскинин (оңдо) орус падышачыл армиясынын баскынчылыгын изилдеп, Мургапка келген кези.

Чындыкты эл билишин көп учурда каалабайбыз. Громчевски тууралуу да ошону айтса болот – өмүрүнүн акыркы 6 жылында Польшада жүргөндө ал өзүн падышанын атайын тыңчысы катары эмес, жөн гана изилдөөчү, этнограф катары көрсөткүсү келген. Чындыгында эле, анын алайлыктарды, кыргыздарды сүрөттөгөнү абдан этнографиялык десек болот. Кыргыздардын кыз узатуу, үйлөнүү салттарынын жол-жоболорун баяндаган.

Орустар “Европада биз азиатпыз, Азияда европалык боло алабыз” деп айтышат. Анын сыңарындай, Громчевски, мисалы, эки кызматчысы тууралуу көп жазыптыр – бири сарт, бири... чагатай болуптур. Ага 10 жылдай кызмат кылган ушул эки киши тууралуу алардын аттарын, каяктык, кандай экенин, ийне-жибине чейин сүрөттөйт.

Ошол эле мезгилде ал офицер жана дипломатиялык тыңчы болгон. Ал жөнүндө англиялык булактарда “абдан коркунучтуу тыңчы” деп айтылат. “Чоң оюндун” (“Большая Игра” же англ. Great Game – Британия, Кытай, Орусиянын ортосундагы Борбор Азия үчүн кармаштын тарыхый аталышы) заманында Бронислав Громчевски империялардын чоң кагылышуусунун бир оюнчусу болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG