Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Кыргызстан, Тажикстан ага удаа Азербайжан Москвага бул өлкөлөрдөгү аскердик жайлары үчүн тийиштүү акча төлөшү керектигин эскертишти. Кремлдин айтканын жазган москвалык басылмалар мындай билдирүүлөрдү катуу сындап жатышса, көз карандысыз эксперттер мурдагы советтик өлкөлөр 20 жылдан кийин гана өз эгемендигин чындап көргөзө баштаганын айтышат. “Азаттыктын” апталык "Өңүт" программасы ушул маселени талдайт.

23-25-февраль күндөрү Москвага иш сапары менен барган кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Орусия Кыргызстандагы аскердик жайларынын ижара акысын төлөбөй келатканын ачык айтты. “Эхо Москвы” радиосуна берген интервьюсунда Атамбаев "Орусия ижара акысын төрт жылдан бери төлөбөгөн аскердик жайлардын бизге эмне кереги бар?" - деген суроо салды.

Атамбаевдин айтканын жерге таштабай, Орусиянын расмий өкүлдөрү да чын эле Кыргызстанга 4 жылдан бери төлөнбөй калган 15 миллион доллардай карыз акчаны жакын арада Коргоо министрлиги котормой болгонун ырасташты. Бирок ушул эле билдирүүдө Кыргызстандын Орусияга 500 миллион долларга жакын акча бересеси эскертилип, маселе чынында бир кыйла татаал экени айтылат.

Кремлдин көзүн караган бир катар москвалык басылмалар “Кыргызстандын президенти Атамбаев орусиячыл саясатчы деп эсептелчү эле. Бул ирет ал Москвага дооматын артып, “керек болсо пайдасы жок аскердик базаларды чыгарып салуу керек” деп айтканын жарыша жазып чыгышты. Лента.ру, Росбалт.ру сыяктуу маалымат агенттиктери өзүлөрүнүн аябай ишеничтүү булактарына шилтеме жасап,“Кремлдеги чоңдор Атамбаевдин айткандарына ачууланды” деп билермандык кылышты. Алардын логикасын ээрчисек, Бишкек Орусиянын аскердик жайлары, же аларга төлөнө турган ижара акы тууралуу ооз ачууга укугу жок экен.

Анткен менен, кыргыз президентинин Москвадагы билдирүүсү дем бердиби, айтор ага удаа 28-февраль күнү Тажикстандын Орусиядагы элчиси Москва Тажикстандагы аскерий жайларды пайдаланганы үчүн акча төлөшү керектигин айтып чыкты. Элчи Абдулмажит Достиев “Азаттык” радиосу менен болгон маегинде Тажикстан азыр 1990-жылдардагыдай өз тагдырын өзү чече албаган өлкө эмес деп басым жасады.

Элчи Абдулмажит Достиев

Элчи Абдулмажит Достиев

“Тажикстандын элчиси катары эмес, жөнөкөй жараны катары айтсам, азыр дүйнөдө эч ким алакандай жерин да бирөөнө бекер эле кармата салбайт. Орусия Тажикстандагы аскердик жайларды пайдалануу мөөнөтүн дагы 49 жылга узарткысы келсе, тажик бийликтери ал үчүн 300 миллион долларлык ижара акы төлөнүшүн, же ошого барабар аскердик техникалык жардам көрсөтүлүшүн каалайт”, - деп белгиледи Душанбенин Москвадагы элчиси.

Достиев андан ары маегин улантып баратып, Орусия жок дегенде суралган каражаттын ондон бирин төлөсө да жаман болбос деп шүгүрчүлүк кылат. Элчинин антип айтышында да жүйө бар, анткени ушуга дейре Орусия Тажикстандагы аскердик жайларды ижарага алганы үчүн бир тыйын да төлөбөптүр. Москва ал жайларды экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери тынымсыз пайдаланып келатат. Тажикстан көз карандысыздыгын жарыялагандан тарта ал жерде ооган-тажик чек арасын кайтарууга жардам көргөзгөн орус аскерлери кызмат өтөп келген. Тажик армиясы ал чек араны өз көзөмөлүнө өткөрүп алганына быйыл 7 жыл толот. Ага карабастан, Орусиянын 7 миңдей аскери азыр да Тажикстанда кызмат өтөп, Москванын чет жердеги эн чоң контингенти эсептелет.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объекти жайгашкан. Алар Канттагы авиабаза, Ысык-Көлдөгү торпедолорду сыноочу жабык жай, Орусиянын аскердик деңиз күчтөрүнүн байланыш бөлүгү жана согуштук байланыш күчтөрүнүн сейсмикалык станциясы. Канттагы базадан башкасы советтик доордон бери үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Аларды пайдаланганы учун Москва буга дейре Кыргызстанга канча каражат төлөгөн? - деген суроону Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго узаттык.

- 1990-жылдары келишим түзүлгөн. Ошол келишимдин негизинде Канттагы, башка базаларга алар акы төлөшөт. Жылына 4 миллион 489 миң доллар. Ошол келишимде бул акчага Орусиянын аскерий окуу жайларында курсанттарды окутуу жана аскердик техника менен курал берүү жөнүндө жазылган. 2005-жылга чейин Орусия окуган балдар үчүн гана төлөп келген. 2005-жылы А.Акаев кеткенден кийнин балдардын санын кыскартып, үнөмдөлгөн каражатка аскердик техникаларды сатып алалы деген саясатты мен министр катары жүргүзгөм. Курсанттарды бекер окутууга жетишип, үнөмдөлгөн акчага аскер куралдарын сатып ала баштаганбыз. Бирок 1990-жылдары келишимге кол коюлгандан тартып ижара акысы ошол бойдон калууда. Албетте, азыр нормалар башка, ага ылайык акынын өлчөмү көбөйүшү керек болчу.

Кант базасындагы орусиялык учактар машыгууда. Сүрөт 2003-жылы тартылган

Кант базасындагы орусиялык учактар машыгууда. Сүрөт 2003-жылы тартылган


Канттагы база тууралуу кызык нерсе – ЖККУнун базасы деп калды. Базанын суу, телефон, коммуналдык кызматтарынын акысын Кыргызстан төлөйт. Мындай нерсени дүйнөнүн башка жеринен таппайсыз. Мурун мен министр кезимде бул чыгымдар жылына 15-16 миллионго жакын каражатты түзчү. Азыр төлөмдөр көтөрүлгөндөн кийин канча акча төлөнөөрүн айта албайм.


Жагдай ушундай экен. Москва Кыргызстандагы аскердик жайлары үчүн ижара акыны акчалай түрүндө эмес, балдарды окутуп берип, айрым учурда техника, аскердик жабдык берип эсептешип келген. Кыргыз президенти аскердик жайлардын ижара акысын тактап, буга чейинки карызды төлөп берүү керектигин айтканы үчүн Кремлдин көзүн караган маалымат каражаттары аны төө бастыга алышты. Анткен менен Москвалык көз карандысыз эксперттер башкача көз карашын билдирүүдө.

КМШ өлкөлөрү институтунун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Грозиндин "Азаттыкка" курган маеги:



Кыргызстан, Тажикстан Орусиянын аскердик базалары үчүн акча төлөнүшү керектигин айтты эле, 2-мартта Азербайжандын коргоо министрлиги Москвадан бул өлкөдөгү аскердик станциясынын ижара акысын көтөрүүнү талап кылганы кабарланды. “Московские новости” гезити жазгандай, Москва КМШ өлкөлөрү менен мурдагыдай “мышык-чычкан” оюнун жүргүзө албайт. Аскердик болобу, башка маселеде болобу, ортодогу мамилелерде жаңы эрежелер киргизилиши керек.

Президенттик шайлоо менен алек орусиялык жетекчилер азырынча жаңы эрежелер боюнча өз пикирин айта элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG