Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

Салахутдиновду бошотууга ким кызыкдар?


Жогорку Кеңеш июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүн угууда, 2-июнь.
Жогорку Кеңеш июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүн угууда, 2-июнь.

Июнь окуясы боюнча айыпталган Жалалиддин Салахутдинов былтыр июль айында кармалып, кайра коё берилиши парламентте талашка түштү.

Былтыркы июнь окуяларына байланыштуу айыпталгандардын бири, Кыргыз Республикасындагы өзбек тектүүлөрдүн лидерлеринин катарында жүргөн Жалалиддин Салахутдиновдун коогалаңдан кийин кармалышы, кайра табышмактуу жагдайда бошотулушу тууралуу талаш кызып турган чагы. Июнь окуяларын иликтеген парламенттик комиссиянын кортундусун талкуу маалында депутаттар ошол кездеги күч органдарынын жетекчилерине суроо берип, Салахутдиновду ким, эмне себептен бошоткону тууралуу ачык жооп ала алышкан жок.

Салахутдиновду бошотуу сценарийинен

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев кол койгон ырасмий документке караганда, Жалалиддин Салахутдинов 2010-жылдын 24-июлунда Бишкектеги “Манас” эл аралык аба майданында “Бишкек-Ташкен” багытындагы учакка отуруу маалында кармалган. Андан соң ал Коопсуздук комитетинин Оштогу башкармалыгына тергөөгө алынып келинип, көп өтпөй комитеттин тергөө башкармалыгына берилген. 2010-жылдын 26-июлунда Башкы прокуратуранын талабы боюнча ошол кездеги башкы прокурор Байтемир Ибраев менен анын орун басары Виктор Ивановдун карамагына алынып келинген. Алар менен сүйлөшүүдөн кийин Салахутдинов бошоп кеткен.

Ушул тапта ал өлкө аймагында жок. Былтыр кармалып, кайра бошотулгандан кийин четке качып кеткени айтылат.

Айтмакчы, Салахутдинов кармалган соң аны менен акыркы болуп сүйлөшкөндөрдүн бири Виктор Иванов азыр Аскер прокурору, Башкы прокурордун орун басары кызматында.

Парламент депутаттары бул боюнча жаңы башкы прокурор Аида Салянованы териштирүү жүргүзүүнү, эмне себептен мурдагы башкы прокурор менен анын орун басары кармалган адамды коё беришкенин аныктоону талап кылышууда.

Кармалган адамды коё берген делип аткан Байтемир Ибраев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Салахутдиновдун бошотулушун айрым депутаттар саясатташтырып жатышканын, ал кармалган маалда аны камоо үчүн жетиштүү материалдарды тергөөчү таба албаганын билдирүүдө:

- Мага эч ким эч кандай көргөзмө берген эмес, “Салахутдиновду коё бер” деп. Ушуга чоң чекит коюп коюш керек да. Мен да эч кимге көргөзмө берген эмесмин, “Салахутдиновду камабагыла, бошоткула” деп. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Биз мындай иш-чараны жасап эле келатабыз. Мисалы, Жогорку Кенеште отурган депутаттардын канчасына кылмыш иши козголгон… Канчасын ошол Салахутдиновго окшоп чек арадан кармап келип, түшүнүгүн жаздыртып, анан “азырынча жүрүп туруңуз” деп коё берип аттык. Ал айрым депутаттар Нариман Түлеев, Төрөбаев, Марат Султанов ж.б. Менин толук эсимде жок азыр. Эмне үчүн аларды айтышпайт?

Ошондой эле Ибраевдин айтымында, Салахутдинов кармалганга чейин ага карата бир гана кеңсесинен ок-дарылар табылышы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Ал дагы байкоочуларсыз, айыпталуучунун өзүнүн катышуусуз жасалып калган. Ошол себептүү кармалган маалда ага карата олуттуу айыптоолор жок болчу.

Мамытов: Аны мыйзамсыз коё беришкен

Жогорку Кеңештеги июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов “Азаттыкка” билдиргендей, Башкы прокуратурага Салахутдиновду алып барган Коопсуздук комитетинин кызматкерин мурдагы башкы прокурор Ибраев менен анын орун басары Иванов кетирип жиберишкен. Андыктан бул боюнча башкы жооп берчү адамдар ушулар. Себеби 2010-жылдын 11-июнунда эле жарандардын өлүмүнө алып келген коога боюнча кылмыш иши козголгон. Анда өзбек тектүүлөрдүн лидерлеринин ысымы айтылган. Ошол себептүү өзбек тектүүлөрдүн маданий борборунун жетекчиси болуп турган Салахутдинов кармалган соң, аны кармап туруу керек эле:

- Салахутдинов кармалгандан кийин Байтемир Ибраев чакыртат, “Салахутдиновду алып келгиле мага” деп. Анан ошол кездеги орун басары Виктор Иванов экөө отуруп алып керелден кечке аны менен сүйлөшүшөт. Кечинде болсо Коопсуздук комитетинин офицерине айтышат, “Бул бошотулат, сиз болсо бошсуз, кете бериңиз” деп. Коопсуздук комитетинин офицери, бир капитан алып барган Салахутдиновду Башкы прокуратурага. Ошого айтышкан экен “Болду кайтарбай эле кой, кете бер” деп. Кийин ал жигит, ошол капитан бизге баяндама жазып берген ушул жөнүндө.

Депутаттык комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, мурдагы башкы прокурорго андан жогору жактан да буйрук берилген болуусу ыктымал. Буга чейин “Салахутдинов бошонуп чыгуусу үчүн 500 миң доллардай акча төлөптүр” деген маалымат чыгып кеткен. Токон Мамытов бүгүн ушул сыяктуу маалыматтар бара-бара негиздүү болуп баратканын айтууда. Байтемир Ибраев болсо андай көрсөтмөлөр болбогонун ырастоодо.

Эскерте кетсек, ал маалда баш мыйзам кабыл алынып, Роза Отунбаева президент болуп шайланып калган. 2010-жылдын 27-июнуна чейин сот жана прокуратура тармагын түздөн-түз Азимбек Бекназаров көзөмөлдөп турган. Андан кийин негизги көзөмөл Роза Отунбаеванын колуна өткөн. Депутаттык комиссия мүчөлөрү болсо башкы прокурорлукка Байтемир Ибраевди Азимбек Бекназаров алып келгенин, андыктан анын да жоопкерчилиги бар экенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG