Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Жакшы турмуштун белгиси - үстүңдөгү үй, астыңдагы ат, алган жарыңын кабагы менен кашы, үйдө томураңдап ойногон балдар деп билебиз. Үй оокатың илең-салаң болуп, тилеген тилегиң тескери кетсе, эртеңкини ойломок тургай бүгүнкүнүн айласын таппай отурсаң каяктагы ыр да, каяктагы музыка. Деле бактылуу элде той менен тамаша көп болот, элдин эң эле кадырлап, барктаган адамдары акындар менен жазуучулар, ырчылар менен артисттер эмеспи. Адабият менен музыканын да негизги темасы - сүйүү менен табият, ынтымактык менен достук, романтикалык маанай болот. Маселен, 60-70-жылдарда Кыргызстанда, жалпы эле Советтер Союзунда ошондой бир унутулгус кырдаал түзүлгөн. Элдин эң эле талашып-тартышып кеп кылганы Хрущевдун айлыгы же Брежневдин машина коллекциясы эмес, Рыспай Абдыкадыровдун ырлары, “Жамийла” повестинин темасы, “Сынган кылыч” романынын мазмуну, Чыңгыз менен Бүбүсаранын сүйүүсү болчу.

Ошондуктан ачык асман астындагы аянттарда же залдарда бала-чакасы менен келип опера угуп отурган европалыктарды көргөндө, маселен, менин ачык эле ичим күйөт, бактылуу эл деген ушул тура деген ой кетет.

Мен ошол 60-70-жылдарды кыргыз маданиятындагы “Күмүш кылым” деп атап келем. Ал эми ХХ жүз жылдык биздин тарыхыбыздагы "Алтын доор" эмей эмне. Ал доордун башында тоо булбулу Токтогул баштаган эл ырчылары, Муратаалы баштаган кыякчылар, Атай менен Муса баштаган ырчы-комузчулар, Калык, Алымкул жана Осмонкулдай төкмөлөр турган эмеспи. Ошол салтты, ошол даңазалуу катарды эң сонун улаган ырчылар Бектемир Эгинчиев, андан соң Канымгүл Досмамбетова, Экия Мукамбетов, Жапар Чабалдаев болуптур. Ушулардын ырын ырдап жүрүп бүтүндөй муундар өсүп-чоңойду. Ушулардын ырлары менен обондору Ала-Тоонун өзөндөрү менен капчыгайларын, тоолору менен талааларын жаңыртты, шыгыбызга шык кошуп, көңүлүбүздү көтөрдү. Ушул даңазалуу катардагы дагы бир чоң талант - Алайкуу өрөөнүнөн чыккан таланттуу ырчы жана обончу Жеңишбек Шамшиев го.

Айтылуу Алайкуунун атыр жыттуу абасын жутуп, кийигин кубалап, суусунун шарын, уларынын үнүн угуп чоңойгон Жеңишбек Шамшиев бала кезинен ырга ыктуу, комузга шыктуу, радиодон же патефондон эмне ыр же обон укса дароо илип алган, качан болсо комузу колунан түшпөгөн ышкыбоз болуп чоңоюптур. Бир тууган агасы Гадабай да аккордеон тартканды эртелеп үйрөнүп, иниси Жеңишбек менен чогуу ырдап-чоорлоп, айтор, эки бир тууган кээде эртеден кечке, керек болсо таң агаргыча бир үй менен жык болуп ыр ырдашчу экен. Алардын атасы Шамши аке Алайкуудагы абдан абройлуу кызматкер, жалпы аймакка аты белгилүү аттуу-баштуу инсан болсо да, балдарынын шайыр чоңойгонуна, ыр менен күүгө жакын өскөнүнө жетине албай сүйүнүп, аларды ар дайым эркине койчу экен. Мектепти бүткөндөн кийин экөөнү тең Фрунзеге чоң окууга жөнөтүп, билим алганга байбичеси Бүбүкан экөө бардык шартын түзүп бериптир.

Жеңишбек Шамшиевдин ырчы катары атагы 60-жылдары чыкты. Биринин артынан экинчи чыккан “Арнадым көлдүн жээгинен”, “Таарынба”, “Эсиңдеби”, “Угузчу бир сөз” сыяктуу обондору тез эле элдин калың катмарына жетип, эң эле популярдуу ырларга айланып, Шамшиевдин аты Канымгүл Досмамбетова менен Жамин Акималиевдин, Экия Муканбетов менен Асек Жумабаевдин, Жапар Чабалдаевдин катарына туруп калды. Бир айырмасы Жеңишбек Шамшиев жалаң эле комуз менен эмес, агасы Гадабайдын аккордеонун да кошуп ырдачу, натыйжада мурункудан да мыкты музыкалык угумдуулук жаралган эле. Ырас, ал кезде Рыспай Абдыкадыровдун ырчылык доорону сүрүп, аккордеон нака улуттук аспапка айланып калган кез. Ошол катардан калбай, Жеңишбек Шамшиев да аккордеондун коштоосунда ырдап жүрдү, аккордеон үчүн обон да чыгарды. Бирок чынын айтыш керек, Жеңишбек аганын күчтүү жагы, мыкты жагы комуз менен ырдоо эле, комуз менен ыр чыгарып, кереметтей кооз үнү менен керек болсо ошол эле Экия Муканбетовдун, Бектемир Эгинчиевдин, Жамин Акималиевдин ырларын аткарып берүү эле.

Жеңишбек Шамшиев Алайкуу өрөөнүнүн Терек айлында 1945-жылы 13-майда туулуп, ошол себептен аты Жеңишбек коюлуп, мектепти да ошол жерден аяктап, жогорку окуу жайды кийин Фрунзеден бүттү. Ал кездеги Алайкуунун шартында музыкалык билим алуу, атайын музыкалык мектепке баруу эч бир мүмкүн эмес эле. Ал эми орто мектепти бүтүп, бойго жеткенден кийин музыкалык билимди жаңыдан баштоо кандайынан караганда да кыйын нерсе болчу. Ошол себептен Жеңишбек ага Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүрүүгө туура келди. Кесиби экономист болгондон кийин ошол эле Алайкууда, кийинчерээк Совет районунда, азыркы Кара-Кулжада экономисттик кесибин улантты. Бирок музыкасыз, ыр менен күүсүз жашоо Жеңишбек аке үчүн абасы менен суусу жок жашоо менен тең эле. Ошондуктан өмүр бою колунун комузу, моюнунан аккордеону түшкөн жок. Чыныгы элдик ырчы атанып, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наамга татыктуу болду.

Жеңишбек Шамшиев 2012-жылы катуу оорудан кийин 67 жашында каза болду. Бирок анын калтырган музыкалык мурасы, татынакай обондору дале болсо эл оозунда, ырчылардын репертуарында күнү бүгүнкүдөй жашап келатат. Учурда ырчынын кичи мекени Алайкууда Жеңишбек Шамшиев атындагы музыкалык мектеп бар, ал мектепте ырга шыктуу, күүгө ышкыбоз жаштар билим алышууда. “Өзүң элсөң да сөзүң өлбөсүн” деген кеп ушундан улам айтылып калса керек го.

Акырында айта кете турган дагы бир сөз. Улуу кинорежиссер Төлөмүш Океевден эгер эл жашабаган ээн аралга кетүүгө түүра келсе, жаныңызга кайсы музыкалык чыгарманы ала кетет элеңиз деп сурашкан экен. Ошондо Төлөмүш ага кыска гана: “Жеңишбек Шамшиевдин ырларын алмакмын” деп жооп кайтарган экен…

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG